Кондильяк, Этьен Бонно де

Википедия дан
Кондильяк.

Кондильяк, Этьенн Бонно де (1715—1780) — француз Агартуусунун эң ири өкүлдөрүнүн бири. Греноблде туулуп, Парижде семинарияны бүтөт да, аббат деген наам алат, бирок дин кызматынан баш тартып, философия жагында иштөөнү тандап алат. Руссо жана Дидро менен тааныш болгон, алар Кондильякка дүйнө көз караш жагынан зор таасир көрсөтүшкөн. Ошондой эле Вольтер, Д'Аламбер, Гельвеций, Гольбах, Тюрго жана башка философ-агартуучулар менен да тааныш болгон.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кондильяктын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Адамзат билимдеринин пайда болушу жөнүндө тажрыйба» (1746), «Системалар жөнүндө трактат» (1748), «Туюм жөнүндө трактат» (1754), «Принц Пармскийди окутуу боюнча сабактардын курсу» (1775), «Логика» (1780).

Философиясынын негизги маселелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кондильяктын философиясынын негизги маселелери — гносеологиялык маселелер. Ал Локктун сенсуализмине таянат, бирок аны андан ары өнүктүрөт. Бүткүл адамзат билимдеринин сезимден келип пайда болушу жөнүндөгү сенсуалдык принцип Локк тарабынан аягына чейин толук чечилген эмес деп эсептейт. Кондильяктын пикири боюнча, Локк рефлексияны туюм менен бирдей эле билимдердин өз алдынча булагы катарында карайт, бул болсо туура эмес. Кондильяктыкы боюнча, рефлексия да туюмдай эле тажрыйба аркылуу кабылданат. Кабылдоонун, назар салуунун, ой жүгүртүүнүн бардык көрүнүштөрү, эрк актылары туюмга келип такалат. Анын статуя жөнүндөгү келтирген мисалы кеңири белгилүү. Алсак, ал мындай деп жазат: көз алдыңа статуяны элестет, ал статуя туюмдун бардык ар түрдүү жөндөмдүүлүктөрүнө — жыт сезүү, угуу, даам татуу, көрүү, дене сезими сыяктуу жөндөмдүүлүккө акырындык менен ээ боло берет. Ушуну менен эле бирге ал баардык интеллектуалдык функцияларга да ээ боло берет, эң эле ар түрдүү мүнөздөгү таасирлерди кабылдоо жөндөмдүүлүгүнө да ээ болот. Ошентип, Кондильяк өзүнүн алдына койгон негизги милдет — биздин бардык билимдерибиз жана бардык жөндөмдүүлүктөрүбүз сезимден, тагыраак айтканда, туюмдан кандайча пайда болорун көрсөтүү болгон. Өзүнүн гносеологиясын ал «туюм теориясы» деп атаган.

Тааным тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кондильяк тааным жөндөмдүүлүгүнүн генезисиндеги рационалдык концепцияга каршы чыгат жана бул жөндөмдүүлүктүн тубасалыгын таанууга карай болгон ар кандай умтулууну четке кагат. Ал бардыгын туюмдан алып чыгарууга болот деп эсептеген жана муну ал өзүнүн сиңирген эмгеги катарында көргөн. Таанымдын пайда болуу процессин ал төмөнкүчө сүрөттөп жазат: «Биз адегенде кабыл алуудан баштайбыз, андан соң аны боолгоп-баамдайбыз (осознаем). Андан кийин биз кээ бир кабылдоолорду күчтүрөөк баамдай баштайбыз, мындай баамдоо ынтаага (вниманием) айланат. Мына ушундан улам, идеялар байланышып, куралган убактан тартып биз мурда кабыл алган кабылдоолорду баамдап-түшүнөбүз да, өзүбүз ошол кабылдоолорду кабыл алган адам экенибизди баамдайбыз, бул болсо эскерүүнү түзөт. Ал эми жан бирде өзүнүн эстегилерин жандандырып, бирде кайра сактап турганда, жан алардын белгилерин (знаки) гана эскерет (вспоминает) — ал белгилер элестетүү, жөн-жай байкоо, эстөө (воображение, созерцание, память); эгерде жан өзүнүн ынтаа коюусун өзү башкарып турса, анда бул ой жүгүртүү болот. Дал ой жүгүртүү баарын айырмалайт, салыштырат, айкалыштырат, жиликтейт жана талдайт, анткени бул ынтааны (көңүлдү) башкаруунун ар түрдүү ыктарынын дал өзү.

Табийгый ырааттуулуктун жолу менен жүрө мындан келип ой жүгүртүү (суждение), ой-пикир (рассуждение) түзүү, түшүнүк жана булардын баарынын жыйынтыгы болгон — акыл-эс жаралат» [Чыгарм. 1-т. 118-6.].

Кондильяк, биздин идеяларыбыздын кандайча пайда болгонун иликтеп билүүбүз керек, алардын калыптанышынын жүрүшүн баамдап алышыбыз керек, ал эми татаал идеяларды жөнөкөй идеяларга ажыратып бөлүшүбүз керек деп эсептейт. Анализ өзүнө синтездин элементтерин: идеяларды айкалыштырууну жана аларды салыштырууну да камтыйт.

Номиналисттик көз караш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кондильяк номиналисттик көз карашты жактаган, ал жалпы түшүнүктөр дегенибиз жок нерсе, алар биздин акыл-эсибизде аталыштар түрүндө гана жашап турат, булар да белгилер катарында гана жашайт деп эсептеген. Ал тил табийгый түрдө келип пайда болгон деген пикирди туткан жана анын келип чыгышы алгачкы жамааттык адамдардын өтө зарыл керектөөлөрү менен байланыштуу, үндөрдүн жана жаңдоо-ишаралардын негизинде акырындык менен сөз пайда болгон. Даана айтылган сөздөр белги катарында чыккан, бул белгилер түшүнүктөрдү жаратуу үчүн пайдаланылган. Ар кандай тил, деп эсептейт Кондильяк,— анализ болуп саналат жана ар кандай анализ тилдин түрү болуп саналат.

«Эсептеп чыгаруунун тили» (анын көзү өткөндөн кийин жарыкка чыккан) деген эмгегинде Кондильяк сан нукура анализдин формасы болуп саналат деп ойлойт. «2=1+1» деген жөнөкөй сүйлөм ойломдун бүткүл сырын камтып турат жана ал көнүгүүлөрдүн үзгүлтүксүз катарын билдирет деген негизги жобого таянат.

Кондильяк философиянын андан ары өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген. Ал француз материалисттерине да маанилүү таасир көрсөтүп, ассоциативдик психологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]