Кыз куумай

Wikipedia дан
Кыз куумай. СССР почта маркасы, 1991-ж., серия "Эл майрамдары".
Оюн учуру.

Оюн тууралуу[оңдоо]

Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.

Кызга жетүү

Кыз куумайдын байыркы оюндардан экендиги «Манас» эпосунда да жолугат. Сейтек ата конушу Таласка көчүп келе жатканда жолдо эригип, көңүл ачып, кыраандар бары баш болушуп кыз куумай оюнун ойногондугу мындайча баяндалат: Боз бала, жигит аралаш,
Кыз-келин менен жарышып,
Кызык өзөн бойлошуп,
Кызыгышып кыраандар
Кыз куушмай ойношуп,
Талыкпай көчүп, бээ байлап
Таласты көздөй бет алып,
Эл чуркурап, чуу болуп
Эр кубанып, дуу болуп,
Киндик кесип, кир жууган
Жерине көчүп келатат.

Баш сөздүн тексти[оңдоо]

Кыз өбүү

Кыз куумай жөнүндө эл оозунда да төмөндөгүдөй саптар айтылат: Кыз, жигити кыргыздын,
Кылымдап ойнойт кыз куумай!
Кыз куумай ойнун карасаң,
Кызыгына эл батып,
Кыйкырып дуулап тик турмай!
Кыз куумай ойну кыргыздын,
Эзелтен калган салты экен!
Эңкейип жандап жарышып,
Кызга жетсе жигити,
Буралтып туруп кыз өбүш,
Байыртан кыргыз наркы экен!

Кыз жигитти камчы менен сабоо

Ал эми кыргыздын белгилүү акыны Жалил Садыковдун:
Оюндун бири кыз куумай,
Күлүктөр көктө сызчудай.
Тизгинди чоюп жөнөсө,
Жигити – шумкар, кыз - куудай!
Оюн деп чиркин ушуну айт,
Көргөндө кимдер кызыбайт.
Жигити жетип кызды өпсө,
Көзүңө сүйкүм учурайт, - деген ыры бул оюн жөнүндө не бир көркөм элес берип турат.

Шарттары жана эрежелери[оңдоо]

Оюн 1-2 чакырымдай түз жерде, ат майданда (ипподром) ойнолот. Оюнга калыс дайындалат. Калыста ышкырык болушу керек. Кыз куумайга 15-17 же андан жогорку жаштагы курбалдаш кыз-жигит улуттук кийимчен катышат. Оюнга минилчү аттар алдын ала суутулуп, үртүктөлөт. Ат чабууну аштоочу жер, мара белгиленет. Кыздын минген аты жигиттин минген атына караганда күлүгүрөөк болот. Тагыраак айтканда атты кыз өзү тандайт.

Калыс кыз-жигитти аттарына мингизип, ат чабууну баштоочу жерге алып келет. Кыз жигиттен 20-25 метрдей алдыда турат. Калыс баштоого ышкырык менен белги берет. Кыз качат. Жигит кызды кууп жөнөйт. Жигит кызга жетсе аны жандай чаап, кыздын бетинен аяр сүйүп коёт. Эгер марага чейин кыз жигитке жеткирбесе, кыз кайрылып туруп жигитти камчы менен сабайт. Бирок өтө чабууга болбойт. Оюнда жеңгендерге белгиленген байге ыйгарылат.

Оюнчулардын саны 2—20 киши.

Оюн 1000 метрге чейин келген талаада өткөрүлөт

Оюнга даярдануу[оңдоо]

Оюнчулар аттарына минишип бир кыз, бир жигит болушуп турушкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[оңдоо]

Кыздар жана жигиттер кезектери келгенде бирден оюн башталуучу жерге чыгышкандан кийин, качып бараткан кызды, жигит белгиленген аралыктын ичинде кууп жетип баш кийимин алып кыздын аркасына тийгизүү менен өзүнүн жеңишин билдирет. Кызды кууп жете албаса жигит, оюндан ары чыгып калат. Ошентип андан кийин уткан кыздар жана жигиттер оюнду, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча ойношот.

Оюндун башка түрү: жигит куумай[оңдоо]

Оюндун эрежеси жолду туурасынан тозууга, өзүнүн атын башка оюнчунун атына карай багыттоого, токтотууга, тоскоолдук болууга, камчылоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын каалоосу боюнча, үчүнчү киши — жеңеси киргизилиши мүмкүн, анын ролу: кызды жигиттен сактап, ага жеткирбей чаап келүү үчүн кызга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Оюнчулар, оюнга улуттук кийимдерди кийишип чыгууга зарыл.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө, ат чабуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]