Кыргыз Нуур көлү

Кыргыз Нуур көлү
Кыргыз Нуур көлү түштүк-чыгыш жээги
координаттары 49°08′ с. ш. 93°25′ в. д.HGЯO
Суу топтоо аянты 1407 км²
Эң узун жери 75 км
Эң жазы жери 31 км
Суунун көлөмү Монголия, Увс аймагы, Кыргыз району км³
Кыргыз Нуур көлү Уикиказынада

Кыргыз Нуур (монг. Хяргас нуур) Моңголиянын түндүк-батышындагы көл. Кыргыз району, Увс аймагы. Кыргыз Нуур аймагында кыргыздар Уйгур каганатын моюн сундурган соң, 9-кылымдын орто ченинен жашаган. Азыр да кара кыгыз (хара хыргыс), сары кыргыз (шара хырхыс) деген моңголдошуп кеткен кыргыз урууларынын урпактары жашайт. Аймактын археологиялык эстеликтери толук иликтене элек.

Кыргыз-Нордун аталышына байланыштырып, аны кээ бир окумуштуулар (В. Бартольд, Л. Кызласов) кыргыздардын байыркы мекени катары түшүнүшкөн. Буга кытай хроникаларындагы кыргыздардын ээлиги хунн ханынын ордосунан 7 миң ли батыш, Чеши өлкөсүнөн 5 миң ли түштүктө жайгашкан деген маалымат себеп болгон. 1987—2000-жылдары бул жерде археологиялык казуулар жүргүзүлүп, орто кылымга чейин гяньгунькыргыздардын жашабагандыгы далилденген. Айрым окумуштуулардын (Л. Боровкова, Ю. Худяков) пикири боюнча кыргыздардын ээлиги ДзосотынЭлисун чөлүнүн батышы, чыгыш Тянь-Шандагы Боро-Хоро тоолорунун түндүгүнөн орун алып, жужаңдардын кысымы менен 5- жана 6-кылымдын 1-жарымында гана Енисейге жылышкан.

Some sources are using different Khyargas Lake statistics values[1]:

  • Water level: 1,035.29 m
  • Surface area: 1,481.1 km²
  • Average depth: 50.7 m
  • Volume: 75.2 km³.
Water balance of Khyargas Lake[1]
(Unit of water balance: mm/year)
Surface input Surface output Groundwater
inflow-
outflow
Retention
time
, years
Precipitation Inflow Evaporation Outflow
55.9 652.4 937.1 0 +228.8 54.2

The Khyargas Lake National Park is based on the lake. This protected area was established in 2000 and covers about 3,328 km². It also includes a freshwater Airag Lake.[2][3]

References[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 "Surface Water of Mongolia", Gombo Davaa, Dambaravjaa Oyunbaatar, Michiaki Sugita. Текшерилген күнү 14 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 9 -февраль (бирдин айы) 2021.
  2. "Mongolia", by Jane Blunden, from Bradt Travel Guides series, 2nd edition, 2008, ISBN 1-84162-178-1, p. 372
  3. "Mongolia", by Michael Kohn, 2008, ISBN 1-74104-578-9, p. 242

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9