Куршаб

Википедия дан
Куршап суусу‎»‎ барагынан багытталды)
Куршаб дарьясы
Куршаб дарьясы

Куршаб, Куршап — Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн суу, Кара-Дарыянын сол куймасы. Уз. 157 км, алабынын аянты 3750 км2.

Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийикт. 2700 м. Гүлчө ж-а Жошолу суулары кошулгандан баштап К. аталат. Булак (66%), кар (23%) ж-а мөңгү (11%) сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 24,6 м3/сек (Кочкората постунда), эң көп чыгымы июнда (58,6 м3/сек), эң азы февралда (10,9 м3/сек) байкалат. Кыргызстандын 50 дөй куймасы бар (Гүлчөнү кошкондо).

Ирилери: Жошолу, Бүлөөлү, Терек (оң), Мурдаш, Жылуусуу (сол). Алабында жалпы аянты 10,3 км2 болгон 31 мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Гүлчө, Куршаб кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2