Куучу

Википедия дан

Куучу – төрөттөн кыйналган аялдардын төрөтүн жеңилдетүү максатында чакырылган бакшы, эмчи. Элдик ишеним боюнча 1-төрөттө аялдын көзүнө албарсты көрүнсө, аны албарсты, мартуу же кара басты дешкен. Ал жөнөкөй адамдардын көзүнө көрүнбөгөн кереметтүү, зыяндуу жан катары кабыл алынып, Куучудан коркот деп эсептешкен. Мындай учурда албарстыны өз көзү менен көргөн адамды – куучуну чакырышкан. Ишеним боюнча Куучуга албарсты сары түстөгү жаныбар (ит, кой, эчки) же кыз кебетесиндеги сары чачтуу балага окшош көрүнөт.
Аны көргөн адам эч кимге билдирбей, 1–2 күндөн кийин көргөн жерине келип, «албарсты, мен сени көрдүм» деп айтышы керек. Ошондон кийин албарсты ал адам жүргөн жерден коркот, качат, жолобойт. Албарстыны көргөндүгүн айылдын аксакалына айткандан кийин ал куучу деп эсептелип, төрөттөн кыйналган аялга келип куучулук милдетин аткарат. Куучу келгенде анын атын атабастан «баатыр келди» дешет, анткени атын албарсты укса куучунун күчү кудуретсиз болот. Куучу үйгө кирип камчы менен төрөп жаткан аялды ургулап «кет», «чык», «ташта» деп албарстыны кубалайт. Ишеним боюнча Куучу өзү келе албаса анын буюму куучулук милдетти аткарууга жараган. Куучу элдик иррационалдуу ишенимдердин бир түрү болуп саналган.







Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж.