Куляб аймагы

Википедия дан

Куляб аймагыАмударыянын жогорку агымындагы Ысар-Алай кырка тоосунун этегин камтыган аймак; 18-кылымда Бухара хандыгынынбир аймагынын (облусу) аталышы. Кыргыздар Алайды жана Каратегинди 16-кылымдан ээлеп турушкан. 17-кылымдын башталышында кыргыздар батышка Ысар-Кулябды карай жылып, батыш аймактагы чектери Кулябга чейин жеткен. Бул жерден кыргыздар коңшулаш Куляб аймагынын жана Бухара хандыгынын айрым жерлерине чабуул коюп турушкан.

17-кылымдын 20-жылдарынын аягында аталган аймактагы кыргыздарга Аштарханийлердин Балхтагы башкаруучусу Надир-Мухаммед Абдрахман аталык жооп кылып, кыргыздарга кол салган. Анын жортуулу Алайдагы кыргыздарга чейин жеткен. Тарыхый булактар боюнча түндүк кыргыз урууларынын басымдуу бөлүгү калмактардын кысымынан улам 17-кылымдын аягы, 19-кылымдын 1-чейрегинде Куляб аймагына чейин көчүп барышкан. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар Көлөпкө кирди» деген сөз сакталып калган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.