Консорция

Википедия дан

Консорция, борбордук түр (лат. Consortium – коомдоштук) - биоценоздун автотрофтук жана гетеротрофтук организмдерди мейкиндик жана азыктануу байланыштары боюнча бириктирген структуралык бирдиги. Эдификатор дарагы же алардын тобу консорцияга мисал болуп эсептелет. Ал дарак менен фитофагдар, алардын мителери, микориза козу карындары, эпифиттер, уялоочу канаттуулар байланышта болот. Консорция жөнүндөгү түшүнүктү ХХ кылымдын 50-жылдарында В. И. Беклемишев аныктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4