Круп

Википедия дан
Круп

Круп — колконун жабыркашы. Круп көбүнчө балдарда, айрыкча 1 жаштан 5 жашка чейин болот. Чыныгы жана жалган круп деп айырмаланат.

Оорудун белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Крупта коконун былжыр чели сезгенип, шишийт. Дем алганда сезгенген былжыр чел дүүлүгүп, булчуңдары жыйрылат да, коко ичкерип, дем кыстыгат, үн байламталары сезгенгендиктен үн каргылданып, какылдап жөтөлөт.

Чыныгы жана жалган круп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыныгы круп кептөөр менен ооруганда болот. Үн кырылдап бара-бара чыкпай калат, ал эми бир жумадан кийин дем алуу бузулат. Дем алганы алыстан угулуп, дем кыстыгып, бала көгөрө баштайт, туйлайт, алы кетип, жүрөк иши начарлайт, эгерде өз убагында жардам көрсөтүлбөсө, өмүргө коркунуч туулат. Жалган круп грипп, сасык тумоо, кызамык, скарлатина, суу чечек, стоматитте болушу мүмкүн. Кээде круп бул оорулардын биринчи белгиси болот. Кептөөрдөн болгон круптан айырмасы дем алуу күтүлбөгөн жерден начарлайт. Көбүнчө бала сопсоо эле жатып, түн ичинде ойгонот, жөтөлөт, деми кыстыгат. Жалган крупта үн бузулбайт, дем кыстыгуу бат тарайт же бир нече саатка созулат. Приступ кийинки суткада кайталанышы мүмкүн.

Круп байкалары менен медициналык тез жардам чакыруу зарыл. Догдур келгенче бөлмөгө таза аба киргизип, жылуу суюктук ичирип, бутун жылуу ваннага салып, кекиртектин тушуна жана көкүрөгүнө горчичник коюу керек". Чоңураак балага сода эритмесинин буусу менен (1 л сууга 1 чай кашык ичилүүчү сода) ингаляция жасаган оң. Крупта сөзсүз ооруканага жаткыруу керек, себеби приступ кайталанышы мүмкүн. Ошондой эле Ларингит макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8