Крымов, Николай Петрович

Википедия дан

Крымов, Николай Петрович (1884–1958) – советтик живописчиси-пейзажист жана театр сүрөтчүсү (1956). СССР сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1949). Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчество окуу жайынан билим алган (1904–11). “Көгүлтүр роза” көргөзмөсүнүн катышуучусу (1907). Ал Вхутемаста (1920–22) жана “1905-жылды эскерүү” сүрөт окуу жайында (1934–39) сабак берген. Ачык колориттүү декоративдүү жалпылашкан бир нече композицияны жараткан (“Чагылган”, 1908; “Сары сарай”, 1909; “Сууга түшкөн аялдар”, 1910). К. синтездүү пейзаж-картина жаратууга умтулуп, образдык түзүлүштүн эмоциялуу бирдиктүүлүгүнө жетишкен (“Суу”, 1926; “Борбордук парктагы таң...”, 1937; “Тарустагы жай күнү”, 1940). К. МХАТта А. Н. Островскийдин “Жалын жүрөк” (1926) жана “Таланттар жана таазим кылуучулар” (1933), Л. Леоновдун “Унтиловск” (1928) спектаклдерин жасалгалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]