Кыргыз-германия экономикалык мамилелери

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык мамилелери негизинен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун жана Кыргыз Республикасы менен Европалык Союздун ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын алкагында жүргүзүлөт. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун негизги укуктук базасын түзгөн келишимдер булар: Капитал салымдарын жүргүзүүгө жана өз ара коргоого көмөк көрсөтүү тууралуу келишим (Бишкек шаарында 1997-жылдын 28-августунда түзүлгөн) жана Киреше менен мүлккө эки ирет салык салууну болтурбоо жана салык салуудан качууга тыюу салуу тууралуу макулдашуу (Бишкек шаарында 2005-жылдын 1-декабрында түзүлгөн).

Тышкы соода кызматташтыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Германия Европадагы Кыргыз Республикасынын негизги соода шериктеринин бири болуп саналат. Товар алмашуулардын жалпы көлөмү төмөн, бирок эки тараптын тең берген баасы боюнча келечекте алардын көлөмү жогорулашына толук мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстан үчүн Германия, КМШ өлкөлөрүнөн тышкары, Англия, Кытай жана Түркия сыяктуу негизги инвестор-өлкө болуп эсептелет. Инвестициялык кызматташуу негизинен электроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы жана туризм тармагына багытталган. Өнүгүү максатында кызматташуунун маселелери боюнча кыргыз-германия өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү Германиянын Бонн шаарында 2009-жылдын 13-14 майында болуп өткөн өнүгүү максатында кызматташуунун маселелери боюнча кыргыз-германия өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө эки тарап тең Кыргызстандын өнүгүү кызыкчылыктарынын чегинде жана Европалык Союздун Борбордук Азия стратегиясына ылайык туруктуу экономикалык өнүгүү жана саламаттыкты сактоо реформалары тармагында мындан ары дагы кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты. “Туруктуу экономикалык өнүгүү” аттуу кызматташуунун башкы багыттарынын программасы экономиканын жеке секторлорун күчөтүүгө багытталган. Бул программанын башкы максаты: микрофинансылык секторду жакшыртуу, тагыраак айтканда, айыл жергесинде, жалпыга жагымдуу экономикалык шартты түзүүдө өкмөттүн жана бирикмелердин консультациялык жардамын, ошондой эле кесиптик билим берүүдө консультациялык жардамды күчөтүү болуп саналат. Республикада эки тараптуу макулдашууларга ылайык энергетикалык өндүрүш көлөмүн жогорулатууга багытталган энергетика тармагындагы кээ бир долбоорлор ишке ашырылып жатат. “Саламаттыкты сактоо” аттуу кызматташуунун башкы багыттарынын программасы “Манас таалими” саламаттыкты сактоо боюнча улуттук программаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасына жардам берип жатат. Кыргызстанда Германия эне менен баланын ден соолугун сактоо, ВИЧ инфекциясы/СПИД жана туберкулез менен күрөшүү, ошондой эле медициналык тез жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу долбоорлорун ишке ашырып жатат. Кош тараптуу кызматташуу республиканын региондорундагы кызматташууну жакшыртууга, тагыраак айтканда, региондордогу экономикалык кооперацияны күчөтүүгө, туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн жалпы укуктук шарттарды түзүүгө, жаратылыш байлыктарын туура колдонууга, ошондой эле жалпы жана кесиптик билим алууга багытталган. Германия Бириккен Улуттар Уюму, Европалык комиссия, Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европалык өнүктүрүү жана реконструкция банкы сыяктуу эл аралык институттарынын программаларын биргелешип каржылоо үчүн көптөгөн каражаттарды бөлүп турат. Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-германия жумушчу тобу Кош тараптуу соода-экономикалык мамилелерди, инвестицияларды тартуу жана коргоо иштерин өнүктүрүү жана күчөтүү максатында 1996-жылы Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-германия жумушчу тобу түзүлгөн. Германия тарабынан шерик болуп, Федералдык экономика жана технология министрлиги аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-германия жумушчу тобунун төрт жыйыны болду жана алардын жүрүшүндө республиканын өнөр жайынын башкы секторлоруна түз инвестицияларды тартуу иштерин жакшыртуу боюнча кош тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун негизги милдеттери аныкталды. 2006-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тарабынын жаңы жобосу кабыл алынды. 2007-жылдын август айында Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-германия жумушчу тобунун иштерин жүргүзүү укугу Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министрлигине өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы токтомуна ылайык соода жана инвестициялар боюнча жумушчу тобунун кыргыз тарабынын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министри эсептелет. Бизнес жана ишкердик тармагында менеджерлерди жана башкаруу кадрларын даярдоо программасы Берлин шаарында 2007-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республкасынын эл чарбасын уюштуруу үчүн башкаруу кадрларын окутуу боюнча кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Бул программанын шериктери болуп, Германия тарабынан- Германия Федеративдүү Республикасынын экономика жана технология министрлиги менен германиялык “InWEnt“ коому эсептелет. „InWEnt“ коому бул программаны ишке ашыруучу башкы менеджер болуп саналат. Кыргызстан тарабынан шерик болуп, Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Президентина караштуу Башкаруу академиясы эсептелет. Бул программа боюнча биринчи долбоор 2008-жылы ишке ашырылган. Кыргызстандан келген 24 кишиден турган бир топ 2008-жылдын 11-октябрынан тартып 8-ноябрына чейин Германиянын Фульда, Магдебург жана Берлин шаарларындагы билим берүү борборлорунда окуп кайтышты. 2009-жылдын ноябрында 30 кишиден турган эки топ Төмөнкү Саксония федералдык округунун Целле шаарындагы Германиялык менеджмент академиясында жана Тюбинген шаарындагы Баден-Вюртемберг федералдык округунун экспорт академиясында жетекчи кадрлар үчүн квалификацияны жогорулатуу семинарларында билим алышты. Менеджерлерди даярдоо программасынын негизги максаты- иш жүзүндөгү тажрыйбаны жана башкаруу ыкмасын байытуу, Германиянын ишкер адамдары жана ишканалары менен ишкер байланыштарды жана мамилелерди түзүү болуп саналат. Менеджерлерди даярдоо программасынын тийиштүү түрдө ишке ашырылышы республиканын экономикасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого жана жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берет.