Коом менен мамиле түзүү

Википедия дан

Коом менен мамиле түзүү кыскартылганда ПР, ПиаР, пиар (анг. «Public Relations») – коом менен мамиле түзүү, коомдун бирдиктүү аракети. Негизинен кандайдыр бир жеке адам, корпорация, мамлекеттик мекеме, кайрымдуулук фондунун идеясын, өкүлчүлүгүн; белгилүү бир адамдын образын же соода түйүндөрү ж. б. чыгарган продукция, товардын керектүүлүгүн коомчулукка жагымдуу кылып тартуулоо үчүн аткара турган (аткарылган) технология, атайын ишмердүүлүктү түшүндүрөт. Байыркы Шумер, Кытай, Вавилон, Греция, Рим жана орто кылымдагы мамлекеттерде бийлик башындагы адамдарды даңазалоо же динге ишендирүүдө пайдаланылган. Азыркы мезгилде коом менен кандайдыр бир уюмдун ортосунда мамиле түзүү максатын көздөйт, б. а. бир товар же киши, компания, окуя тууралуу коомдук көз карашты түздөө, кызыктыруу, тартуу, бир багытка салуу милдетин аткарат. Акыркы убакта атааңдаш партия, топ, айрым кишилерди баркын түшүрүү үчүн «каралоо (калп айтуу, фальсификациялоо) пиары» да кеңири колдонулат. «Павлик Рилейшниз» пресса, телевидение, радио, жергиликтүү ММК аркылуу ишке ашырылат жана реклама, журналистика, үгүт-насият, маркетинг, менежмент сыяктуу түшүнүктөр менен тыкыз байланышта болот.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[Блэк С. Паблик рилейшнз. Что это такое?—М.: Новости, 1990]