Куба революциясы

Википедия дан

Куба революциясы – элдик, антиимпериалисттик жана антифеодалдык революция (1956–1959). Революциянын чыгышына ири жер ээлеринин зомбулугу, элдин жакырланышы, укуксуздугу, улуттук экономикага АКШнын капиталынын кысымы ж. б. себеп болгон. Куба коомундагы карама-каршылык Батистанын коррупция диктатурасы орногондон кийин (1952) өзгөчө күч алган. Ушундай шартта Ф. Кастро жетектеген жаштар тобу 1953-ж. 26-июлда Монкада аскер казармасына (Сантьяго-де-Куба шаары) кол салып, жеңишке жетпей, камакка алынган. Андан бошонгондон кийин (1955) алар Мексикага эмиграцияга кеткен. 1956-ж. декабрда Сьерра-Маэстра тоосунда Ф. Кастро, Р. Кастро жана аргентиналык Эрнесто Че Гевара башында турган революциялык топ түзгөн партизандык отряд бара-бара армияга айланып, чабуулга өткөн. 1959-ж. 1-январда Батистанын өкмөтү кулап, Убактылуу өкмөт бийликке келген. 1959-ж. февралда революциялык өкмөттүн башына Ф. Кастро келген. Куба революциясынын натыйжасында латифундиялар системасын жойгон агрардык реформалар жүргүзүлгөн, айыл чарбада мамлекеттик сектор түзүлгөн. АКШнын компаниялары менен жергиликтүү ири жана орто буржуазиялардын жеке менчиктери мамлекеттештирилип, өндүрүш каражаттарынын бардыгы элдик менчикке өткөн. Революциянын өнүгүү процессинде өлкөнүн бардык революциячыл күчтөрүнүн биримдиги түзүлүп, Куба элинин бирдиктүү революциялык партиясы пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]