Коомдук саясат институту

Википедия дан

Коомдук саясат институту (IPP) - Кыргызстандагы коомдук бирикме.


Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коомдук саясат институту (орусча - Институт общественной политики, англисче - The Institute for Public Policy, IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген.

Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.

2005-жылдын сентябрынан бери иштеп жаткан Коомдук саясат институту (IPP) коомдогу саясат тажрыйбасын калыптандырууга көмөк көрсөтүүгө жана мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун, ЖМК жана бизнес-түзүмдөрдүн конструктивдүү өз ара аракеттенүү механизмдерин камсыз кылууга чакырылган көз карандысыз талдоо жана изилдөө борбору болуп саналат.

IPP өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдарга зарыл эксперттик колдоо көрсөттүү менен белгилүү бир тараптын гана кызыкчылыгын жактабайт.

IPP – бул бардык кызыкдар тараптар үчүн бириктирүүчү форум. Ал өкмөттүн өкүлдөрүн, оппозициянын лидерлерин, жарандык секторду жана жалпыга маалымдоо каражаттарын бардык тараптардын таламдарына жооп берген форматта бир жерге топтойт.

IPP иш-чаралары жеткиликтүү натыйжага жетишүүнү көздөйт. Саясый окуяларга мониторинг жүргүзүүдөн жана маселелерди талдоодон тышкары Институт кызыкдар тараптар үчүн ачык-айкын сунуштарды иштеп чыгат.

Негиздөөчүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коомдук саясат институту (IPP) мурдагы КР тышкы иштер министри, Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи, азыркы ШКУнун Башкы катчысы Муратбек Сансызбай уулу Иманалиев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Чынара Шарше кызы Жакыпова тарабынан негизделген.

Коомдук баа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылы Коомдук саясат институту (IPP) Шанхай коомдук илимдер академиясына караштуу Аналитикалык борборлорунун аныктамасы боюнча дүйнөнүн белгилүү 36 “акыл борборлорунун” катарына кирген.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]