Кызылча (оору)

Wikipedia дан
Кызылча вирусу

Кызылча — катуу кармама жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызылчаны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат. Кызылча менен бардык кишилер ооруйт. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейинки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Бала кезинде кызылча менен оорубаган энеден төрөлгөн балдар 3 айга чейин деле ооруп калышы ыктымал.

Оорунун мезгилдери[оңдоо]

Бельский — Филатовдун тактары — беттин ички капталындагы Коплика

Оору 4 мезгилге бөлүнөт:
1) жашыруун мезгил 6—18 күнгө созулуп, организмдеги вирус оорунун белгисин пайда кылбайт;
2) башталыш мезгили 3—4 күнгө созулат. Мында оорулуунун эти ысып, мурду бүтөт, жөтөлүп, үнү каргылданып, көзү кызарып жаш агат. Бара-бара оору күчөп жарыкты карай албайт, бети шишимик тартып, какылдап жөтөлөт, кээде тамагы шишип, жалган круп болушу мүмкүн. Бул мезгилде түпкү азуунун тушундагы уурттун былжыр челинде майда ак тактар пайда болуп, кызыл бүдүрлөр чыга баштаганда ал жоголот. Таңдайга кызыл тактар чыгат. Балдар чыргоолонуп, начар уктайт, тамакка табити тартпай бат-бат суюк заңдайт. Чоңураак балдардын башы, ичи ооруп, мурду канашы мүмкүн.
3)Үчүнчү мезгилде кызыл бүдүрлөр чыгып, эти кайра ысып, абалы начарлайт, тамагы кызарат. Кызыл бүдүрлөр адегенде бетке, кулактын артына, чекесине чыгат. 2-күнү денени бүт каптайт, 3-күнү буту-колуна чыгат. Көп тердегендиктен тери ным тартып турат. Кызыл бүдүрлөр 3—4 күндө чыгып бүтөт. Кол-бутка бүдүр чыга баштаган күнү беттеги тактар күрөң тартып, өңү өчө баштайт, башкача айтканда
4)төртүнчү мезгил башталат. Ал мезгилде жогортон төмөн карай бүдүрлөрдүн өңү өчүп, процесс 7—10 күнгө созулат. Эт ысыганы басаңдап, баланын абалы жакшырат. Кызылча кээде жеңил, ошондой эле оор өтүшү мүмкүн. Жеңил түрү көбүнчө 4— 5 айлык балдарда учурайт, 6 айдан өткөн балдарда оор формасы байкалат. Кызылчанын кабылдоосу өтө коркунучтуу, андан өпкө, ортоңку кулак сезгенет, тамак шишийт, ичегилердин иши бузулат. Анын алгачкы белгилери байкалар замат врачты чакыруу зарыл.

Дарылоо[оңдоо]

Дарылоодо гигиеналык чаралар, диета, оорулууну багуу чоң мааниге ээ. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшы желдетүү, жылуу мезгилде баланы абага чыгаруу же ачык терезенин түбүнө жаткыруу керек. Жарыкты карай албай калганда бөлмөнү караңгылабай эле оорулууну жарык жакты каратпай жаткыруу жетишерлик. Терини сүртүп тазалап, ооздун ичин чайкап, суюктукту бат-бат ичирүү, көздү кайнак суу же бор кислотасынын 2%түү эритмесине малынган кебез менен сүртүп туруу зарыл.

Алдын алуу[оңдоо]

Алдын алууда анын белгилери билинери менен баланы башкалардан бөлүү керек. Диагнозу аныкталгандан кийин бала барган бакчага сөзсүз билдирүү зарыл. Кызылча айрыкча 2 жашка чейинки же ден соолугу начарлаган башка курактагы балдар үчүн өтө коркунучтуу. Кызылчага каршы эмдөө анын алдын алууда өтө чоң мааниге ээ. Эмдөө 10—12 айлык кезинде жасалат. Кандайдыр бир себептер менен эмделбей калган балдар кызылча менен ооруган кишиге жолукса гамма-глобулин колдонулат. Аны куйгандан кийин кызылча менен оорубайт же ооруса да жеңил өтөт.


Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8