Кыргызстан театр ишмерлер союзу

Википедия дан
Кыргызстан театр ишмерлер союзу
Уюмдун түрү:

Чыгармачыл уюм

Кыргызстан театр ишмерлер союзу - республиканын театр ишмерлерин бириктирген коомдук-чыгармачылык уюм.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан театр ишмерлер союзу 1987-жылы декабрь айында Кыргыз ССРинин театр ишмерлер Союзу болуп түзүлгөн.
  • 1987-жылга чейин Кыргызстан Театрлар коому деп аталган.
  • Кыргызстан Театрлар коому 1961-жылы 1-декабрда түзүлүп, аны СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов уюштурган жана биринчи төрагасы болгон.
  • 1974-жылдан 1987-жылга чейинки Кыргызстан Театрлар коомунун төрагасы драматург Токтоболот Абдумомунов.
  • 1987-жылы Кыргызстан Театрлар коому Кыргызстан театр ишмерлер Союзу болуп кайра түзүлүп, алгачкы төрагалыгына СССРдин эл артисти, атактуу бийчи Чолпонбек Базарбаев шайланган.
  • 1991-жылы ноябрь айында Кыргыз ССРинин театр ишмерелер союзу Кыргызстан театр ишмерлер союзу болуп кайра каттоодон өткөн.
  • 1995-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти Кыргыз Республикасынын эл артисти Таштан Жолдошбеков.
  • 2005-жылы айрым бир объективдүү себептерге байланыштуу дагы бир Театр искусство ишмерлер Союзу түзүлүп, президенттигине режиссер, профессор Мелис Шаршенбаев шайланган.
  • 2013-жылы 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын театрларынын жоон топ өкүлдөрүнүн жыйыны өтүп, анда Кыргызстан театр ишмерлер союзу калыбына келтирилип, президенттигине драматург, сынчы жана режиссер Жаныш Кулмамбетов шайланып, бул чыгармачылык уюм кайрадан мурдагысындай Кыргызстан театр ишмерлер союзу деп аталып, 2014-жылы ноябрда кайра каттоодон өткөн.

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылдын 9-октябрында Кыргызстан театр ишмерлер союзу театр искусствосу коомдук академиясын түзгөн.
Бул коомдук академиянын мүчөлөрүн шайлоо баардык театр-оюн-зоок мекемелеринде жүргүзүлгөн.
Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясынын академиктигине 40 жаштан жогору, театр өнөрүндө өзүнүн аты, чыгармачылык жүзү бар абройлуу театр инсандары шайланган.
Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясынын президенти көрүнүктүү театр жана кино актеру Темирлан Сманбеков.
Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясын академиктери:
Артисттер:

  • Адали Анатолий (Акмадалиев Толкунжан), КР э. а. (КУОДТ - актер)
  • Акматова Калыйча, КР э. с. а. (Ысык-Көл муздрама театры - актриса)
  • Алсеитова Алмагүл (Талас драма театры - актриса)
  • Анисимова Вера, КР э. а. (КУОДТ - актриса)
  • Асанова Бактыгүл, КР э. с. а. (“Учур” театры - актриса)
  • Бекболиев Эгемберди, КР э. с. а. (КУАДТ - актер, режиссер - коюучу)
  • Далбаев Сатыбалды, КР э. а. (КУАДТ - актер)
  • Дүйшөнкулов Шаршенаалы, КР э. с. а. (Ысык-Көл муздрама театры - актер)
  • Жумалиев Бакыт, КР э. с. а. (Жалал-Абад драма театры - актер, режиссер - коючу)
  • Козукеев Марат, КР э. с. а. (КУАДТ - актер, режиссер - коюучу)
  • Любомудрова Лариса, КР э. а. (КУОДТ - актриса)
  • Мамбетова Назира, КР э. а. (ТЮЗ - актриса)
  • Марусич Александра, КР э. с. а. (КУОДТ - актриса)
  • Мендебаиров Кенжегул, КР э. с. а. (Нарын муздрама театры - актер)
  • Набиева Асыл, КР э. а. (Чүй театры - актриса)
  • Назарбаев Колдошбай (Ош куурчак театры - актер)
  • Наскулова Хамидахан (Ош куурчак театры -актриса)
  • Орузбаев Керим, КР э. а. (КУАОБТ - опера солисти)
  • Сейдакматова Жамал, КР э. а. (Тунгуч - актриса, көркөм жетекчи)
  • Сыдыгалиева Анара, КР э. с. а. (КУАДТ - актриса)
  • Ташматова Гүлмира, КР э. с. а. (ТЮЗ - актриса)
  • Токтобаев Мукамбет, КР э. а. (КУАДТ - актер)
  • Тохтаматов Бахтияр, КР э. а. (Ош академиялык өзбек муздрама театры - актер, музыкант)
  • Шатенов Алтынбек, КР э. а. (Ысык-Көл муздрама театры - актер)

Режиссерлор:

  • Абдыкалыков Акылбек, КР э. а. (Чүй театры - режиссер-коюучу)
  • Абдыкеримов Абдымажит (Кочкор драма театры - режиссер-коюучу)
  • Апыев Талант, КР. э. с. а (ОУДТ - башкы режиссер)
  • Еркимбаева Офелия, КР э. а. (КУАОБТ - режиссер-коюучу)
  • Кускаков Акелең, КР э. с. а. (Нарын муздрама театры - көркөм жетекчи)
  • Мидинов Жалил (КР куурчак театры - башкы режиссер)
  • Исаков Алымкул, КР э. с. а. (ОУДТ - режиссер - коюучу)
  • Парпиев Мансур (Баткен драма театры - башкы режиссер)
  • Сагынбаев Майрамбек (Жумгал драма театры)
  • Садык Шер-Нияз (режиссер)
  • Тажиев Кадырбек, КР э. а. (Кыргыз цирки - көркөм жетекчи)
  • Текешов Аким, КР м. э. с. и. (режиссер)

Драматургдар жана сынчылар:

Сценографтар:

  • Нурматов Юлдаш, КР м. э. с. и. (КУОДТ - башкы сүрөтчү)
  • Сыдыкбаев Макен, КР э. с.
  • Шарафидинов Маратбек, КР э. с. (КУАОБТ - башкы сүрөтчү)
  • Шералиев Буласбек, КР э. с. (КУАОБТ - сүрөтчү-коюучу)

Жетекчилер:

  • Жусупов Абдужалил (Алай муздрама театры - директор)
  • Ибраимов Данияр (Нарын муздрама театры - директор)
  • Максүтов Алтынбек (КР маданият, маалымат жана туризм министри, актер, режиссер)
  • Мамажанов Набижан (Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалык драма театры - директор)
  • Осмонов Кыргызбай, КР э. а. (Кыргыз улуттук филармониясы - директор)
  • Сазаев Сатылган, КР э. с. а. (КР куурчак театры - директор)
  • Сманбеков Темирлан, КР э. с. а. (КУАДТ - директор)

(Аббревиатуралардын чечмелениши: КР - Кыргыз Республикасы; УИА - улуттук илимдер академиясы; э. а - эл артисти; э. с. - эл сүрөтчүсү; э. ж.- эл жазуучусу; м. э. с. и. - маданиятка эмгек сиңирген ишмер; э. с. а. - эмгек сиңирген артист; КУАДТ-Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театры; КУОБТ - Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры; КУОДТ –Кыргыз улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма театры; ОУДТ –Ош улуттук С. Ибраимов атындагы кыргыз драма театры; ТЮЗ – Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театры).

Академиктер добуш аркылуу Кыргызстан театр ишмерлер союзунун улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныкташат.
Түзүлгөндөн берки эки жылдын аралыгында академиктер эки ирээт "Эргүүнүн" жеңүүчүлөрүн аныкташты.

"Эргүү" улуттук театр сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылы февраль айында Кыргызстан театр ишмерлер союзу улуттук "Эргүү" театр сыйлыгын уюштурган.
Ошол эле жылдын март айынан тартып "Эргүүнүн" кошо уюштуруучусу катары "Айтыш" коомдук фонду да санлат.
Ал эми 2015-жылдын январь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин меморандуму менен "Эргүү" сыйылыгынын кошо уюуштуруучусу катары Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги да эсептелет.

Сыйлык төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө тапшырылат:

  • Эң мыкты спектакль
  • Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль
  • Эң мыкты улуттук пьеса
  • Эң мыкты режиссура
  • Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Экинчи пландагы аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
  • Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн
  • Эң мыкты дебют
  • Эң мыкты сценография
  • Эң мыкты музыкалык жасалга
  • Эң мыкты театроведдик жана театр тууралуу илимий-иликтөөчү эмгеги үчүн
  • Кыргызстан театр ишмерлер союзунун башкармалыгын сыйлыгы
  • Театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн
  • Театр өнөрүнө арналган үзүлүү эмгеги үчүн

Акыркы номинация театрга эмгегин арнашкан гримерлор, режиссердун жардамчылары, жарык берүүчлөр, бутафорлор, труппа башчылары, реквизиттер, костюмерлер, театр кийимдерин тигүүчүлөр ж. б. у. с. кошумча чыгармачыл составдын өкүлдөрүнө ыйгарылат.

Чыгармачыл өнөрканалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын февраль айынан тартып Кыргызстан театр ишмерлер союзу режиссура, драматургия жана грим адистиктери боюнча чыгармачыл өнөрканаларды (творческие мастерские) уюштурган.
Режиссура боюнча чыгармачыл өнөркананын жетекчилигине көрүнүктүү режисссер Барзу Абдуразакков, драматургия боюнча чыгармачыл өнөркананын жетекчилигине Жаныш Кулмамбетов, грим боюнча чыгармачылык өнөркананын жетекчилигине Гүлнар Суранчиева дайындалган.
2014-жылдын декабрь айында грим боюнча чыгармачыл өнөркананы сегиз бүтүрүүчү аякташты.
2015-жылдын март-апрель айларында режиссура жана драматургия боюнча чыгармачыл өнөрканаларды он беш бүтүрүүчү аяктап чыгышты.

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте тапшырылчу сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Муратбек Рыскулов атындагы сыйлык.
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлык.
  • Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлык.
  • Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык.

Кыргызстан театр ишмерлери тапшырчу сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Даркүл Күйүкова атындагы сыйлык (КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргелешип тапшырылат).
  • Анвар Куттубаева атындагы сыйлык.
  • Сабира Күмүшалиев атындагы сыйлык.
  • Гүлшара Дулатова атындагы сыйлык.
  • Советбек Жумадылов атындагы сыйлык.
  • Ашыраалы Боталиев атындагы сыйлык.
  • Болот Бейшеналиев атындагы сыйлык.
  • Асанбек Кыдырназаров атындагы сыйлык.
  • Искендер Рыскулов атындагы сыйлык.
  • Владислав Пази атындагы сыйлык.
  • Анатолий Арефьев атындагы сыйлык.
  • Сарман Асанбеков атындагы сыйлык.
  • Абдылдабек Сманалиев атындагы сыйлык (театрдын кошумча составына берилет).
  • Мукамбет Токтобаев атындагы сыйлык.
  • Леонид Ясиновский атындагы сыйлык.

Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин ассамблеясы менен биргеликте тапшырылчу сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлык.
  • Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлык.
  • Калый Молдобасанов атындагы сыйлык.
  • Калбүбү (Эркин) Мадемилова атындагы сыйлык.
  • Уран Сарбагышев атындагы сыйлык.
  • Аалы Токомбаев атындагы сыйлык.
  • Касымаалы Жантөшев атындагы сыйлык.
  • Саякбай Каралаев атындагы сыйлык.
  • Асанкалый Байбатыров атындагы сыйлык.
  • Касеин Саскеев атындагы сыйлык.
  • Болот Миңжылкиев атындагы сыйлык.
  • Сайра Кийизбаев атындагы сыйлык.
  • Нурдин Түгөлов атындагы сыйлык.
  • Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы сыйлык.
  • Чолпонбек Базарбаев атындагы сыйлык.
  • Күлүйпа Кондучалова атындагы сыйлык.
  • Сүймөнкул Чокморов атындагы сыйлык.
  • Абулгазыр Казакбаев атындагы сыйлык.
  • Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлык.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]