Кыргыз Республикасынын Баатыры

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын баатыры‎»‎ барагынан багытталды)
«Ак-Шумкар»
Өлкө

 Кыргызстан

Тип

өзгөчө белги

Кимге ыйгарылат

жарандарга

Ыйгаруу себеби

мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана эгемендүүлүгүн сактоого баатырдык эрдик кылгандарга

Статус

ыйгарылат

Статистика
Түзүлгөн күн

16 апрель 1996 жыл

Биринчи ыйгарылган

4 февраль 1997 жыл

Ыйгаруулардын саны

22

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» - Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгиси. 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2013-жылдын июнуна карата 22 Кыргыз Республикасынын баатырлары белгилүү.

Жобосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражадагы наамынын жобосу 1996-жылдын 10-ильда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген.

Бул жобо менен:

« «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана эгемендүүлүгүн сактоого баатырдык эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамга «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылат. »

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамдардын энесине Баатыр эне ордени ыйгарылат.

«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси алтындан жасалып, жогорку деңгээлдеги сегиз нур 40 мм айлананы, жана ылдыйкы деңгээлдеги он алты нур 30 мм айлананы түзүп, симметриялык жылдыз формасында жасалган. Нурлардын, чектеринин жана формасынын караандары тоо чокуларын жана ачылган тоо жоогазынын элестетет. Жылдыздын борбордук диски рельефтүү күмүш лавр жалбырагы менен чегеленген. Дисктин борборунда ыйык Ак-Шумкардын күмүштөн жасалган рельефтүү сүрөттөлүшү жайгашкан. Дөңгөчү, кызыл эмаль талаачасында түндүктүн рельефтүү сүрөтү тумар [1] формасында жасалган.

КР баатырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аты-жөнү Сүрөтү Берилген жылы Кесиби / Кызматы Кошумча мааымат
1 Түгөлбай Сыдыкбеков
(1912—1997)
1997 Советтик жана Кыргызстандык жазуучу
2 Чыңгыз Айтматов
(1928—2008)
1997 Советтик жана Кыргызстандык жазуучу
3 Тургунбай Садыков
(1935)
1997 Советтик жана Кыргызстандык айкелчи, профессор.
4 Салижан Шарипов
(1964)
1998 Орусиялык космонавт .
5 Турдакун Усубалиев
(1961—1985)
1999 Мамлекеттик ишмер
6 Сабира Күмүшалиева
(1917—2007)
2000 Советтик жана Кыргызстандык актриса
7 Курманбек Арыков
(?)
2002 «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомунун Төмөнкү-Нарын филиалынын темир-бетон конструкцияларын монтаждоочусу.
8 Акбаралы Кабаев
(?)
2002 «Нарынгидроэнергострой» акционердик коомунун Төмөнкү-Нарын филиалынын темир-бетон конструкцияларын бригадири
9 Асанкан Жумакматов
(1923—2008)
2003 Советтик жана Кыргызстандык дирижёр
10 Мамбет Мамакеев
(1927)
2004 Хирург жана коомдук ишмер
11 Абсамат Масалиев
(1933—2004)
2005 Мамлекеттик ишмер
12 Сүйүнбай Эралиев
(1921—2016)
2006 Акын жана котормочу
13 Сооронбай Жусуев
(1925—2016)
2007 Акын жана котормочу
14 Төлөгөн Касымбеков
(1931—2011)
2007 Советтик жана Кыргызстандык жазуучу
15 Эрнис Акрамов
(1936)
2009 Хирург, медицина илиминин доктору, профессор жана мамлекеттик ишмер


Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Илгерки кыргыздын үч бурчтук тумары


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]