Креационизм

Википедия дан
Креационизм.

Креационизм (лат. creatio-түзүү) – түрлөрдүн туруктуулугу жөнүндөгү концепция. Ал түрлөрдүн көп түрдүүлүгүн кудайдын чыгармачылыгынын жыйынтыгы катары түшүндүрөт. К. ХVIII к-дын аягында ХIХ к-дын башында организмдердин морфол., физиологиялык изилдөөлөр менен катар эле алардын көбөйүүсүн, жеке өөрчүүсүн изилдөөнүн негизинде трансформистик көзкарашты четке кагуу менен түзүлгөн. Түрлөрдүн туруктуулугу жөнүндөгү идеанын жактоочулары (К. Линней, Ж. Кювье, Ч. Лайель) түрлөр реалдуу тиричилигин өткөзүшөт жана алар туруктуу, дискреттүү, ал эми алардын өзгөргүчтүгү бир гана чекте жүрөөрүн далилдеп келишкен. К. Линнейдин оюу боюнча «тиричилик» пайда болгондо канча түр пайда болсо, ошончо түр өзгөрүүсүз – азайбай, көбөйбөй тиричилигин өткөзөт - деп келген. Ж. Кювье катастрофалык теорияны түзгөн. Креационистик көзкараштар ХIХ к-дын 60-ж. чейин биологиялык көзкараш катары каралып келген. Бүгүнкү күнү бул идея философиялык идеалистик доктриналарда гана эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]