Кыдыралиев, Кадыржан

Википедия дан

Кыдыралиев Кадыржан (1936-ж. т., Панфилов району, Чолок-Арык айлы) — кинооператор, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1982). Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1969).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1961-ж. ВГИКтин оператордук факультетин бүтүргөн.
1961-жылдан «Кыргызфильм» студиясында иштейт.
Кыдыралиевдин оператордук иши профессионалдык чеберчилиги, поэтикалуулугу, драматургиянын ички маңызын сезе билгендиги менен баалуу.

Операторлук жана режисерлук иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал «Too суусу» (1960), «Ырдын жаралышы» (1961), «Улуу эпос» (1962), «Сенин теңтуштарын» (1962), «Аскалар» (1963), «Жылкылар» (1965), «Кыргыз денизи» (1965), «Кыял» (1967), «Нарын жылдыздары» (1968), «Бешик» (1970), «Искусство жөнүндө баян 175 (1974), «Жер астындагы сууларды чалгындоочу» (1979) жана башка документ фильмдердин оператору.
Кыдыралиев 1964-жылдан көркөм фильмдердин оператор коюучусу: «Тайгак кечүү» (1964, режиссёр(у М. Убукеев), «Бакайдын жайыты» (1967, Т. Океев), «Жамыйла» (1968, И. Поплавская, «Мосфильм»), «Мен -Тянь-Шань» (1972, И. Поплавская, «Мосфильм»), «Уркуя» (1972. Т. Океев, «Көк серек» "(1974, Т. Океев, «Казак фильм жана Кыргызфильм»), «Улан» (1977, Т. Океев), «Алтын куз» (1980, Т. Океев), «Василий жана Василиса» (1981, И. Поплавская, «Мосфильм»), «Кыздын сыры» (1982, Д. Соданбек) ж. б. Кыдыралиев режиссёр катары да белгилүү. Ал «Кыял» (1967), «Бешик» (1969). «Оодарыш» (1970) «Жоопкерчилик» (1974) «Премьерага карай жол» (1975), «Кыргыз жеринде» (1977), «Чолпонбай» (1982), «Бабалардын мекени» (3989), «Айталаадагы өлүм» (1991) ж. б. популярдык, документ, көркөм фильмдерди жараткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1968), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972, «Уркуя» фильм» учун),«Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.