Куртка чеби

Википедия дан

Куртка чебиКокон хандыгынын Теңир-Тоо аймагындагы чеби. 1932–жылы Айгыржал деген жерде, Нарын дарыясынын оң куймасы Куртка суусунун боюндагы бийик секиге тургузулган. 19-кылымдын 30-жылдарынын башында Кокон хандыгы Борбордук Теңир-Тоого баскынчылык жортуулдарды уюштурган. 1831-жылы кокон аскери Нарын дарыясын жээктей жайгашкан кыргыз айылдарына кол салган. Кийинки жылы бул аймакка Хаккула колбашчылык кылган кокондук 7 миң аскер келет. Көптөгөн куралдуу кагылышуулардан кийин гана баскынчылар Нарын аймагында өздөрүнүн үстөмдүгүн орното алышкан. Жергиликтүү калкты көзөмөлдөп жана салык жыйнап туруу максатында кокондук аскерлер үчүн жайгашкан чептер курулган.

Нарын тараптагы ошондой чептердин чоңу Куртка чеби болгон. Чептин узундугу 200 саржанга жетип, үч тарабы дубал менен курчалып, бир тарабы дарыяга такалган. Куртка кокондуктардын Теңир-Тоодогу негизги таянычы, башкы чеби болгон. Чептин бегине бул аймактагы башка чептер баш ийген. Чепте 1000ге жакын кокондук сарбаздар турчу. Курткадагы бекке кыргыздар түрдүү салыктарды, анын ичинде улфан аталган салыкты – 10 кап буудайдан 1 кап буудай жана зекет – 80 койдон 2 кой төлөшчү. Мындан тышкары кыргыздар Кокон бегине жорголорду тартуулап турууга милдеттүү эле. Чептин соода түйүнү катары да мааниси зор болгон. Куртканын базарында кокондук, кашкарлык соодагерлер теңиртоолук кыргыздар менен алака кылышчу. 1863-жылы Куртканы орус аскери ээлеген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети