Аманкул Куттубаев

Википедия дан
Куттубаев, Аманкул‎»‎ барагынан багытталды)
Куттубаев Аманкул

Куттубаев Аманкул (1907, азыркы Сокулук району, Белек айлы -1984, Фрунзе шаары) – режиссёр, актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1946). Кыргыз ССРинин исскуствого эмгек сиңирген ишмери (1939).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачылык жолун 1926-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жаны ачылган музыкалык драма студиясынан баштаган.
1935-41-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетинде окуп, В. Г. Сахновский менен В. А. Орловдон таалим алган.
Н. Н. Елениндин «Молдо Насирдин» комедиясында Молдо Насирдиндин, М. Токобаевдин - Кайгылуу Какей» пьесасында Алымкулдун, Фурманов менен Поливановдун «Козголонунда» Карабайдын жана башка ролдорун аткарган.
1930-жылы К. Жантөшөвдин «Алым менен Мария» драмасын коюп, кыргыз театр өнөрүнүн тарыхына тунгуч улуттук режиссёр катары кирген. Куттубаев 1930-жылы ачылган Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёру, 1931-жылдан башкы режиссёру болуп иштеген.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т. Байжиевдин «Кырманда» (1931), Р. Шүкүрбековдун «Бейит арасында» (1934). Өзүнүн «Колхоз душмандары» (1938), «Жаныл» (К. Маликов менен бирге) драмаларын койгон. Куттубаевдин режиссёрдук дараметин тааныткан Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» (1934) музыкалык драмасы болгон.
1939-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында көркөм жетекчи, башкы режиссёр, 1952—63-жылы анын директору жана режиссёру.
«Майсарынын жоруктары» (С. Юаахов), «Кармен» (Ж. Визе), «Патриоттор» (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Кокул» (М. Раухвергер) операсын, «Ким кантти» (М. Абдраев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Тулеев) музыкалык комедиясын, «Бизбаягы эмеспиз» (К. Маликов, А. Куттубаев) драмасын, «Айдар жана Айша» (А. Аманбаев, С. Германов), «Манас» ( В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Токтогул» (А. Венрик, А. Малдыбаев, М. Абдраев) операларын койгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970).
Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ РЕЖИССЕРУ Archived 2011-09-29 at the Wayback Machine
Кыргызымдын жылдыздары Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine