Куран

Wikipedia дан
Курандын колжазмасы, (VII к.)

Куран (араб. القرآن, окуу, «Кудайдын аяны») – исламдын ыйык китеби. Куран сүрөөлөр менен аяттардан турат. Курандагы бардык аяттар Мухаммед пайгамбарга (С.А.В) аян түрүндө түшкөн Алланын сөзү болуп саналат.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкСадака

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
(La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер(رضي الله عنه.png)
Сахабалар(رضي الله عنه.png)


Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖихад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий


Курандын мазмуну[оңдоо]

Куранда Алла өз сөзүн пайгамбар Мухаммедге аян түрүндө түшүрөт. Ааламдардын жаратуучусу болгон жалгыз Кудай бар экендиги тууралуу чындыкты адамзатка айтып берүү үчүн пайгамбарлар аталган атайы адамдар тандалып алынган. Пайгамбарлардын эң акыркысы Мухаммед болгон. Ислам дини Мухаммедге чейинки байыркы пайгамбарлар катары иудаизмде жана христианчылыкта кезиккен ыйык пайгамбарларды тааныйт. Мисалы, Адам, Нух (Ной), Ибрахим (Авраам), Лут, Муса (Моисей), Дауд, Сулайман (Соломон), Иса (Иисус). Мусулмандардын көз карашында аталган пайгамбарлардын окуусу алардын шакирттери тарабынан бурмаланып кеткен делинет, ошондуктан еврейлер менен христиандарды Кудайдын аянына эмес, «кагаздагы жазууга ишенген» адамдар деп аташат. Пайгамбарлардын ичинен Мухаммеддин гана окуусу бурмаланбаган туура окуу деп көрсөтүлөт. Исаны пайгамбар деп таануу менен ислам дини христиандардын Иисус Христос Кудайдын уулу деген окуусуна жана Ыйык Үчбирдикке (Троицага) каршы турат: Куранда «жалгыз Кудай балалуу боло албайт жана анын курбусу болбосо, Иисус кантип төрөлмөк», – деп белгиленген.

Курандын негизин Мухаммед пайгамбардын акыл насааттары, олуячылыктары, дин окуусу жана притчалары түзөт. Пайгамбар жазганды, окуганды билбеген сабатсыз адам болгон. Ошондуктан анын сөздөрү жана иштери жардамчылары тарабынан пальманын жалбырактарына жана таштын бетине жазылып алынган да, кийин кагаз бетине көчүрүлгөн. Мухаммеддин шакирттери ал тексттерди жаттап, эски араб поэзиясын көркөм окугандай кырааты менен айта билишкен.
Куран рифмалуу проза жана ритмикалуу сүйлөмдөр менен жазылган.

Курандын мазмуну мындай курамдык бөлүктөрдөн турат:

  • 1. дүйнөгө карата диний көз караштын негиздери, исламдын догмалары жана культтук окуу;,
  • 2. шариаттын негизине айланган араб урууларынын укуктук жана адеп-ахлактык нормалары, ырым-жырымдары жана каада-салттары;
  • 3. жаңы диний окууну негиздөөгө зарыл болгон байыркы семиттердин, арабдардын, еврейлердин, христиандардын пайгамбарлар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү мифтери менен легендалары;
  • 4. исламга чейинки доордогу арабдардын ырым-жырымдары жана алардын фольклорунан үзүндүлөр.

Куранда Мухаммед тарабынан айтылган Алланын сөздөрү аян, башка сөздөр лакап, жомок катары берилет. Курандын толук тексти Мухаммед өлгөндөн кийин чогултулуп, 7-кылымдын ортосунда Осмон халиф пайгамбардын жардамчысы болуп турганда тексттер ыйык деп жарыяланган. Орто кылымдарда Куранды жатка билген адамдар көп болгон. Ортодоксалдуу ислам тарабынан Кудайдын аянын бурмалап жибербөө үчүн Куранды башка тилдерге которууга тыюу салынган.
Араб жортуулдары жана жаңы аймактарды исламдаштыруу – Куранды окууну жана жатка билүүнү шарттаган. Ошондуктан бул доордо араб тилин үйрөнүү жана бул тилди кеңири аймактарга жайылтуу иши күч алган. Орто кылымдардагы арабдаштыруу процесси мусулман маданиятынын түзүлүшүнүн маанилүү элементи.

Курандын тарыхы[оңдоо]

Куран жөнүндө хадистер[оңдоо]

Сахабалардан Харис аль-Аавар (р.а.) баяндайт: «Мечитке барган элем, адамдар өткөн-кеткендин кебине түшүп калышыптыр. Мен турбастан азрети Алинин (р.а.) алдына кирип бардым да, «Оо, момундардын көсөмү! Калайык өткөн-кеткендин бекерооз кебине түшүп олтурушканы эмнеси?» деп даттандым. Ал мага: «Чын эле ошентип жатышабы?» деди, мен: «Ооба» деп жооп бердим. Ал мындай деди: «Мен пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин укканмын: «Эсиңерде болсун, баш аламандык башталат бир кездерде!». «Андан кутулуунун жолу кандай, Оо, Алланын элчиси?» деп сураганымда мындайча жооп берген:

Анын жолу -Алла Тааланын китеби болгон - Куранга ээрчүү! Куранда силерден мурункулардын абалдарына байланыштуу кабарлар жана силерден кийинки болчу иштерге катыштуу баяндар бар. Асыресе араңарда болуп өтчү маселелердин өкүмү бар. Ал ак-караны айрып таанытуучу төп өлчөм жана андагы баары олуттуу. Кимде-ким бир зордукчудан коркуп аны таштап койсо, Алла Таала анын ташталканын чыгарат. Кимде-ким андан башка нерседен туура жол издесе, Алла Таала ал адамды азгын жолго салат. Анткени ал Алла Тааланын эң бышык арканы, даанышмандык баяны, кынтыксыз түз жолу. Ага толук ээрчигендер азгырык ой жоромолдон арылат, ак сөз айтуудан адашпайт, аалымдар ага тойбойт. Аны көп кайталап окуу тажатпайт да, чарчатпайт. Анын адамдарды таң калтырган жактары түгөнбөйт. Ал китепти жиндер эшиткен кездеринде да «Биз туура жолду көрсөткөн эң сонун Куранды угуп, ыйман айтып ага ишендик» дегенге аргасыз болушкан. Анын ыкмасы менен сүйлөгөн адам туура сүйлөйт. Анын жолу менен жашаган адам сөзсүз сый көрөт. Кимде-ким аны менен өкүм берсе адилет өкүм бере алат. Кимде-ким ага чакырса эң туура жолго багыт алат. Оо, Аавар, сен да ушул сөздөрдү жакшы кармана жүр!» Даарими, Тирмизи.

Куран жана илим[оңдоо]

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия, Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А.А. Асанканов, Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б., Бишкек 2003.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]







قۇران (اراب. القرآن، وقۇۇ، "قۇدايدىن ايانى") – ىسلامدىن ىيىق كىتەبى. قۇران سۉرۅۅلۅر مەنەن اياتتاردان تۇرات. قۇرانداعى باردىق اياتتار مۇحاممەد پايعامبارعا (س.ا.ۋ) ايان تۉرۉندۅ تۉشكۅن اللانىن سۅزۉ بولۇپ سانالات

قۇراندىن مازمۇنۇ[оңдоо]

قۇراندا اللا ۅز سۅزۉن پايعامبار مۇحاممەدگە ايان تۉرۉندۅ تۉشۉرۅت. االامداردىن جاراتۇۇچۇسۇ بولعون جالعىز قۇداي بار ەكەندىگى تۇۇرالۇۇ چىندىقتى ادامزاتقا ايتىپ بەرۉۉ ۉچۉن پايعامبارلار اتالعان اتايى ادامدار تاندالىپ الىنعان. پايعامبارلاردىن ەڭ اقىرقىسى مۇحاممەد بولعون. ىسلام دىنى مۇحاممەدگە چەيىنكى بايىرقى پايعامبارلار قاتارى ىۇداىزمدە جانا حرىستىانچىلىقتا كەزىككەن ىيىق پايعامبارلاردى تاانىيت. مىسالى، ادام، نۇح (نوي)، ىبراحىم (اۋراام)، لۇت، مۇسا (موىسەي)، داۇد، سۇلايمان (سولومون)، ىسا (ىىسۇس). مۇسۇلمانداردىن كۅز قاراشىندا اتالعان پايعامبارلاردىن وقۇۇسۇ الاردىن شاقىرتتەرى تارابىنان بۇرمالانىپ كەتكەن دەلىنەت، وشوندۇقتان ەۋرەيلەر مەنەن حرىستىانداردى قۇدايدىن ايانىنا ەمەس، "قاعازداعى جازۇۇعا ىشەنگەن" ادامدار دەپ اتاشات. پايعامبارلاردىن ىچىنەن مۇحاممەددىن عانا وقۇۇسۇ بۇرمالانباعان تۇۇرا وقۇۇ دەپ كۅرسۅتۉلۅت. ىسانى پايعامبار دەپ تاانۇۇ مەنەن ىسلام دىنى حرىستىانداردىن ىىسۇس حرىستوس قۇدايدىن ۇۇلۇ دەگەن وقۇۇسۇنا جانا ىيىق ۉچبىردىككە (تروىتساعا) قارشى تۇرات: قۇراندا "جالعىز قۇداي بالالۇۇ بولو البايت جانا انىن قۇربۇسۇ بولبوسو، ىىسۇس قانتىپ تۅرۅلمۅك"، – دەپ بەلگىلەنگەن.

قۇراندىن نەگىزىن مۇحاممەد پايعامباردىن اقىل ناسااتتارى، ولۇياچىلىقتارى، دىن وقۇۇسۇ جانا پرىتچالارى تۉزۅت. پايعامبار جازعاندى، وقۇعاندى بىلبەگەن ساباتسىز ادام بولعون. وشوندۇقتان انىن سۅزدۅرۉ جانا ىشتەرى جاردامچىلارى تارابىنان پالمانىن جالبىراقتارىنا جانا تاشتىن بەتىنە جازىلىپ الىنعان دا، كىيىن قاعاز بەتىنە كۅچۉرۉلگۅن. مۇحاممەددىن شاقىرتتەرى ال تەكستتەردى جاتتاپ، ەسكى اراب پوەزىياسىن كۅركۅم وقۇعانداي قىرااتى مەنەن ايتا بىلىشكەن. قۇران رىفمالۇۇ پروزا جانا رىتمىقالۇۇ سۉيلۅمدۅر مەنەن جازىلعان.

قۇراندىن مازمۇنۇ مىنداي قۇرامدىق بۅلۉكتۅردۅن تۇرات:

۱. دۉينۅگۅ قاراتا دىنىي كۅز قاراشتىن نەگىزدەرى، ىسلامدىن دوعمالارى جانا قۇلتتۇق وقۇۇ؛،

۲. شارىاتتىن نەگىزىنە ايلانعان اراب ۇرۇۇلارىنىن ۇقۇقتۇق جانا ادەپ-احلاقتىق نورمالارى، ىرىم-جىرىمدارى جانا قاادا-سالتتارى؛

۳. جاڭى دىنىي وقۇۇنۇ نەگىزدۅۅگۅ زارىل بولعون بايىرقى سەمىتتەردىن، ارابداردىن، ەۋرەيلەردىن، حرىستىانداردىن پايعامبارلار جانا الاردىن ىشمەردۉۉلۉكتۅرۉ جۅنۉندۅگۉ مىفتەرى مەنەن لەگەندالارى؛

۴. ىسلامعا چەيىنكى دووردوعۇ ارابداردىن ىرىم-جىرىمدارى جانا الاردىن فولكلورۇنان ۉزۉندۉلۅر.


قۇراندا مۇحاممەد تارابىنان ايتىلعان اللانىن سۅزدۅرۉ ايان، باشقا سۅزدۅر لاقاپ، جوموق قاتارى بەرىلەت. قۇراندىن تولۇق تەكستى مۇحاممەد ۅلگۅندۅن كىيىن چوعۇلتۇلۇپ، ۷-قىلىمدىن ورتوسۇندا وسمون حالىف پايعامباردىن جاردامچىسى بولۇپ تۇرعاندا تەكستتەر ىيىق دەپ جارىيالانعان. ورتو قىلىمداردا قۇراندى جاتقا بىلگەن ادامدار كۅپ بولعون. ورتودوقسالدۇۇ ىسلام تارابىنان قۇدايدىن ايانىن بۇرمالاپ جىبەربۅۅ ۉچۉن قۇراندى باشقا تىلدەرگە قوتورۇۇعا تىيۋۇ سالىنعان. اراب جورتۇۇلدارى جانا جاڭى ايماقتاردى ىسلامداشتىرۇۇ – قۇراندى وقۇۇنۇ جانا جاتقا بىلۉۉنۉ شارتتاعان. وشوندۇقتان بۇل دووردو اراب تىلىن ۉيرۅنۉۉ جانا بۇل تىلدى كەڭىرى ايماقتارعا جايىلتۇۇ ىشى كۉچ العان. ورتو قىلىمدارداعى ارابداشتىرۇۇ پروتسەسسى مۇسۇلمان مادانىياتىنىن تۉزۉلۉشۉنۉن ماانىلۉۉ ەلەمەنتى

قۇران جۅنۉندۅ حادىستەر[оңдоо]

ساحابالاردان حارىس ال-ااۋار (ر.ا.) باياندايت: "مەچىتكە بارعان ەلەم، ادامدار ۅتكۅن-كەتكەندىن كەبىنە تۉشۉپ قالىشىپتىر. مەن تۇرباستان ازرەتى الىنىن (ر.ا.) الدىنا كىرىپ باردىم دا، "وو، مومۇنداردىن كۅسۅمۉ! قالايىق ۅتكۅن-كەتكەندىن بەكەرووز كەبىنە تۉشۉپ ولتۇرۇشقانى ەمنەسى؟" دەپ داتتاندىم. ال ماعا: "چىن ەلە وشەنتىپ جاتىشابى؟" دەدى، مەن: "ووبا" دەپ جووپ بەردىم. ال مىنداي دەدى: "مەن پايعامبارىبىزدىن (ساۋ) مىنداي دەگەنىن ۇققانمىن: "ەسىڭەردە بولسۇن، باش الاماندىق باشتالات بىر كەزدەردە!". "اندان قۇتۇلۇۇنۇن جولۇ قانداي، وو، اللانىن ەلچىسى؟" دەپ سۇراعانىمدا مىندايچا جووپ بەرگەن: انىن جولۇ -اللا تاالانىن كىتەبى بولعون - قۇرانعا ەەرچۉۉ! قۇراندا سىلەردەن مۇرۇنقۇلاردىن ابالدارىنا بايلانىشتۇۇ قابارلار جانا سىلەردەن كىيىنكى بولچۇ ىشتەرگە قاتىشتۇۇ باياندار بار. اسىرەسە اراڭاردا بولۇپ ۅتچۉ ماسەلەلەردىن ۅكۉمۉ بار. ال اق-قارانى ايرىپ تاانىتۇۇچۇ تۅپ ۅلچۅم جانا انداعى باارى ولۇتتۇۇ. كىمدە-كىم بىر زوردۇقچۇدان قورقۇپ انى تاشتاپ قويسو، اللا تاالا انىن تاشتالقانىن چىعارات. كىمدە-كىم اندان باشقا نەرسەدەن تۇۇرا جول ىزدەسە، اللا تاالا ال ادامدى ازعىن جولعو سالات. انتكەنى ال اللا تاالانىن ەڭ بىشىق ارقانى، داانىشماندىق بايانى، قىنتىقسىز تۉز جولۇ. اعا تولۇق ەەرچىگەندەر ازعىرىق وي جورومولدون ارىلات، اق سۅز ايتۇۇدان اداشپايت، االىمدار اعا تويبويت. انى كۅپ قايتالاپ وقۇۇ تاجاتپايت دا، چارچاتپايت. انىن ادامداردى تاڭ قالتىرعان جاقتارى تۉگۅنبۅيت. ال كىتەپتى جىندەر ەشىتكەن كەزدەرىندە دا "بىز تۇۇرا جولدۇ كۅرسۅتكۅن ەڭ سونۇن قۇراندى ۇعۇپ، ىيمان ايتىپ اعا ىشەندىك" دەگەنگە ارعاسىز بولۇشقان. انىن ىقماسى مەنەن سۉيلۅگۅن ادام تۇۇرا سۉيلۅيت. انىن جولۇ مەنەن جاشاعان ادام سۅزسۉز سىي كۅرۅت. كىمدە-كىم انى مەنەن ۅكۉم بەرسە ادىلەت ۅكۉم بەرە الات. كىمدە-كىم اعا چاقىرسا ەڭ تۇۇرا جولعو باعىت الات. وو، ااۋار، سەن دا ۇشۇل سۅزدۅردۉ جاقشى قارمانا جۉر!" داارىمى، تىرمىزى.