Кратер
Wikipedia дан
Кратер – 1) Айдын бетиндеги алкак сымал тоолор; 2)метеорит Жерге түшкөн кезде Жердин бетинде пайда болгон оюк; 3) жанар тоонун чокусундагы же капталындагы ороо, аяк сымал терең чуңкур; диаметри бир нече мден бир нече кмге чейин.
Кратерлерге астрономдордун жана математиктердин аттары коюлган. Мис., Кеплер, Коперник, Ньютон жана башка.
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов