Кутадгу билиг

Википедия дан
Кутадгу билиг
Жазуучу Жусуп Баласагын
Өлкөсү Караханийлер кагандыгы
Тили Хакан тили
Жанры дидактикалык дастан
Чыккан жылы 11-кылым

Кутадгу билиг, (Куттуу билик же Кут алчу билим) — Теңир тоодогу түрк элдеринин даанышман акыны жана ойчулу Жусуп Баласагындын 1069-1070-ж. жазган саясий-философиялык дастаны.

Бир катар тилдерге (немис, түрк, орус, өзбек, уйгур, англис, кыргыз ж. б.) которулган. «Кутадгу билигдин» жалпы көлөмү 13444 ыр сабын түзөт, андан тышкары кара сөз түрүндө жазылган чакан кириш сөзү бар, дастанда өлкөнү кантип башкаруу, кантип туура саясат жүргүзүү керектиги айтылат. Ал өтө бай тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык, социологиялык ж. б. энциклопедиялык маалыматтарды камтыйт.

Таалим-тарбия ишинин ары татаал, ары масштабдуу проблемаларын, түбөлүктүү түшүнүктөрүн акыл тегирменине салып, талдап, тактап баш-аягы калыптанган окуу сымал ырааттуу чагылдыруу жагынан «Кут билим» дастанына орто кылымдагы түрк тилдүү элдердин рухий көркөм мурастарынын эч бири теңдеше албайт.

Ошондуктан “Кут билим” – көркөм поэтикалык тил м-н шөкөттөлүп жазылган классикалык пед. трактат, ал эми анын автору Жусуп түрк тилдүү элдердин арасынан чыккан эң алгачкы энциклопедист, даанышман педагог болгон. «Кут билимдин» ар бир ыр сабында эбегейсиз рухий жаратмандык кудуретке ээ педагогикалык идея, орошон осуяттар уютулган. Адамдардын адеп наркын асылдандыруучу акыл кеңештерди рационалдуу пед. парадигмаларды таамай так, таасирдүү, натыйжалуу жеткирүүдө да олуттуу пед. устаттыкты көрсөтө алган. Дастандагы көптөгөн этикалык, пед. түшүнүктөр каармандардын көз карашы, турмуш образы аркылуу персонификацияланып, идеал жаратуучу күчкө ээ болгон. Алсак, Күнтууду – адилеттик, вазир Айтолду – бакыт-дөөлөт, Вазирдин уулу Акдилмиш – акыл эс, вазирдин иниси Өткүр-мүш – каниетчилик. Ал эми алардын ортосундагы диалог пикир алышууну эле мүнөздөбөстөн алар аркылуу адамдарды ошол адептик-этикалык маселелерге карата ой жүгүртүүгө чакырып, таасирлүү сабак берет, бүтүм чыгарууга өбөлгө түзөт.

Жусуп пендени эл ичинде калыптанган ар кандай чен өлчөмдөр м-н ар тараптан талдап, ал үчүн зарыл болгон оң сапаттарын алып кошумчалап, жалпылап олтуруп, жалпы эле адамды гармониялуу өнүктүрүүнүн пед. концепциясын иштеп чыккан. Акын алды м-н адамдын турмушунда жакшылык м-н жамандык жанаша жашай тургандыгына токтолот. Дастандын мазмуну акындын адамдар ортосундагы этикалык эрежелердин ак карасын ылгап, мыкты өздөштүрүп системага салгандыгынан кабар берет. Жусуп адамдарды адептүү, адилеттүү, көтөрүмдүү, жоомарт, кичипейил, жароокер, жөнөкөй, мээнеткеч, намыскөй болууга үндөйт. Ошону м-н бирге адамдын нарктуулугуна шек келтирген, арак-шарап ичүү, сүй-лөшкөндө ашкере жалпаңдап жасакерленүү, артыкбаш арсалаңдап күлүү, кепке конок бербөө, сараңдык, кепсисин агытуу, ичи тардык сыяктуу ж. б. жосунсуз жүрүм-турум эрежелерин сынга алып, маңыз-маанисин кесепетин түшүндүрөт; тунук жашоонун атынан бийик үн салып жаштарды андай сапаттардан оолак болууга чакырат.

Көчүрмө нускалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын бизге жеткен үч нускасы бар.

  • Экинчиси, Каир нускасы, Катарда, 14-кылымдын 1-жарымында (Мисир Kедиван китепканасында) көчүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз педагогикасы: Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]