Кыргыз сому
| Сом |
|
|---|---|
| Код ISO 4217 | KGS |
| Обменный курс (на 27 февраль 2011) |
|
| 1 USD | = 47,4738 KGS |
| 1 EUR | = 65,6332 KGS |
| 1 RUB | = 1,6404 KGS |
| 1 GBP | = 76,6404 KGS |
Кыргыз Сому — Кыргыз Республикасынын акча бирдиги.
1 сом = 100 тыйын Банк-эмитент: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. Жүгүртүүгө чыгарылган күнү: 1993-жыл 10-май.
Монеталар (тыйын түрү): 1, 3, 5, 10 сом Банкноттор (кагаз түрү): 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 5000 сом
Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.
Монеталар [оңдоо]
2008-2009 жылдары 1, 3, 5, 10 сом номиналындагы жүгүртүү монеталары чыгарылган.
Банкноттор [оңдоо]
1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (биринчи чыгарылышы). Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор 1993-жылы май айында жүгүртүүгө чыгарылган.
1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (экинчи чыгарылышы) 1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго караганда “калайык-калктын улуттук валютага карата ишениминин калыптанышы мезгилинде” жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган. 1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.
1997, 2000, 2002, 2004, 2005-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (үчүнчү чыгарылышы) Улуттук валютаны өркүндөтүүнүн үчүнчү баскычы 1997-жылдан тартып башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом наркындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган. Ал эми 2000-жылы жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.
2009-2010 - жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (төртүнчү чыгарылыш) Улуттук валютанын төртүнчү сериясы 2009-жылы жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнот менен ачылган. Мындан кийин 20, 50, 100 жана 200, 500, 1000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен чыгарыла баштаган. Төртүнчү чыгарылыштагы банкноттор оригиналдуу дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.
| Номиналы (сом) | Жүгүртүүгө чыгарылган күнү | Өлчөмү | Түсү | Сүрөтү |
|---|---|---|---|---|
| 20 | 2009-жылдын 1-июлу | 120х58 | Кызыл | |
| 50 | 2009-жылдын 1-июлу | 126х61 | Кызгылт сары | |
| 100 | 2009-жылдын 1-июлу | 132х63 | Көк | |
| 200 | 2010-жылдын 1-декабры | 138х66 | Сары | |
| 500 | 2010-жылдын 1-декабры | 144х68 | Күлгүн | |
| 1000 | 2010-жылдын 1-декабры | 150х71 | Бозомук | |
| 5000 | 2009-жылдын 2 марты | 156х73 | Жашыл |
Шилтеме [оңдоо]
|
||||||||