Кызыл-Кыя

Кызыл-Кыя шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Кызыл-Кыя
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Координаттар 40°15′14″ с. ш. 72°07′57″ в. д.HGЯO
Мэр Эрмекбай Топчубаев
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1898
Аянты 55 км²
Борборунун бийиктиги 1058 м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 51 300 адам (2017)
Жыштыгы 800 адам/км²
Агломерация 60 000
Улуттук курамы Кыргыздар — 67,8%

Өзбектер — 18,9%
Тажиктер — 4,7%
Орустар — 3,8%

Диний курамы Мусулмандар, Христяндар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 (3657)
Почта индекси 720300
Автоунаа коду A,03
Кызыл-Кыя (Кыргызстан)

Кызыл-КыяКыргызстандын Баткен облусундагы шаар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илгери, Эшме-Булак капчыгайындагы тоо суулары жеп кеткен кыртыштан көрүнүп калган «күйүүчу ташты» (көмүрдү) малчылар кадимкидей отун катары колдонуп келишкен экен. Эшме-Булак деп аталган жерге биринчи жолу геологиялык чалгын жүргүзгөн аймактык инженер Михаиловдун табылгасы, азыркы Кызыл-Кыядагы таш көмүр кенинин ачылганын расмий ырастоо менен шаардын пайдубалы түптөлгөн мезгилдин башаты катары эсептелип калган. Бул кабардын таасиринен кийин, орустар жана чет элдиктер кен өндүрүш үчүн аябай көп келе башташкан.

Кызыл-Кыя шаарынын тарыхый жөнү көмүр кени менен шартталганы табийгый көрүнүш. Шаардын каны, жаны, жаңы түспөлү, өткөнү менен бүгүнкүсү, келечеги да түпкүрүндө жатып жашоого нур төккөн, жылуулук, кубат берген керемет байлыгына байланыштуу.

Шаар жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя Баткен облусуна караштуу Кичи-Алай кырка тоолорунун деңиз деңгээлинен 918 м бийиктикте жайгашкан. Шаарда 1901-жылы темир жолу салынган. Шаардын дүң продукциясынын 55%тин көмүр казып алынуучу эски борборлорунун бири. Союз убактысында жеңил, тамак-аш, эт-сүт ж.б.өнөр жай тармактары өнүккөн. Кызыл-Кыяда шахта башкармасы, "Алай" аскердик техника заводу, бут кийим тигүүчу фаврикасы, сүт заводу, тамеки ферментөө заводу, электр механикалык ишканалар, курулуш метериалдар комбинаты, цемент чыгаруучу завод, консервация заводу ж.б. иштейт. Азыркы күнгө чейин ЖОЖлар, бала-бакчалар, 2 кесиптик окуу жайы, тоо-кен кесиптик тех.окуу жайы,медицина окуу жайы, шаардык оорукана, шаардык маданият үйү, дем алуу паркы, музей, басмакана ж.б. иштеп келет.

Кен тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XX-кылымга жаңырарга аз калганда француз табышкерлер Шотт (муну кыргыздар Чотбай деп атап алышкан) менен Фосс 1901-жылы Кызыл-Кыядагы бир нече чакырым жерде жайгашкан Жин-Жиген кенин, кийинчерээк Фосс өз алдынча Жал деген жердеги кенге ээлик кылышкан. 1906-жылы Жалдын бир тарабынан орус ишкери Ракитин жаңы кен ачат. Француздардын ачкан шахтасы көп өтпөй суу астында калган. Кенди Н.Батюшковко сатышкан. Батюшков жаңы техникаларды алып келип кайра кенди иштете баштаган. Ошол эле 1908-жылы ал бис 1:1 жана бис 44 деген эки шахта ачып көмүр казууну тез жана сапаттуу кылып өндүрө баштаган. Андан соң ал Түркстандын генерал-губернаторуна көмүр кендеринен Скобелев (Фергана) шаарына чейин темир жол салуу өтүнүчү менен кайрылган. 1909-жылы курулган кууш темир жолдун узундугу 35 чакырымга барабар болуптур. Бул техникалык чоң жетишкендик эле. Себеби буга чейин көмүрдү Ферганага ат-арабаларда жеткиришип кыйналышкан эле.

Шахтерлордун тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип, 1909-1910-жылдардын кышында темир жол аркылуу 600миң пуд таш көмүр ташылып, кен казып алуу кыйла арбыды. Шахтерлор «шайтан» чырак менен көмүр казышкан. Шахтерлор учун көмүр казуу өтө эле оор иш бойдон кала берген. Себеби жыгачтын, темирлердин кымбатыгын шылтоолоп, түркүктөрдү аз коюшкан, бул кен казуучулар учун оор эле. Ошондуктан кырсык көп болгон, кен урап кеткен, аба жетпей калган, газ алып калган, ж.б. 1911-жылы 58 чоң кырсык катталган.

Кен ээлери кен казып өлгөн шахтерлордун үй бүлөсүнө, жетим балдарды көрмөксөнгө салып келишкен.

Октябрь төнкөрүшүнүн шоокуму[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ортодо Орусияда шоокуму дүйнө жүзүнө тараган Октябрь төнкөрүшү болду. Ага чейин эле Кызыл-Кыяда февраль революциясынын таасири менен жумушчу депутаттарынын комитети түзүлгөн эле. Бул Советтин алгачкы төрагасы 1905-жылы Москвадагы Куралдуу көтөрүлүшкө катышкан Иван Едренкин болгон. 1917-жылыдын 22-майындагы «Кызыл-Кыя» кенинин жумушчуларынын жалпы чогулушунун протоколу. 150 адам катышкан жыйындын токтому:

1. Коомчулукка аскер жана жумушчу депутаттарынын жергиликтүү Советине болочок мамлекетибиздин түзүлүшү Мыйзам чыгаруучу бир палаталуу Демократиялык Республика болорун түшүндурүү.
2. Телеграф аркылуу «Кызыл-Кыянын» жумушчулары чын дилинен, бүтүндөй күч кубатын жумшап Орусия революционерин колдой тургандыктарын кабарлоо. Жыйындын төрагасы – Михалев. Катчысы – Воронин.

1917-жылдын 1-июлундагы дагы бир документте шахтерлордун эмгеги бааланбаганы белгиленет. Алар тер төгүп, машакаттанып казган көмүр забойлордон убагында тартылбай, ишке тоскоол болгону белгиленет.

Ал эми кенчилердин турак-жайы санитардык шарттары өтө оор абалда болгондуктан жашоо-тиричилик ушунчалык кыйындаган. Кендин администрация төзөлгүн кырдаалга кызыгышпайт, жумушчулар менен жолугуудан тайсалдашат.

Октябрь революциясынын жениши Кызыл-Кыя көмүр кениндеги саясий абалды ого бетер курчутту. Эски менен жаңынын, эки түзүлүштүн аёосуз күрөшү, граждандык согуш, совет бийлигинин жеңиши менен аяктады.

Күрөш күүсүнөн жаңган ЭМЕС[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фашисттик Германия тынчтык курулушун ийгиликтүү жүргүзүп жаткан өлкөгө кол салышы, Кызыл-Кыя шаарынын катаал графигке өтүшүнө себепчи болду. Эр азаматтар Мекен чегин коргоого, кан майданга аттанганда алардын ордуна өспүрүмдөр, аялдар шахтага түшүштү.

Кызыл-Кыя согуш мезгилиндеги эмгектен жараткан эрдиги кайраттуулуктун, эли жери, Мекени, Эркиндик үчүн күрөшүүнүн үлгүсү. Анын баасы – Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу элдин улуу Жеңиши болду.

Арадан жылдар өттү. Согуштун кесепети аздап отуруп четке суурулуп, турмуш нугуна келе баштады. Мекенибиз гүлдөп өстү. Акырында Батышты ээлеп жаткан зор мамлекет алеки мезгилде ыдырады да калды. Жерибиз азбай-тозбой Эгемендүүлүктү да алды.

Бул замандын тарыхы мына ушинтип жазыла берет. Кутман жердин түпкүрүндөгү нур жана берсин.

АЛ КУНДОРДУН ДАНКЫ ОЧПОЙТ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук кочолорунун биринде Т. Кулатов атындагы тарыхый музей бар. Экспонаттары кыйла бай. Оз шаарынын откону, тарыхы, маданияты, саясый, экономикалык абалдарын толугураак чагылдырып, Кыргызстандын туштугундо гана эмес, бутундой Фергана ороонундогу эсте каларлык, кайталангыз окуялардын куболорун чогултууга болгон аракет ачык сезилет.

Шаарда дагы бир, уникалдуу музей бар. Ал «Кызыл-Кыя» комур кенинде, тагыраак айтканда башкармалыгынын имаратында жайгашкан. Ошол мезгилдеги жетекчи Борис Андрианович Прокофьев Егорович эле комок корсотуп, колдоп берген деп эскерет Владимир Егорович Рожков.

Владимир Егорович Рожков ал кезде кен ылгоочу болуп иштеген экен. Бул киши Кен тармагынын кызыкчылыгы менен жашап келген. Ошондуктан бир болмону болдуруп алып Кендин тарыхы учун материал чогулта башталган.

Рожков музей жонундо томонкудой эскерет. «Алгач громаталарды, мактоо баракчаларды чогулттум. Мыкты шахтерлордун, өмүрлөрүн, эмгектерин чагылдырган документтер, сүрөттөр акырындап чогула баштады. Музейдин көркүн чыгарган сүрөт стендтерди түзө баштаганда шаарды түрө кыдырып мурда иштеп кеткен шахтерлордун уйлорундо сакталып калган суротторун алып журдум. Бироолор суйунуп сыймыктанып берет, бироосу бербейм атамдын бир даана суроту бар дегендер да болду» деп эскерет. Согуштан кийин кочолорго атала баштады. Кочолорго улуу адамдардын аттары коюла баштады.

АТАКТУУ ШАХТЕРЛОР.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Кулатов, Владимир Егорович Рожков, Анатолий Александрович Епишев, Рамонжон Ташматов, Эрмек Абдуллаев, Мамасали Шакиев, Акмат Сайбидинов, Николай Тихонович Солошенко, Жусуп Садыков Алтымыш Сатывалдиев, Муса Абдувалиев, Можоев Георгий Никитович, А. Сайбединов Осмон Холматов,

Торобай Кулатов[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орноктуу омурдун ээси, кыргыздын туптолушунун пайдубалынын орун-очок алышына, андан сон осуп-онугушуно чон салымын кошкон, улуу инсандардын бири- Торобай Кулат уулу 1908-жылы тумондуу туштуктун Ноокат аймагындагы Жал ороонунун Кызыл-Булак айылында кедей-дыйкандын уй-булосундо жарык дуйного келген. 1926 – жыл Торобай Кулат уулунун турмушундагы бурулуш жылдардан болгонсуду.Ал ошол жылы Кызыл-Кыяга келип,темир жолго жумушчу болуп орношот.Ал жерден коп узабай ликбезге кирип,сабатсыздыгын жоюп,окуганда,жазганды уйронду.
1933-жыл. «Жал» шахтасына бургулоочу болуп которулуп,шахтерлордун алдынкыларынын эмгек толкунунан аралашат.
1934жыл.Жаш жигиттин шахтадагы жигердуу иш – араткеттери…. Анын Кызыл-Кыя комурчулор биримдигинин шахта комитетинин торагалык кызматына которулушуно туртку болот.сы
1936-жыл.Торобай Кулат уулу билим алуунун далалатыда болуп,Ош дубандык партиялык мектепке жиберилет.Аны бутуп кайрадан шахтыда партиялык комитеттин катчысы болуп иштейт.
1938-жыл. Кызыл-Кыя шаардык Кенешинин торагасынын орун басары,андан сон «Кыргызкомур» трестинин башчысынын биринчи орун басарлык иш-кызматына корсотулот.
1939-жыл.Кыргыз ССРнин Эл комиссариятынын Кенешинин торагалык кызматына дайындалат.
1945-1973-жылдары Торобай Кулат уулу Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин Президиумунун торагасы болуп узгултуксуз эмгектенет.
Эмгегинен сый-урматка арзыган журтчулугубуздун суймончуктуу уулу Торобай Кулат уулу бул мамлекеттик жогорку кызматтарда эмгектенген жылдары – СССРДин Жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кенештеринин I-IХ чакырылышынын депутаты болуп шайланган.КПССтин бир катар съездеринин депутаты болгон. Мамлекеттик бир катар жогорку сыйлыктар да ыйгарылган. Торобай Кулат уулу ардактуу эс алууда журуп, 1984-жылы 19-февралда дуйнодон кайткан.

Кыргыз журчулугуна аттын кашкасындай таанымал Кулат уулу Торобайдын ысмын туболукко калтыруу максатында озу тулуп оскон айылы «Жал» совхозуна Т.Кулатов атындагы чарба деген наам берилди.Ал эми эмгек жолун баштаган Кызыл Кыйа шаарындагы борбордук кочого Т.Кулатов атындагы кочо наамы ыйгарылды. 2008-жылы Т.Кулатовдун 100 жылдык маарекесине арналып Кызыл-Кыя шаарында Т.Кулатовдун айкели тургузулду жана шаардык тарыхый музейде Т.Кулатовдун иш кабинети ачылып,анын кийген кийимдери,колдонгон буюмдары коюлуп,басып откон тарыхый издерин чагылдырган эмгектери Бишкек шаарынын алынып келип коюлду. Ошондой эле шаардык тарых музейине жана шаардык борбордук стадионго, дем алуу багына жана Кулатовдун ысмы ыйгарылды.скверге

ХАСАНЖАН ДАДАБАЕВ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыяда жетекчилик чойродо иштеп жетишкен атуулдардын арасынан бири Х.Дадабаев болгон. Ал киши менен бирге иштеп калган адамдар томондогудой муноздошот. Адамдын оюн айтырбай биле туйган, улуу-кичууну бирдей сыйлаган адам болгондугун айтышат. Дадабаев Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айылында торолгон. Кызыл- Кыя Тоо-кен техникумунда окуган. Алгач «Комсомольская» шахтасында участканын начальниги болуп иштеген, кийинчерээк начальниги болуп иштеген. Окуусун улантып, Томскийдейги политехникалык институтту аяктап келип, кайрадан Кызыл-Кыяда «Комсомольскаяда» башкы инженер, жыл айланбай начальниги болуп иштеген.

1974-1990 жылдары Хасанжан Дадабаев калктын турмуш-тиричилик жактан тейлоо министри, андан сон республиканы курулуш-материалдар менен камсыздоо комитетин жетектеп келген. Х.Дадабаев мамлекеттик уч жолку Эмгек Туу ордени менен, Республикабыздын эмгек синирген Тоо-кенчиси, Эгемендуу Кыргыз Республикасынын «Данк» медалынын ээси. Тун уулу Хусан Дадабаев – айылда дыйканчылык менен алек. Уулу Муратжан Дадабаев – медицина илимдеринин доктору. Профессор. Тахиржан Дадабаев ата кесибин улап шахтер.

ЮЛДАШ ХУСЕНБАЙ УУЛУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-кен адистерин окуутуда Юлдаш Хусенбай уулунун опол тоодой эмгеги бар. Булл кишини шаар эли 30 жыл узбой депутат кылып шайлашкан. Билим беруунун отличниги болгон. Элдердин достугунун ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.

КОРОВИНА ЗОЯ ВИКТОРОВНА[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коровина Зоя Викторовна Кызыл-Кыя шаарынан кыз-келиндер арасынан биринчилерден болуп чыккан аял болгон. 1934-жылы Тоо-кен техникумуна окууга кирген. «Комсомольская» шахтасында техникалык жумушуна кабыл алынган. Согуш жылдары электр цехинде иштеп калды. Коровина Зоя Викторовна бир канча ардак грамоталардык ээси болгон.

АЛТЫМЫШ САТЫБАЛДИЕВ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А. Сатыбалдиев Ноокат районуна караштуу «Герейт-Шорон» айылында торолгон. Алтымыш ата шахта ишинин ысык-суугуна 1928-жылы аралашкан. Алгач жук-ташуучулар бригадасын жетектеген. Узак жылдары эмгектеги жогорку корсоткучторду жараткандыгы учун 1948-жылы «Социалистик Эмгектин Баатыры», «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» деген наам алган. Эмгектин даназалуу баатыры СССР Жогорку Кенешини сегизинчи, Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин 2-3 чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Кылым арыткан Кызыл-Кыянын осуп онугуусуно ооматуу салым кошкон инсандардан болгон.

КЫЗЫЛ-КЫЯДАГЫ ЖУМУШЧУЛАР-ДЕПУТТАР КЕНЕШИНИН БИРИНЧИ ТОРАГАСЫ ЕДРЕНКИН ИВАН ИВАНОВИЧ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Едренкин И.И. Россиянын Брянск облусунда Трубачев шаарында 1890-жылы торолгон. 1908-1917-жылдары Сулукту жана Кызыл Кыя шахтыларында ар-кыл жумуштарда иштеген. Туркстанда партиялык-ячейкаларды, жумушчулардын-депутаттардын Кенешин тузууго активдуу катышкан. 1917-1918-жылдары Кызыл-Кыяда тузулгон жумушчулар депутаттар Кенешинин биринчи торагасы болуп, ички-тышкы душмандарга курошуудо каармандык корсото алган. Едренкин Иван Иванович 1948-жылы 15-майда Кызыл-Кыя шаарында дуйнодон кайткан.

ПАРТИЗАНДАРДЫН КОМАНДИРИ ХРИПЧЕНКО ВАСИЛИЙ ЯКОВЛЕВИЧ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя шахты кенине коз арткан ак гвардиячылар менен басмачыларга каршы курошкон атчандар-партизандар отрядынын командири Хрипченко Василий Яковлевичтин да Ата-журт учун синирген эмгеги зор.

Василий Яковлевичтин негизги адистиги – шахтер бургулоочу. Ал комур онор жайында да узак узурлуу эмгектенген. 1961-жылы 14-ноябрда каза тапкан.

КЫЗЫЛ-КЫЯДАГЫ ЖУМУШЧУЛАР-ДЕПУТТАР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЕНЕШИНИН БИРИНЧИ ТОРАГАСЫ ЕДРЕНКИН ИВАН ИВАНОВИЧ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Едренкин И.И. Россиянын Брянск облусунда Трубачев шаарында 1890-жылы торолгон. 1908-1917-жылдары Сулукту жана Кызыл-Кыя шахтыларында ар-кыл жумуштарда иштеген. Туркстанда партиялык-ячейкаларды, жумушчулардын-депутаттардын Кенешин тузууго активдуу катышкан. 1917-1918-жылдары Кызыл-Кыяда тузулгон жумушчулар депутаттар Кенешинин биринчи торагасы болуп, ички-тышкы душмандарга курошуудо каармандык корсото алган. Едренкин Иван Иванович 1948-жылы 15-майда Кызыл-Кыя шаарында дуйнодон кайткан.

ПАРТИЗАНДАРДЫН КОМАНДИРИ ХРИПЧЕНКО ВАСИЛИЙ ЯКОВЛЕВИЧ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя шахты кенине коз арткан ак гвардиячылар менен басмачыларга каршы курошкон атчандар-партизандар отрядынын командири Хрипченко Василий Яковлевичтин да Ата-журт учун синирген эмгеги зор. Василий Яковлевичтин негизги адистиги – шахтер бургулоочу. Ал комур онор жайында да узак узурлуу эмгектенген. 1961-жылы 14-ноябрда каза тапкан.

КЫЗЫЛ-КЫЯ ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын маданий тармактарынын «бутак» алышы, катал тарткан отузунчу жылдардан арылап кетет. - 1928-жылы Кызыл-Кыяда алгачкылардан болуп кенчилердин клубу ачылган. - 1930-жылы кенчилердин аймагы текши радиолоштурулган. Радио точкалары жумушчулардын уйлорундо да орнотулган. - 1932-жылы «Шахтер» радио-газетасы иштей баштаган. - 1931-жылы август айында Кен башкармасынын «За уголь», ал эми 1932-жылдан баштап «комур учун» газеттери чыгарыла баштаган. - Кызыл-Кыялык инсан Гулмат Алматовдун шаардык маданий тармагынын осуп-онугушуно кошкон ургаалдуу салымы жонундо азыркы кундо да урмат-сый менен эскеришет. Гулмат карыя 1932-жылы эки кабат уйун акысыз шахтерлордун эс алуу жайы – профилакториясына айландырган. Кийинчерээк ал бак-шактуу кооз жай пионер лагерине, ал эми 1947-жылдан баштап шаардын маданий эс алуу жайына айландырып, ага 1997-жылы Модо Гулмат акенин ысмы ыйгарылган. - 1939-жылы, кайраткер шахтерлордун кун санап осуп келе жаткан рухий таламын канааттандыруу максатында шаардагы эн кооз имарат – шахтерлордун маданий Сарайы иштетууго берилген. Шахтерлордун бул маданият Сарайы шаардыктардын чыныгы маданий борборуна айланган. Мында ар жылы маданий жана спорттук секциялар да узгултуксуз иштиктуу откорулуп келген. - 1951-жылы борбордук китепканасы ачылган. Борбордук китепкана сиситемасынын китеп фонду 162 мин нусканы тузуп, ал 1990-жылы 26151 мин нускага жеткен. 2011-жылы 141045 нуска китеп фонду бар. Ошондой эле 26.400 сомго борбордук китепкана учун 1 компьютер жана 1 принтер алынды. Китепкана кызматкерлери республикалык, областык, шаардык денгээлде откорулуп туруучу семинар-тренингдерге катышып турушат. Ошондой тренингдердин бири 2010 жылдын 2-ноябрынан 5-ноябрына чейин Бишкек шаарында АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен АЙРЕКС ишке ашырып жаткан "Билим беруудогу заманбап технологиялар" программасынын уюштуруусунда отту. Бул тренинге борбордук китепканадан 3 китепканачы катышып келишти жана натыйжада 6 компьютер, вебкамера, цифровой фотоаппарат, проектор, принтер, сканер, ксерокопия берилди .Ошондой эле Интернет байланышына туташтырылып 1жылдык моонотко пайдаланууга берилди. Азыркы учурда борбордук китепкананын алдында "Китепкана-Интернет маалымат булагы" ачылып, ийгиликтуу иштеп жатат. - 1954-жылы МТС заводунун клубу пайдаланууга берилген. - 1961-жылы «Дружба» кинотеатры ачылган. - 1968-жылы «Заря» кинотеатры ачылган. - 1974-жылы музейде 2360 экспанат катталып ачылышы болгон. - 1976-жылы 9-май Жениш кунуно ардегерлердин хору уюштурулган жана алгачкы концерттерин беришкен. - 1977-жылы шаарда «Баатыр энелердин» фольклордук-этнографиялык «Рахат» - деп аталган ыр-бий ансамбли да уюшулган.

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААР СТАТУСУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыяга шаар статусу 1938-жылы берилген. Анын аянты – 0,02мин чарчы км. Шаар коп улутуу – 50дон ашуун улуттун окулдору жашашкан.

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНЫ ЖЕТЕКТЕП КЕЛГЕН ЖЕТЕКЧИЛЕР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анатолий Михайлович Малов, Ильяс Жусубалиевич Жусубалиев, Давыдов Николой Петрович, Каримшер Абдумомунович Абдумомунович, Исмаил Исакович Масаитов, Жумабеков Болотбек Жекшенович, Жунусов А.А., Абдивасиев М.Н, Анарбаев А., Халмуразаев Абиш Алыбаевич 2011-жылдан 2016-жылдын 13-июлуна чейин мэр болуп кызматта турган. 2016-жылдын 2-августунда шаардын мэри катары Топчубаев Эрмек Асанович шайланды.

http://kyzyl-kiya-t.turmush.kg/ru/news:307099

ШААРДЫК САЛАМАТТЫК САКТООНУН ОНУГУУСУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл-Кыя ооруканасынын тарыхы 1918-жылдан башталат. Ушул жылы ал жерде кичиникей амбулатория ачылып, анда 1 фельдшер жана ага комоктошкон медкызматкерлер иштешкен. 1921-жылдын аягында 1922-жылдын башында жумушчулардын жана, дыйкандардын жана солдаттардын Кызыл-Кыя райондук Совети 20 койкалуу оорукананы ачуу туурасында чечим кабыл алынат. Алгачкы врач Сухини деген врач болгон. 1926-жылы ооруканадагы койканын саны 35ке жетет. 1932-жылы 100го андан кийин 200го жеткен. 1932-жылы жубай врачтар Капытиндер келишип эмгектенишет. Адистештирилген меджардамдар, жугуштуу оорулар, терапевтик, акушер-генекологдук болумдору ачылат. Тез жардам учун 1 ат араба берилген. КММИде коп жылдар бою иштеген профессор Эгембердиев Зафар Иогамович башкы врач болуп иштеген. Капытина Ангия Александровна орун басары болуп иштеген. Азыркы кундо башкы врач (2011-ж) Жанибеков.

АДАБИАТТАР:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош шаардык энциклопедиясы (фрунзе 1989)

Кылым арыткан Кызыл-К (Бишкек 1998)

газета "За уголь"

газета "Мезгил жарчысы"<br /

Кызыл-Кыяда шаардык архиви