Кыдырбаева Раиса

Википедия дан
Кыдырбаева Раиса

Кыдырбаева Раиса Заитовна (1930-жылы туулган - Бишкек) – «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин доктору (1984), КРУИАнын корреспондент-мүчөсү (1989), профессор (1997). Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998).Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.

1952 ж. КМУнун филология факультетин (орусча бөлүмүн) бүтүргөн. Кыдырбаева 1956 ж. А. М. Горький атындагы дүйнө адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүү менен «А. Осмоновдун лирикасы» аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

1956—60-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде кенже илимий кызматкер, 1960—86-ж. улук илимий кызматкер болуп иштеген.

1986-жылдан «Манас» бөлүмүндө (мурда сектор) башкы илимий кызматкер.


Республикалык жалпы биримдик мезгилдүү басма сөз беттеринде кыргыз жана орус тилдеринде фольклор изилдөө, адабияттаануу маселелери боюнча 100-гө жакын макалалары жарыяланган, алардан башка 19 изилдөө иштери (анын ичинде 9 монография) бар.

Кыдырбаева жалпы республикада, андан тышкаркы жерлерде таанымал фольклор изилдөөчү, адабияттаануучу катарында кеңири белгилүү. «Манас» ж. б. кенже эпостордун ар түрдүү көйгөй, маселелерин талдап жалпылаган. «Саринжи-Бөкөй» эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү”, «Жаңыл Мырза» эпосунун поэтикалык традициялары”, «Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата”, «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», «Манас» эпосунун генезиси, «Манас» эпосунун варианттары» деген ж. б. монография, изилдөөлөрдүн автору.

М. Убукеевдин 1988 ж. чыккан "Улуу манасчы" даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси.

2004-ж. басмадан чыккан Сагымбай Орозбак уулунун айтымындагы "Манас" эпосунун академиялык басылышына баш сөз жазган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004