Контузия

Википедия дан

Контузия (лат. contusio — оорутуп (сүрдүрүп)) — бүт дененин же анын көпчүлүк бөлүгүнүн катуу урунуунун, күчтүү жарылууда болгон аоанын согуу толкунунун таасиринен организмдин жалпы жабыркашы. Ошондой эле катуу жыгылганда, кишини шагыл, кум басып калганда, суу астындагы жарылууда суунун толкуну урганда да контузия болушу мүмкүн. Анда жабыркаган киши акыл-эсин жоготот. Жеңил түрүндө эстен тануу кыска мөөнөт (бир нече минута) болуп, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын функциялары бузулбайт.

Контузиянын оор түрүндө акыл-эстен тануу бир нече сааттан суткага чейин созулуп, жүрөктүн иштеши, дем алуу бузулуп, кээде кома болушу мүмкүн. Кайра эсине келгенде дайыма баш айланып, ооруйт, жакшы укпай, сүйлөй албай, кээде дүлөй-дудук болуп калышы мүмкүн. Катуу контузиядан кийин көп убакытка чейин киши чарчап, өзүн начар сезет. Өзгөчө мээнин чайкалышы оор болот, мээге кан куюлганда шал болушу мүмкүн. Контузиянын оордугуна карабастан оорулууну абайлап замбилге салып, жакын жердеги ооруканага жеткирүү зарыл. Кан агууда — кан токтотмо буугуч, жараатта — таңуу, сыныкта транспорттук иммобилизация колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8