Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Wikipedia дан
Жогорку Кеңеш — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. [1]
Жогорку Кеңеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.
Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран, эгерде анын соттолгондугу жоюлбаса же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаса, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана албайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби мыйзам менен аныкталат.
Фракциялар [оңдоо]
| Фракция | Жетекчиси | Депутаттардын саны | 5% өткөн партиялар |
|---|---|---|---|
| Камчыбек Ташиев | 28 | 8,7 % | |
| Турсунбеков Чыныбай | 26 | 7,8 % | |
| Феликс Кулов | 25 | 7,57 % | |
| Канатбек Исаев | 23 | 6,93 % | |
| Өмүрбек Чиркешович | 18 | 5,49 % |
Булак [оңдоо]
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
- ↑ А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 184-б. ISBN 5-89750-150-5