Крекинг

Википедия дан

Крекинг – нефтини жана анын оор фракцияларын жогорку темп-рада кайрадан иштетип, кичине мол-лык массалуу заттарды алуу. Крекинг биринчи реакциясында – С-С –байланышы үзүлүп, Н×, СН3×,С2Н5× радикалдары жана алкендер алынат. Радикалдар баштапкы углеводород мол-сы менен аракеттенип, Н2, СН4, С2Н6 пайда кылуу менен бирге чынжырлуу реакция андан ары уланат. К. дегидрирлөө, изомерлөө, полимерлөө жана конденсация процесстери да жүрөт. Процесстер термиялык жана катализдик болуп бөлүнөт. Реакцияда газдар, суюк углеводород жана кокс алынат. Гудрон 500-600оС 60-70 % чейин нефтинин жеңил продуктулары, 20 % чейин кокс алынат. Нефтинин жеңил продуктуларын кайра иштетүүдө мотор отуну алынат. Ал эми кокс болсо, электродду даярдоодо колдонулат. 600-700оС нефтинин оор продуктуларынан 50 % чейин этилен, пропилен жана ароматтык углеводород алынат. Бул заттар хим. ө. ж-да баштапкы сырьё катары колдонулат. Катализдик К.-катализатор катышуусунда, нефтинин кээ бир фракцияларын абасыз шартта 450-520оС,

2-3 атм. басымда ысытып бензин, дизель, керосин, газойль фракциялары алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]