Кубаныч Акаев

Википедия дан

Кубаныч Акаев (1919-жылы 7-сентябрда Кемин районунун Кызыл-Суу айылында туулган - 1982-жылы 19-майда дүйнөдөн кайткан) - акын.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасынан эрте жетим калып, балалык чагы балдар үйүндө өтөт.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал өзүнүн чыгармачылык ишин 1939-1942-жылдары "Кызыл Кыргызстан", "Кыргызстан пионери" газеталарында иштеп жүргөндө баштаган.
1942-1947-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитетинин адабий-драма бөлүмүнүн башкы редактору, бир эле мезгилде Фрунзедеги хроникалык-документалдуу киностудиясында башкы редактор, андан кийин "Ала-Тоо" журналынын жооптуу катчысы, "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабият редакциясынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Акындын биринчи китеби "Жылаажын" деген ат менен 1941-жылы жарыкка чыгат.
Китептин биринчи бетин ачканда эле:
Жазамын калем менен турмуш сырын,
Жагымдуу өз элиме чындык ырын.
Жыргалдуу гүл турмушта ойноп-күлүп,
Жазамын күбө болсун биздин кылым -
деген саптар менен башталган.

Бул жыйнагына удаалаш эле "Жүрөк сыры" (1943), "Салют" (1944), "Турмуш дастандары" поэмасы жана башка көлөмдүү чыгармалары жарык көргөн. Кубаныч Акаевдин чыгармаларында патриоттук, публицистикалык ыр, поэмалары өзгөчө ураан ырлары менен бирге сүйүү ырлары да басымдуу орунду ээлейт. Акын ураан, саясий, сүйүү ырлары менен катар эпикалык жанрды да кошо ала жүргөн "Турмуш жолу", "Сыргажан", "Достук каналы", "Жаштык" деген поэмалары негизинен публицистикалык ыкма менен баяндалса, махабат ырларында соолубас махабаттын аруулугун, пакизалыгын даңазалайт.

"Жалыныңа күйгөнмүн", "Пахтачылардын ыры", "Студенткага" деген ырларына композитор М.Абдыраев, "Кыргыз күүсүнө" Ү.Сыдыков, "Айдайлы жашоо кемесине" Э.Муканбетов жана башка обончу композиторлор музыка жазган.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубаныч Акаев котормо ишинде да бир топ эмгектенип, классиктердин чыгармаларынан тартып, СССР элдеринин акындарынын ырларын: Ян Райнистин бир томдугун, С.Вургуддун "Талыстанын", Венцлованын "Достук ырын", Сурковдун ырлар жыйнагын, "Советтик Прибалтика акындары" деген жыйнакты жана Азия, Африка акындарынын ырларын кыргыз тилине которгон. Өзүнүн бир нече жыйнактары да орус тилине которулган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубаныч Акаевдин адабият ишиндеги эмгеги жогору бааланып "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акаев К., Тыныбеков Т.. Айыл ыргактары: Ырлар,поэмалар, - Ф.: Адабият, 1989. -199 б;
  • Акаев К. Жүрөк күүсү: Ырлар жана поэмалар. - Ф.; Кыргызстан, 1982. -100 б.