Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынынын Президентине караштуу башкаруу академиясы 1992-жылы кайра курууга жана мамлекеттик кызматка адистерди даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу максатында Бишкек Эл аралык менежмент жана бизнес мектеби ачылып, кийин ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы болуп кайра түзүлгөн. Башкаруу академиясына мамлекеттин бийлик органдарын окуу-усулдук, илим жана маалымат-аналитикалык жактан камсыздандыруу, ошондой эле башкаруу жана экономикалык мамлекеттик адис кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо функциясы ыйгарылган.
Башкаруу академиясында мамлекет жана муниципалдык башкаруу институ, Бишкек эл аралык менежмент жана бизнес мектеби, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму иштейт. Башкаруу академиясы Борбордук Азия аймагындагы Бизнес мектебинин ассоциациясынын (CAMAN), Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайларынын ресурстук тармагынын (RNEBE) жигердүү мүчөсү Башкаруу академиясынын уюштуруучусу жана тунгуч ректору профессор М.А.Ашыркулов.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]