Консерватория

Википедия дан
Н. А. Римский-Корсаков атындагы Санк-Петербург мамлекеттик консерватория: азыркы көрүнүшү

Консерватория(италиянча тилинде conservatorio деген сөздөн алынып түп мааниси баш калкалаар жер (орус. приют) - ал эми латын тилинде conservo - (орус. сохраняю) сактоо, сактап туруу - атайын музыкалык адистерди даярдоочу жай деген маанини билдирет) - Италияда VI кылымда Рим шаардын көчөлөрүндө кароосуз калган жетим балдарды баш калкалатып музыкага үйрөткөн (орус. приют) жайларды консерватория деп атай башташкан.



Консерватория тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи консерваторияны Джованни Тапия 1537 жылы Неополеде ачкан. Эң мурун бул жетим балдарды жана тарбиясыз балдарды багуучу жай болгон. Ал жерде балдарга тамак берип, кийинтирип жана ар түрдү кол өнөрчүлүкө окуткан. Дагы көптөгөн Италиядагы ибадатканаларга хор ырдоочулар талап кылынган. Ушул себептен баштап ысымы консерватория болуп калган.

XVI жана XVII кылымдардын аралыкгында Италияда көп баш калкалаар жерлер (орус. приют ) ачылган. Бара-бара аларда музыка үйрөтүү негизги максаты болуп калган, ошондуктан консерватория ысымы озүнүн баштапкы маанисин жоготуп, музыка окутуучу окуу жайы маанисине ээ болгон.

Н. А. Римский-Корсаков атындагы Санк-Петербург мамлекеттик консерватория 1913 ж.

Кийинки жүз жылдыкта Италиянын консерваториялары, атагы чыккан таланттуу музыканттарды–аткаруучуларды, композиторлорду, ырчыларды тартуулап, чет элдиктердин көңүлүн өзүнө бурган. Консерваторияда башка европалык музыканттар да билим алышкан. Францияда эң алгачкы консерватория 1795-жылы Орусияда 1862-жылы ачылган.

Орус Консерваторияры өзүнүн профессионалдык деңгээли жогору адистерин дүйнөгө таанымал таланттуу композиторлорду, аткаруучуларды даярдоосу менен башкалардан айырмаланган. Бул жерде атактуу композиторлорЧайковский, Н. А. Римский-Корсаков, С. И. Танеев, А. К. Глазунов, А. К. Лядов ж. б. эмгектенишкен.

Кыргызстан консерваториясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда консерватория Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун эки факультетинин базасында Президенттин указы менен 1993-жылдын Кулжа айынын 23-күнүдө ачылган. Бугу айынын 25-күнү 1998-жылы жогорку окуу жайына “Мамлекеттик” деген статус ыйгарылган. Кыска убакыттын ичинде консерватория 500-дөн ашык жогорку квалификациялуу адистерди даярдады.

Бүгүнкү күнү бул окуу жайда 4 факультет 14 кафедра бар. Алар пианисттер, вокалистер, симфониялык жана кыргыз элдик аспаптарда аткаруучулар, эстрадалык артисттер, хордун жана оркестрдин дирижерлору, композиторлор, музыка таануучулар, балетмейстрлер даярдалат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004