Кош капкалуу моллюскалар

Википедия дан

Кош капкалуу моллюскалар (лат. Bivalvia) — омурткасыз жаныбарлардын моллюскалар тибинин классы. Узундугу бир нече ммден 1,5 мге, салмагы 30 кгга чейин жетет. Башы жок, оозунда эки жуп калакчасы бар. Карынында туюк өсүндү болуп, ичиндеги кристалл бутакчасы азык сиңирүүгө жардамдашат жана анаэроб шартында жашаган моллюскаларды кычкылтек менен камсыздайт. Жүрөгү үч камералуу, кан айлануусу туюк эмес, бөйрөгү экөө, нерв системасы 3 жуп ганглийден турат. Сезүү органдары начар өнүккөн. Денесинин сырткы эки капталы капка (раковина) менен капталган. Капкалардын курсак жак четтери ачылып, жабылат, жон жагы бири бирине тиш-тиш болуп ашташкан. Капканын ички бети седеп заты менен жылмаланып, жалтырап турат. Моллюсканын денесинин сыртынан жаап турган мантиясы (кементайы) бар. Кээ бир түрлөрү бермет пайда кылат. Деңизде жана тузсуз сууларда топуракка көмүлүп, кээси бош же субстратка бекип жашайт. Суунун түбүндөгү детрит, планктондор менен азыктанат. Булар дүйнөлүк океандарда кеңири тараган. 14 түркүмү, 130 тукуму, 1000дей уруусу, 20 миңдей түрү бар. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештигинин деңиздеринде жана сууларында 400дөй түрү кезигет. Кош капкактуу молюскалардын көпчүлүгү айрым жыныстуу, кээ бири — гермафродиттер. Промыселдик мааниси бар: устрица, мидиялар тамак катары пайдаланылат, айрымдарынан бермет алынат. Көпчүлүгү деңиз түбүндөгү жаныбарларга жем. Кош капкактуу молюскалардын айрымдары жыгачты, ташты тешет, кемелерге, гидротехникалык курулмаларга зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]