Курал-жарак

Википедия дан

Курал-жарак (аскердик) — согуш аракетинде колдонулуучу ар кандай каражаттардын жалпы аты. Кыргыз элинде да негизинен К.-ж-тардын ан, уулоочу, аскердик, спорттук түрлөрү болгон. Аң уулоо куралдары колдонулушуна жараша атылма (жаа, мылтык, жана башкалар) жана ыргытуучу (найзалар ) болуп аңчылык кылууга ылайыкталган. Атылма куралдар улам өркүндөтүлүү менен аңчылыкта анын ар кандай түрлөрү колдонулган. Металлдын ачылышы менен аскердик К.-ж-тар колодон, темирден жана башка металлдан жасала баштаган. Мылтыктын найына сай (октун айланып, алыска учушу, таамай тийишин камсыз кылат) салынат. Чабуул куралдары менен катар зоот, калкан, туулга сыяктуу коргонуу жабдыктары да жасалган. Спорттук мылтыктар спорттук максатта (элдик эпостордогу даңазалуу аш-тойлордо өткөрүлгөн салттык мелдеште (мисалы, жамбы атуу) ар кандай буталарды атууга арналат. Атылма мылтыктын түрлөрү: Аккелте, Бараң, мылтык, замбирек жана ал куралдардын негизги бөлүктөрү: кундак, най, кароол, ок салгыч куту, машаа кармагыч (цевье), жана сактагычтан турат. Кыргыз элинин эпикалык салтында айтылган К.-ж-тардын түрлөрү казак, өзбек жана башкалар коңшу түрк элдеринин чыгармаларында негизинен бирдей термин-туюнтмага жакын энчилүү ат менен аталат. Башкы баатырдын образын толуктап турган ал курал коомдун тарыхый өнүгүшүнүн ар кыл мезгилдеринде пайда болуп, улам өркүндөтүлгөн формада колдонулуп келген реалдуу куралдардан болуп эсептелинет. К.-ж-тардын улам өркүндөтүлүшү жана жаңы куралдардын пайда болушу, жоокердик шартка ылайык сүрөттөлүшүн камсыз кылып турган. Ошондуктан эпостордун салтындагы жоокерчилик согуштар үчүн натыйжалуу куралдар көбүрөөк идеалдаштырган. Мисалы, мылтык, кылыч ,замбирек (топ) өңдүү согуштук куралдар Орто Азияда 14—16-кылымдардан колдонула баштаганын жана ал элдердин эпосторунда бул куралдар кеңири сүрөттөлүп, олуттуу идеалдаштыруу мүнөздүү экенин бир катар изилдөөчүлөр белгилешкен.

Эпостук салт боюнча баатырлар укмуштуу К.-ж-тар менен камсыз болушат. Эпикалык бул мотив ар бир элдин эпосунда ар түрдүүчө идеалдаштырылып баатырлардын тигил же бул К.-ж-ка кантип ээ болгондугу баяндалат. Көпчүлүк эпостордо баатырлардын куралдары өтө чебер устанын колунан жаралган согуштук буюм катары даңазаланат. «Манас» эпосунда баатырлардын, айрыкча Манаска таандык К.-ж-тардын өзүнчө таржымалы, аларга ээ болуунун тарыхы кеңири баяндалат. Кандай шартта, кайдан келгендиси, же ким тарабынан жасалгандыгы жөнүндө толук кабар берилет. Башкы баатыр сыяктуу жардамчы каармандардын өзүнүн энчилүү кылычы, сайса узарган найзасы, алыскы жерлерди көргөн дүрбүсү, жазбай тийген мылтыгы болот. Булар баатырлардын эпикалык образын толуктап турат. Айрым көөнө эпостордо баатырдын келечекте мине турган тулпары менен К.-ж-ы асмандан түшкөнү айтылат. «Манас» эпосунда Манас баатырдын К.-ж-тарынын табылышынын түпкү теги жомоктук мифологиялык мүнөздө поэтизацияланат. Саякбай Каралаевдин вариантында асмандан түш көн алты курчтун ар биринин өзүнчө касиети идеалдаштырылат. Манастын урунган К.-ж тары эпостун кийинки бөлүмүндө Семетейге атадан калган мурас катары өтүп, анын образына да керемет бүткөрүп турат.

«Манаста» чагылдырылган К.-ж-тар негизинен энчилүү ат менен аталат. Мындай салт элдик эпостордун баарына мүнөздүү. В. М. Жирмунский мындай байыркы адат Батыш Европа элдеринин эпикалык чыгармаларында да орун алгандыгын белгилеп, көпчүлүк учурда кылыч, найза өңдүү куралдарга ээ болуу үчүн баатыр көп кыйынчылык менен жете турган сыйкырдуу жомоктук мотивдин бири катары карайт. Баатырды баатыр даражасына жеткирип, күчүнө күч, эрдигине эрдик кошкон куралдарды ар бир элдин айтуучулары өтө кылдаттык, сүймөнчүлүк менен ырдашат. Манас баатыр өзүнүн энчилүү К.-ж-гына кандайдыр бир жогорку күчтүн колдоосу аркылуу ээ болсо, Семетей атасынан мурас калган ошол эле жоо куралдарды (Аккелте, Ачалбарс, Зулпукор, Наркескен, Сырнайза) атасынын бир туугандары — Абыке, Көбөштөн кайтарып алууда каршылыктарга учурайт. Айрым учурларда К-ж-тар душмандын колуна тийип калса, кылыч кынынан суурулбай, мылтык атылбайт. Ээсинин колунда турса гана кылыч кынынан суурулуп, мылтык атылып, адилет идеянын кызматын өтөйт. Бала баатыр Семетей ички душманы Көбөш менен жекеме-жеке кармашкан учурда үйдө илинип турган Аккелтеден шүйшүңдөп кан агып, өзү эле тарсылдап добуш берет. Жоокердик куралдарга мүнөздүү жомоктук бул мотив «Семетей» эпосунда да «Манастагыдай» кереметтүүлүктөн ажырабаган көөнө белгилерди, магиялык касиеттердин белгилүү өлчөмдө сакталганын далилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясын /Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4