Кыргызстандагы социология

Википедия дан

Жунушова Сайкал Орозовна, социологиялык илимдердин кандидаты, доцент

Кыргызстандагы социология илиминин өнүгүшү

Кыргызстанда социологиялык иликтөөлөр өзгөчө тарыхка ээ деп айтсак туура болот. 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде философ Асанбек Табалдиев тарабынан СССРдеги биринчилерден болгон социологиялик лаборатория түзүлгөн. Бул лабораторияда жаш тарыхчылар, философтор, филологдор, экономисттер кызматташ болушкан жана аларды жалпы социологиялык кызыгуулар бириктирип турган. Республикабызда социологиянын калыптануусу илим, билим жана маданият менен алардын өнүгүүсү менен шартталган. Социологиялык изилдөөлөрдүн өнүгүү тенденциясы социологиялык лабораторияларда жана жогорку окуу жайларда, ишканаларда, мамлекеттик кызматтарда уюшуп өз иштерин баштаган. Социологиялык изилдөөлөр өзүнчө бир маанини коомдун барометри катары калыптана баштаган. Жашоонун экономикалык тараптары менен бирге үй-бүлөлүк, моралдык жана маданияттык, руханий мамилелер изилденген. Ошону менен бирге коомдун социалдык структурасын жана эл аралык мамилелердин өзгөчөлүктөрү калыптана баштаган. Индустриалдык социология, эмгек, жаштар, билим, дин, өспүрүмдөр, ден-соолук социологиясы жана массалык маалымат социологиясы негизги тармактар катары өнүгө баштаган. Социологдордун жана экономистердин негизги ою сырткы жана ички миграцияга, социалдык-демографиялык процесстерге бөлүнгөн. Социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында тажрыйба топтолуп, социологялык метод, техника жана методологиялык мамилелер калыптана баштады.

1966-жылдан 1975-жылга чейин Кыргыз ССРинде изилдөөлөр жүргүзүлүп, 20 миңден ашуун жумушчулар, колхозчулар, кызматчылар, интелигеттер жана студенттердин арасында иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Совет доорунда республикадагы калктын көз карашы, аң сезими, коомдогу болуп жаткан кубулуштарды аңдап билүүсүнө өзгөчө көңүл бурулган. Улуттар арасында пикир келишпестиктер, карама-каршылыктар көбүн эсе жокко эсе болгон. Ошол учурдагы социологдордун көңүл борборунда көп улуттуу эмгек жамааттарынын мамилесин окуп үйрөнүү турган. Интернационалдык нике мамилелери жана анын натыйжасында улуттар арасында тыгыз мамилелер пайда болуп, башка интернационалдык нике курушуп, кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адат, тил жана маданиятына аралаша башташкан.

1980-жылдын аягында 1990-жылдын башында, тактап айтканда 1980-жыл менен 1990-жылдын аралыгында өтө чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Дүйнөнүн политикалык картасы бир кыйла өзгөрүүгө учурап, жыйынтыгында Советтер Союзунун кулашына жана эл аралык этникалык пикир келишпестиктерге алып келди. Жыйынтыгында XXI кылымдын башында республикада кана эмес, СНГ өлкөлөрүндө, дүйнө жүзүндө, глобалдык, локалдык, регионалдык проблемалардын жана эл аралык пикир келишпестиктердин күчөшүнө түрткү болду.

Акыркы жылдары социологиялык сурамжылоолор профессор К. И. Исаевдин жетекчилиги астында жүргүзүлүп келүүдө, маселен: менчиктештирүү проблемасы боюнча, базар мамилелеринин калыптанышы, жаштардын арасындагы баалуулуктар, ааламдашуудагы Кыргыз мамлекетининин орду жана көптөгөн изилдөөлөр жана ишмердүүлүктөр жүргүзүлгөн.

Бир нече кыргыз окумуштуулары Миннесоте Кэтлип Кунаста университетинин жетекчилиги астында 1993-жылдын август-октябрь айларында «Аялдар жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр» деп аталган социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал изилдөөлөргө 600дөн ашуун кыргызстандагы айымдар интервью беришкен. Ал изилдөөгө өзгөчө жумушсуздар, индвалиддер, көп балалуу үй-бүлөлөр, орто мектеп бүтүрүүчүлөрү камтылган.

1984-жылы, 1980-1990 - жылдары жана 1990-жылы профессор Исаев тарабынан Кыргыз Социологдор Коому түзүлгөн. Ал коом ЖОЖдордо, лабораторияларда, мамлекеттик администрация кызматтарында иштеген социологдорду бириктирген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ондогон социологиялык лабораториялар, косалтинг уюмдар, борборлор, социологиялык иликтөө группалары иш алып барууда. Алар көбүн эсе Борбордук Азиядагы социалдык, экономикалык, саясий кырдаалдарга социологиялык изилдөө иштерин жүргүзүлүүдө. Андан тышкары бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясий партиялардын ишмердигин, өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттери кандай иш-чаралар мене алек болгондугун иликтеп жана ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар менен чогуу коомдогу болуп жаткан социалдык проблемаларга социологиялык баа беришүүдө.

Калыстык үчүн айта кетчү нерсе азырынча социологиялык иликтөө уюмдары инновациалык технологияларга маселен: саясий PR-жарнама, социалдык дизайн маселесине Кыргызстанда жаңы гана конүл бурула баштады. Жаңы технологияны өздөштүрүү бул коомдогу болуп жаткан социалдык, экономикалык, маданий, саясий кырдаалдарга эффективдүү таасир берүү, кырдаалды моделдештирүү болуп эсептелет эмеспи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ондогон социология илимдеринин кандидаттары, эки илимдин доктору, чет өлкөлөрдөн РhD, магистр дипломдоруна көптөгөн жаштарыбыз ээ болууда. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында иштеген социологдор көптөгөн эл аралык проектер менен активдүү кызматташууда. Бирок мамлекет тарабынан социология илимине анчалык колдоолор байкалбайт. Азыркы коомдогу кубулуштарга социологиялык анализ болбосо алдыга Кыргыз коомунун дүйнөлүк ааламдашууга татыктуу аралаша албай калышы мүмкүн.