Кыргыз тилинин грамматикасы

Википедия дан

Кыргыз тилинин грамматикасы — бул кыргыз тилинин түзүлүшү жана эрежеси. Грамматикасын билүү куралдары тилдин синтаксиси жана морфологиясы болуп эсептелинет.

Грамматикалык түзүлүшү боюнча бул тил агглютинативдик тилдер тобуна кирип калат.

Сингармонизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сингармонизм – грек тилинен которгондо « sin - үн, harmoniо - окшошуу » болот. Сүйлөө кебибизде тыбыштардын биринин артынан экинчиси ээрчип, окшошуп, үндөшүп айтылышы сингармонизм, үндөштүк закону деп аталат. Кыргыз тилинде үндөшүү а) тил күүсүнө карай, б) эрин күүсүнө карай үндөшөт. Мисалы: жер+лаш+лар+ы+быз+дын=жердештерибиздин (ичке, эринсиз), үй+лар+ы+быз+дын=үйлөрүбүздүн (ичке, эринчил).

Сингармонизм түрк тилдери үчүн мүнөздүү тыбыштык көрүнүш. Азыркы учурда көпчүлүк түрк тилдериндеги сингармонизм, тил күүсүнө карай үндөшүүсү кеңири тараган, ал эми эрин күүсүнө карай үндөшүү сактала бербейт. Ал эми кыргыз тилинде сингармонизмдин тил күүсүнө карай да, эрин күүсүнө карай да үндөшүүсү абдан өнүккөн. Бул тилдин уккулуктуулугун, сөздөрдүн уйкаштыгын камсыздап, мунун натыйжасында «Манас» баштаган эпостор жаралып, кыргызда төкмөлүк өнөр абдан өнүккөн. Сингармонизм бир сөз ичиндеги муундардын ортосунда болот. Мисалы: а-та, а-па, э-не, и-ни, э-же ж.б. Үндөшүү уңгу менен мүчөнүн ортосунда да болот. Мисалы: эне+лар=энелер, тоо+лар=тоолор, зерик+ны=зерикти ж.б.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СИНГАРМОНИЗМ ЭКИГЕ БӨЛҮНӨТ:

1. Толук үндөшүү: ө+мүр+дүн=өмүрдүн то+кой+луу=токойлуу жак+шы+лык=жакшылык 2. Толук эмес үндөшүү: шыл+тоо=шылтоо чай+нек=чайнек шум+кар=шумкар

Кыргыз адабий тилинде сингармонизм мыйзамынын бузулушу дагы орун алган. Бул көрүнүш кайсы учурда болот? Башка тилден кирген сөздөрдө болот. Мисалы: адилет, алиппе, айкел ж.б. Кыргыз тилинде ээрчибес туруктуу мүчөлөр бар. Мына ушул мүчөлөр сөзгө уланган мезгилде да сингармонизмдин мыйзамы сакталбай калат. Мисалы: сүт+кор=сүткор, жем+кор=жемкор, илим+поз=илимпооз ж.б.

Жөндөмөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде алты жөндөмө бар.

Жөндөмөлөр Мүчөлөрү Мисалдар
Атооч Бул жөндөмө мүчөгө ээ эмес. шаар, жылкы, Жеңижок, Бермет
Илик -дын, -дин, -дун, дүн, -тын, -тин, -тун, -түн, -нын, -нин, -нун, -нүн. шаардын, жылкынын, Жеңижоктун, Берметтин
Барыш -ка, -га, -ке, -ге, -ко, -го, -кө, -гө. шаарга, жылкыга, Жеңижокго, Берметке
Табыш -ды, -ди, -ду -дү, -ны, -ни, -ну, -нү, -ты, -ти, -ту, -тү. шаарды, жылкыны, Жеңижокту, Берметти
Жатыш -да, -та, -де, -те, -дө, -тө, -до, -то шаарда, жылкыда, Жеңижокто, Берметте
Чыгыш -дан, -тан, -дөн, -төн, -дон, -тон. шаардан, жылкыдан, Жеңижоктон, Берметтен

Жекелик жана көптүк сандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде сандар жекелик жана көптүк болуп бөлүнөт. Жекелик сан заттын жалгыз экенин билдирсе, көптүк сан эки же андан ашык экендигин билгизет.

Көптүк сан кыргыз тилинде: -лар, -дар, -тар, -лер, -дер, -тер, -лөр, -дөр, -төр, -лор, -дор, -тор мүчөлөрү аркылуу жазалат. Мисалга: талаалар, кагаздар, дарактар, дептерлер, элдер, китептер, төөлөр, гүлдөр, бөбөктөр, тоолор, жолдор, боорсоктор.

Кээ бир сөздөр мүчөнүн жардамы жок эле көптүк маанини билдирип турат: чөп чабылды, эгин орулду, мал жайлоого чыгарылды, эл-журт тоого чыкты ж.б.

Айрым учурда көптүк маани синтаксистик жол менен да берилет: мол түшүмдү болду, көп бала окудуу, жалпы адам келди.

Кээде сан аркылуу билинет: он беш таш тизилди, жыйырма мүшөк буудай чыкты, эки дарак кыйылды.

Зат атооч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зат атооч - заттын атын же заттык түшүнүктү билдирип, жөндөмө, сан, таандык, жак мүчөлөрү боюнча өзгөргөн, сүйлөмдүн ар кандай мүчөсүнүн милдетин аткарган, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берген сөздөр зат атооч деп аталат. Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп, экиге бөлүнөт.

Энчилүү жана жалпы аттар

Энчилүү ат жеке бир затка энчиленип коюлат. Аларга кишилердин, шаарлардын, тоолордун, океандардын, мекеменин, окуянын, айбандардын ж.б. аттары кирет. Алар дайыма баш тамга менен жазылат. М и с а л ы: Ысык-Көл, Тянь-Шань тоолору, Аккула, «Гүлсарат» романы, Бишкек шаары, «Кыргыз руху» газетасы, «Комсомолская правда» газетасы ж.б.

Жалпы ат бир түрдүү заттарга жалпы жонунан берилет. М и с а л ы: токой, тоо. таш, су у, мектеп, шаар, адам, мал, эл ж.б.

Энчилүү аттардын жазылышы

Энчилүү аттар төмөндөгүчө жазылат.

1. Адамдардын аттары, атасынын аты, фамилиясы бир сөздөн же сөз айкашынан тургандыгына карабастан, ар бири баш тамга менен жазылат. М и с а л ы: Болот, Кубаныч, Курманбек, Аманбай Эсенович Саламатов, Айсулуу Туратовна Токтомушева.

2. Өз атынан тышкары коюлган аттар, жашыруун аттар (псевдонимдер) баш тамга менен башталып жазылат. Эгерде мындай энчилүү аттар эки сөздөн турса, арасынан эч белги коюлбастан бөлөк-бөлөк жазылат да, экөө тең баш тамга менен башталат. М и с а л ы: Тоголок Молдо (атактуу демократ акын Байымбет Абдракмановдун элге таралып кеткен аты), Балка (эл акыны Аалы Токомбаевдин адабияттык аты), Молдо Кылыч, Молдо Нияз.

3. Жаныбарларга коюлган энчилүү аттар бир сөздөн же сөзайкалышынан тургандыгына карабастан, баш тамга менен башталып жазылат. Кыргыздарда мындай аттар көбүнчө жылкыга жана иттерге карата колдонулат. М и с а л ы: Акжол, Аккула, Алгыра,Койкүрөң, Тайтору, Тоотору (жылкы аттары), Желмаян (төнүн аты), Бөрүбасар, Жолборс, Учар, Тайбас(иттин аттары).

4. Географиялык аттар (жер-суунун, тоолордун, калк орношкон пунктардын, көлдөрдүн ж.б. аттары) дайыма баш тамгалар менен жазылат. М и с а л ы: Алай, Арка, Алчалуу, Баткен, Боом, Гүлчө, Кабак, Орток, Өрүктү, Тамга, Сүлүктү, Талас, Чүй, Нарын, Кемин, Өрнөк.

5. Кыргызстандын территориясындагы эки же андан артык сөздөн куралган татаал географиялык аттардын бардыгы тең араларына дефис коюлуп, ар бири баш тамгалар менен башталып жазылат. М и с а л ы: Ак-Булуң, Ак-Буура, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Ийри-Суу, Кичи-Кызыл-Суу, Корумду-Төр, Чоң-Ак-Суу, Ысык-Көл, Жалал-Абад.

6. Кыргызстандын территориясынан тышкары географиялык аттар орус орфографиясынын негизинде жазылат. М и с а л ы: Урал, Уфа, Казань, Европа, Семипалатинск, Минск.

7. Кыргызстандын территориясынан тышкары төмөнкү географиялык аттардын кыргызча айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя, Кокон, Маргалаң, Алматы, Самаркан, Ташкен(т).

8. Зарылдыгына карай Кыргызстандын территориясынан тышкары бир катар географиялык аттардын орусчадан которулуп алынышына жол берилет. Мындай учурларда татаал энчилүү аттардын составындагы деңиз, арал, булуң, кысык, көл деген сыяктуу сөздөр кичине тамга менен бөлөк жазылат. М и с а л ы: Ак деңиз, Кара деңиз, Рига булуңу, Онега көлү, Куриль аралы, Инд океаны, Дарданелл кысыгы.

9. Жер-суунун атынан алынган колхоз-совхоздун аттары тырмакчага алынып жазылат: М и с а л ы:«Шамшы» колхозу, «Алга» совхозу, «Жаңы-Жер» совхозу ж.б.

Эгер колхоз-совхоздун, мектептин ж.б. аттары адамдын атына коюлса, тырмакчыгы алынбай жазылат. М и с а л ы: Ленин атындагы колхоз, Фрунзе заводу, Манас кыштагы.

10. Китептердин, газета-журналдардын ж.б. аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен, эгер эки сөзү тең энчилүү ат болсо, эки сөзү тең баш тамга менен жазылат: «Каныбек» романы, «Кыргыз туусу»газетасы, «Ала-Тоо» журналы, «Россия» кинотеатры ж.б.

11. КМШдагы, чет элдик партиялык, өкмөттүк, профсоюздук жогорку мекемелер менен уюмдардын наамдарынын аттары баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кытай Эл Республикасы, Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кореянын Элдик-Демократиялык партиясы, Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы, Эркин Кыргызстан партиясы, Казак Республикасы, Өзбек Республикасы ж.б.

12. Энчиленип айтылган тарыхый окуялардын аттарынын биринчи, экинчи сөздөрү баш тамга менен жазылат: Улуу Октябрь социалисттик революциясы, Улуу Ата Мекендик согуш ж.б.

13. Белгилүү даталардын, революциялык майрамдардын аттарынын биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: Аялдардын эл аралык майрамы, Жеңиш күнү, Жаңы жыл, Космонавтика күнү, Мугалимдер күнү, Билим майрамы.

14.Эгерде татаал энчилүү аттардын биринчи сөзү иреттик сан атоочтордон болуп, цифрра менен жазылса, экинчи сөзү баш тамга менен жазылат: 1-Май, 8-Март, 9-Май ж.б.

15.Министерстволордун, партиялык жана коомдук уюмдардын, ар түрдүү мекемелердин, окуу жайларынын биринчи сөзү жана анын составындагы кошо айтылган энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук илимдер академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогиялык университети, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети ж.б.

16. Астрономиялык аттар баш тамга менен жазылат: Марс, Чолпон, Күн, Жер, Ай ж.б.

Сын атооч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заттын түсүн, сынын, сыпатын, даамын, формасын жана башкаларды билдирип, кандай? кайсы? аттуу суроолорго жооп кайтарган сөздөр сын атооч деп аталат. Мисалы: жашыл, көк, дурус, даамдуу, кычкыл, сүйрү, катуу ж.б.

Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска (кыска - баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы - бышыктооч).

Сын атоочтор грамматикалык түзүлүшүнө карата экиге бөлүнөт: жөнөкөй жана татаал сын атоочтор болуп. Жөнөкөй сын атоочтор «кандай» деген суроого жооп берип, бир сөздөн турат, мисалы:

Сөздөр Мисалдар
тентек Асан тентек болгон бала экен
амалдуу Айгүл амалдуу кыз
алгыр Актөш алгыр ит
сүткөр Ал сүткор адам
өнөрлүү Өнөрлүү болгон жигит Касым өнөрлөрүн көрсөттү
кызыктуу Биз кызыктуу ойнодук

Татаал сын атоочтор эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлүп, лексикалык жактан бир эле түшүнүктү билдирет, мисалы:

Сөздөр Мисалдар
Кызыл-тазыл Бермет кызыл-тазыл болуп кийинип келди
алдуу-күчтүү Кожомкул алдуу-күчтүү балбан болгон
Ак жумал Ал киши ак жумал болгон
кара-тору Үсөн кара-тору атын минип келди

Ат атооч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ат атооч бул - зат, сын, сан атоочтордун ордуна колдонулуучу жана алардын белгилерин атабай, жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат атооч деп аталат.

Ат атооч сөздөргө төмөнкүлөр кирет: мен, сен, ал, биз, силер, бул, тигил, ким?, эмне? эч ким, эч нерсе, бары, бүткүл, ар ким, ар бир, өз ж.б.


Ат атооч сөздөр берген маанилерине карата төмөндөгүдөй бөлүнөт:

— Жактама ат атооч

— Шилтеме ат атооч

— Сурама ат атооч

— Сурама ат атооч

— Таңгыч ат атооч

— Аныктама ат атооч

— Белгисиз ат атооч

Жактама ат атооч:

Затты үч жактын бирине таандык кылып көрсөткөн ат атооч жактама ат атооч деп аталат. Жактама ат атоочторго: мен, сен, сиз, ал, биз, силер, алар деген сөздөр кирет да, ким? кимдер? деген суроолорго жооп берет.

Жактама ат атоочтор жекелик түрдө да, көптүк түрдө да айтылат. Мисалы:

Жекелик түрдө Көптүк түрдө
1 - жак Мен Биз
2 - жак Сен Силер ( Сиздер )
3 - жак Ал Алар

Шилтеме ат атооч:

Бир затка карата көрсөтүлө, жаңсоо иретинде айтылган ат атоочтор шилтеме ат атооч деп аталат. Шилтеме ат атоочторго кайсы? деген суроо берилип: бу (бул), тиги (тигил), ошо (ошол), ушу (ушул), тетиги (темына бул, мына ушу деген ж.б. сөздөр кирет.

Сурама ат атооч:

Заттын санын, катар тартибин, сапатын, ордун, аты жөнүн, мезгилин аныктап билүү үчүн суроо иретинде колдонулуучу сөздөр сурама ат атооч деп аталат. Сурама ат атооч ар дайым суроо иретинде айтылат да аларга: ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? нече? кайдан? кандай? кана? деген ж.б. сөздөр кирет.

Таңгыч ат атооч

Жалпыланган заттык, сын-сыпатгык, сан өлчөмдүк маанини тануу же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атооч тангыч ат атооч деп аталат. Тангыч ат атоочторго: эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч канча, эч теме, эч кайсы, эч убакта, эч кайда деген ж.б. сөздөр кирет.

Аныктама ат атооч

Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат. Аныктама ат атоочторго: бүткүл, бардык, баары, бүтүн, ар ким, ар бир,ар кандай, ар качан, ар кайсы, өз деген сөздөр кирет.

Белгисиз ат атооч

Заттарды, кубулуштарды жана алардын ордун, мезгилин ж.б. так көрсөтпөстөн, болжолдоп, бүдөмүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атооч деп аталат. Белгисиз ат атоочторго: кайсы кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, алда ким,кандайдыр бир, бир нерсе, кай бир, кээ бир деген ж.б. сөздөр кирет.

Ат атоочтун синтаксисдик кызматы

1. Ээлик: Биз келдик. Алар ырдашты. Сен жакшы окуйсуңбу? 2. Баяндоочтук: Биздин жер - ушул. Атасы да, энеси да мен. 3. Аныктоочтук: Менин тилегим орундалды. Баарыбыздын оюбуз жакшы. 4. Толуктоочтук: Аларды чакырдык. Бизди сыйлашты. Аны көрдүм. 5. Бышыктоочтук: Балдар бизде болушту.

Сан атооч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заттын санын, иретин, эсебин билдирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат. Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет. Сан атооч сөздөр сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук, айкындоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Экөөбүз совхозго бирге бардык (ээси-экөөбүз). Ажардын жашы он үчтөрдө (баяндоочу — он үчтөрдө). Жыйырма беш бешке бөлүнөт (ээси - жыйырма беш, айкындоочу - бешке) ж. б.

Сан атоочтун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. Мисалы: Жөнөкөй сан атоочтор: эки, беш, он, миң, миллин. Татаал сан атоочтор: он үч, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж.б.

Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү

Сан атоочтор маанисине карай 6 га бөлүнөт: 1-эсептик сан, 2-иреттик сан, 3-жамдама сан, 4-чамалама сан, 5-топ сан, 6-бөлчөк сан.

Эсептик сан атооч Заттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроолорго жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. Мисалы: бир, отуз, үч жүз миң, миллион, кырк дептер ж.б.

Иреттик сан атооч Заттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат. Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга -ынчы(-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бир + ынчы = биринчи, сегиз + ынчы = сегизинчи ж.б.

Иреттик сандын -ынчы мүчөсүнөн кийин чыгыш жөндөмөнүн -дан мүчөсү уланып айтылганда киринди сөздүк мааниде колдонулат. Мисалы: Менин силерди чакырткан себебим төмөнкүчө: биринчиден, алдыдагы ишти кеңешүү, экинчиден, алтын кушту издеп табуу.

Жамдама сан атооч Сан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтүп, канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берүүчү сандар жамдама сан атооч деп аталат. Жамдама сан атоочтор эсептик сандарга -оо, -өө мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бирөө, экөө, алтоо. Жак мүчөлөр уланганда төмөнкүдөй өзгөрөт: бирөөбүз (сүңөр, сүздөр), экөөбүз (сүңөр, сүздөр), алтообуз (суңөр, суздөр) ж. б.

Жамдама сан атоочтор сүйлөм ичинде ээлик, аныктоочтук, толуктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Окугандардан алтоо сыйланды (ээси - алтоо). Үчөөнө ардак грамота берилди (толуктоочу- үчөөнө). Экөөнүн иши жакшы деп бааланды (аныктоочу - экөөнүн).

Чамалама сан атооч Заттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат. Чамалама сан атоочтор төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.

1.Чамалама сан эсептик сан атоочтордун өз ара айкалышуусу аркылуу жасалат: алты-жети, он-он беш, сексен-токсон, эки жүз - үч жүз ж.б. 2.Эсептик сан атоочторго жакын, чамалуу, ашуун, чакты деген сөздөрдүн өз ара айкалышуусу менен түзүлөт. Мисалы: отузга жакын, кырк чамалуу, жүздөн ашуун, жыйырма чакты. 3.Эсептик сандарга -дай, -ча, -даган мүчөлөр улануу менен түзүлөт. Мисалы: отуздай, кырктай, алтымышча, ондогон. 4.Эсептик сандарга көптүк -лар мүчөсү, көптүк мүчөсүнөн кийин жөндөмө мүчөлөрдүн бири улану менен чамалама сан атооч түзүлөт да, заттык мааниде колдонулат. Мисалы: Анын жашы кырктарга барып калды. Саат бирлерде биз сабактан тарайбыз.

Топ сан Заттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат. Кыргыз тилинде топ сандын өзүнө тиешелүү мүчөсү жок, бир же эки кайталанган эсептик сандарга чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү улануу менен гана жасалат. Мисалы: Алар бештен, биз үчтөнбүз. Айфон сатып алуучулар беш-бештен бөлүнүштү.

Бөлчөк сан Заттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат. Бөлчөк сан чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү аркылуу жасалат. Бирок чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) бөлчөк сандын биринчи бүтүн санына уланып, анын бөлүгүнөн мурун айтылат. Мисалы: экиден бир, бештен үч, ондон эки ж.б.


Сан атоочтун жазуу эрежелери

Сан атооч сөздөр төмөнкүчө жазылат: Жөнөкөй сөздөр айрым жазылат. Мисалы: бир, эки, жыйырма, отуз, кырк ж.б. Төмөнкү эсептик сандарда эки л тамгасы катар жазылат: миллион, миллиард, триллион, триллиард.

Иретти көрсөтүүчү сандар цифра аркылуу берилсе, цифра менен кийинки сөздүн ортосуна дефис коюлуп, -ынчы, -нчы мүчөсү жазылбайт: 5-класс, 1977-жыл, 10-катар. Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай бөлөк жазылат. Мисалы: IV класс, XX кылым, XXV съезд, X глава.

-оо, -өө мүчөсү сан атоочтор менен бирге жазылат да, аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө уланганда үндүүнүн бири түшүп калат. Мисалы: эки + өө = экөө, алты + оо = алтоо, жети + өө = жетөө.

Сан атоочтун синтаксистик кызматы

  1. Ээлик (затташып): Экөө барды, үчөө келди.
  2. Баяндоочтук: Мен он үчтөмүн. Атам кыркта.
  3. Аныктоочтук: Беш киши келди. Жүздүн жарымы-элүү.
  4. Толуктоочтук: Саат ондордо келем. Онду онго кошсо, жыйырма.
  5. Бышыктоочтук: Ал эки келди. Биринчи сыйландым.

Этиш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды? эмне кылат? эмне кылып жатат? Эмне болду? Эмне болуп жатат? Кантет? Деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалы: Айшакан сайма сайды. Самолёт бийик көтөрүлдү. Балдар келип калышты. Мен окуп жатам. Жакында айылга барам.

Жөнөкөй жана татаал этиштер

Этиштер түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал этиштер болуп экиге бөлүнөт.

Жөнөкөй этиштер бир сөздөн, татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. Мисалы: бар, кел, ойно, оку, бара кел, ойноп жүр, жазып бер, окуп жибер, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим.

Татаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.

Мисалы: Иштеп жатат (иштеп - негизги этиш, жатат - көмөкчү этиш). Окуп келди (окуп - негизги этиш, келди - көмөкчү этиш). Ал келген экен (келген негизги, экен көмөкчү этиш. Мира окуп жиберди, окуп негизги этиш, жиберди көмөкчү этиш.

Тубаса жана туунду этиштер

Этиш сөздөр тубаса жана туунду болуп, экиге бөлүнөт. Тубаса этиштер уңгу түрдө турат. Мисалы: бар, кел, кет, жүр, бер, отур, оку, жый, кой, тур ж. б.

Туунду этиштер мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

-ла: кайчыла, башта, тиште

-а: сана, чене, көзө, жаша

-ар: агар, көгөр, бозор, жашар

-лаш: жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш

-кар: башкар, аткар, өткөр, откор

-сыра: уйкусура, кансыра, алсыра

-ы: байы, кеңи, жашы

-каз: атказ, откоз, бүткөз

-ылда: чырылда, бакылда, күпүлдө

-ай: азай, көбөй, муңай, чоңой

Этиштин мамилелери

Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп аталат: ал, бер, жаз, оку, жазыл, асын, куткар, жаздырат ж. б. Кыргыз тилинде этиштин мамилелери бешке бөлүнөт:

Негизги мамиле: Кыймыл-аракет сүйлөмдүн ээси тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер негизги мамиле деп аталат.

Мисалы: Замира китеп окуду. Ныязбек жазды десек, кыймыл-аракет башка кишилер эмес Замира, Ныязбек тарабынан гана аткарылды.

Негизги мамиле: этиштин өзүнө тиешелүү мүчөлөрү жок, башка мамиле этиштерди түзүүгө негиз болот. Туунду жана тубаса этиштер негизги мамилени түзөт: жаз-жазыш, жазып, жаздыр, жуу-жуун, жууш, жуудур, жуудурт ж. б.

Кош мамиле: Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулушуп, иргелешип аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп талат.

Кош мамиле этиштерди - ыш (-иш, - уш, - үш, - ш) мүчөсү юштурат. Мисалы: алыш (алышты), жазыш (жазышты), санаш (санашты), иштеш (иштешти), бериш (беришти).

Өздүк мамиле: Негизги мамиле этишке - ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.

Өздүк мамилени - ын (-ин, - ун, - үн, - н) мүчөсү уюштурат. Мисалы: ачын, көрүн, жуун, кийин, жамын, чечин, ойгон, жасан, таран ж. б.

Туюк мамиле: Кыймыл - аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей маанини билдирген этиштер туюк мамиле этиш деп аталат.

Туюк мамиле этишти – ыл, (-ил, - ул, - үл, - л) мүчөсү уюштурат. Мисалы: жазылды, ачылды, тосулду, оңолду, жасалды, кесилди, ж. б.

Аркылуу мамиле: Кыймыл-аракет буйручунун өзү эмес башка бирөөлөр тарбынан иштелгендигин, аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. Аркылуу мамиле этишти төмөнкү мүчөлөр уюштурат.

-дыр алдыр, күлдүр, билдир -гыз отургуз, жеткиз, билгиз -кыр жеткир, жаткыр -ыр батыр, житир, өчүр -коз бүткөз, өткөз -ыз агыз, эмиз, угуз -т санат, окут, ойнот -ыт коркут, үркүт, жарыт

Этиштин ыңгайлары

Сүйлөөчү адамдын кыймыл - аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыңгай деп аталат.

Этиштин ыңгайлары кыймыл - аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет. Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт:

Буйрук ыңгай: Сүйлөп жаткан адамдын кыймыл – аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн, билдирген сөздөр буйрук ыңгай деп аталат. Буйрук ыңгай төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт:

Негизги этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: айт, кел, оку, жаз, бар, бас, тап, бил, ал, ук ж. б. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: кайчыла, сана, иште, сүйлө, ойно, башта, жолук, жазыш, жардамдаш ж. б. -сын,- гын, - гыла, - ыңыз, - ыңыздар алы (алык) сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен түзүлөт. Мисалы: ойносун, баргын, иштегиле, келиңиз, барыңыздар, баралык, жөнөйлүк ж. б.

Шарттуу ыңгай: Кыймыл-аракеттин аткарылышы же аткарылбай калышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиш сөздөр шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды – са мүчөсү уюштурат. Мисалы: барса, келсе, окуса, жазса, көрсө, ойносо, ж. б. Шарттуу ыңгай төмөндөгүдөй беш маанилерди билдирет:

1.Шарттык маанини: Күн жааса, биз барбай калабыз. Күн ачылса, биз жөнөйбүз. Алар кечиксе, мен барбайм.

2.Мезгилдик маанини: Бүгүн кетсек, кайра келбейбиз. Күн чыкса, алп иштер башталат.

3.Өтүүнү, сурануу маанисин: Жакшы окусаңар, тартиптүү болосуңар, көп ийгиликтерге жетесиңер. Барсаң бар, келсең кел.

4.Карама-каршылык маанини: Чоро күтсө, Танабай келген жок. Ал келсе, мен барбайм.

5.Себеп маанини: Согуш бүтсө, жумуш жеңилдеп калар эле. Жакшы колго түшсө, көңүлү курсант болот. Жаман колго түшсө, кор болот.

Каалоо-тилек ыңгай: Кыймыл - аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат.

Тилек ыңгайды – айын (I жак, жекелик санда), - алык (I жак, көптүк санда), - гай эле + жак мүчөлөрү (I, II), - са + жак мүчөлөрү + экен уюштурат. Мисалы: барайын, келелик, көргөй, элем, барса экен, барсам экен.

Каалоо-тилек ыңгай аркылуу берилген кыймыл-аракеттин али иш жүзүнө ашышы, же ашпай калышы сүйлөп жаткан адамга ачык, так болбойт, ошонун ишке ашышын тилейт, каалайт.

Максат-ниет ыңгай: Кыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон ниетти тилекти билдирген этиштер максат-ниет ыңгай деп аталат.

Ниет ыңгайды - мак, - макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө - мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген сыяктуу көмөкчү сөздөр кошо айтыла берет. Мисалы: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакмын. Биз кечигип калмак болдук. Элдин сөзүнө караганда, Каныбек мында келмек эмес ж. б.

Баяндагыч ыңгай: Кыймыл-аракеттин ошол учурда болуп өткөнүн, болуп жатканын, боло турганын жайынча баяндаган этиш сөздөр баяндагыч ыңгай деп аталат. Мисалы: Шаарга бардым. Шаарга бара жатам. Шаарга барганмын. Баяндагыч ынгай жакты жана чакты билдирет.