Кыргыз поэзиясынын антологиясы

Википедия дан

Кыргыз ССРи менен анын Коммунисттик партиясынын 60-жылдыгына карата юбилейлик грампластинкаларды чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган. Ушул чечимдин негизинде түзүлгөн "К.п.а" алты табактан турат. Ар бир табактын конвертинде автору, окуганы толук жазылган мазмуну - обороткасы бар. Бүктөмөсүндө (вкладыш) белгилуу адабий сынчы Т.А.Аскаровдун "Поэзия жана турмуш" деген чакан макаласы менен акындардын сүрөтү басылган. "Антологияны" азыркы акындарыбыздын агасы, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаев чакан кириш сөз менен баштайт да учурдагы жаш акындарыбыздын өкүлү Акбар Рыскулов корутундулайт. Анда 55 акындын ар кыл мазмундагы, түркүн темадагы 266 ыры топтолгон. 44 акын өз ырын өзү окуйт. Көзү өткөн маркум акындардын ырларын болсо кыргыз дикторлору менен көркөм окуунун ыгын билген артисттерге окуттук. Мындай "үн документи" болуп кала турган "Антология" союзда туңгуч ирет түзүлүп отурат.

Таштанкул Бөрүбаев, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. "Кыргыз поэзиясынын антологиясы"нан (1984) "Үн жана мезгил" (түзүүчудөн) кириш сөзүнөн.

Түзүүчү: Т.Бөрүбаев. Үн режиссерлору: Т.Мамбеталиев, Б.Мусаева, Т.Павлова. Редактор: Л.Садыкова. Сүрөтчү: В.Максимов

"Мелодия", 1984. Алма-ата грамжаздыруу студиясы. Кыргыз радиосунун жазуулары 1976-1984 жж. Ташкент М.Т.Ташмухамедов атындагы грампластинкалар заводу.

1 пластинка.
1-жагы
Аалы Токомбаев (1904) Кириш сөз. Октябрдын келген кези. Кыргызстан. Сүрөтүн тарт. Орус элине. Үч чындык. Тил алса. Менсинет. Чеги бар. (Окуган автор) - 10.17
Мукай Элебаев (1905-1943) Улуу марш. Тилек. Өлмөк эмес. Биздин өмүр. (Окуган Д.Садырбаев) - 3.24
Жусуп Турусбеков (1910-1943) Ленин жолу. Ук, жер жүзү. Кайда качат? (Окуган С.Жээнбеков) - 10.52
2-жагы
Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) Өлбөс Ленин. БЧК-га. Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга. Шумкар ыры. Жүрөгүм менин... Жайдын бир күнү. Жай кечи. (Окуган Д.Садырбаев)- 10.14
Алыкул Осмонов (1915-1950) Комуз. Менин күнүм. Фрунзе. (Окуган С.Жээнбеков) - 11.25
Нуркамал Жетикашкаева (1918-1952) Сүйүнөм. Жеңиш жылы. (Окуган З.Мамбеталиева) - 2.28

2 пластинка.
1-жагы
Кубанычбек Маликов (1911-1978) Жазуучунун милдети. (Окуган автор) Мекеним. Акын сыры. (Окуган С.Жээнбеков) Ленинизм. Кыргыз тоого кайрылуу. (Окуган Ж.Сейдакматова) - 9.13
Райкан Шүкүрбеков (1913-1962) Орок-Балка. Партия. Солдат кайтты. Суу үстүндө. Түнкү от. Ысык-Көлдүн куму. (Окуган Ж.Сейдакматова) - 6.36
Мидин Алыбаев (1917-1959) Ала-Тоо. (Окуган З. Мамбеталиева) Москва. (Окуган С.Жээнбеков)Кыштактагы бир элес. Шаркыратма. Сон-Көл.- 8.19
2-жагы
Түгөлбай Сыдыкбеков (1912) Менин элим. Пейил. Касиет. (Окуган автор) - 3.23
Темиркул Үмөталиев (1908) Бактылуумун. Алдыга. Бар. Ушул жерде. Менин жергем. Үмүт. 9-май. Көптү көрдүм. Кыргыз тили. Катпагын. Ал болсо. Күлсөң күл. Да бир жолу. Көтөр. (Окуган автор) - 8.50
Абдырасул Токтомушев (1912) Автору жаны замандын. Кыргызстан. Билбейм андан аркысын. Достук гимни. Баарынан бийик укугум. Ат-Башы сени көргөндө. (Окуган автор) - 6.00
Муса Жангазиев(1921) Ленин. Сок темирди. Кыргыз ыры. Сынаймын. Жарык. Пионермин. (Окуган автор) - 5.10

3 пластинка.
1-жагы
Сүйүнбай Эралиев (1921) Тууган жер. Ата журт. Кыргызстан. Күндөр. Каркыралар. (Окуган автор)- 6.46
Тенти Адышева (1920-1984) Элиме. Сүйүү эмне? Шүүдүрүм. Тирүүмдө айт. Менин ырым. (Окуган автор) - 4.39
Насирдин Байтемиров (1916) Ала-Тоо. Малчылар. Чын ушу. Ата журт. Элим. Калса болду. Жерден артык. Жаз да кайра келип калды. Жер боздогон. Так ошондо. Мекеним. (Окуган автор) - 5.12
Түмөнбай Байзаков (1923) Ала-Тоо. Умтулуу. Жер деми. 18 жаш. Жата берсин. Ышкыдар кылган бирөөгө. Кетким келбейт. Менин сырым. (Окуган автор) - 8.00
2-жагы
Жума Жамгырчиев (1906-1944) Кыш кетти. (Окуган Т.Уралиев) - 10.14
Молдогазы Токобаев (1905-1974) Кыздарай (Окуган Т.Урадиев) - 11.25
Сооронбай Жусуев (1925) Сыйынам. Тоодон алыс жүргөндө. Бул өмүрүм. Күздө. Керемет. (Окуган автор) - 2.28
Майрамкан Абылкасымова (1936) Эки аял. Уулжан апага. (Окуган автор) - 5.30
Байдылда Сарногоев (1932) Лениндин улуту. Портрет алдында. Кымбатым, боорум казагым. Атом күчү. Ысык-Көлгө. (Окуган автор) - 5.50
Жалил Садыков (1932) Бул заводдо. Бааласа дейм. "Тез жардамдан" чыккан ой. (Окуган автор) - 4.57

4 пластинка.
1-жагы
Смар Шимеев (1921-1976) Комунисттер. (Окуган Д.Садырбаев) - 2.02
Эргешбай Узакбаев (1926) Ошол түнкү сулуулук. (Окуган Д.Садырбаев) - 1.00
Нинакан Жүндүбаева (1917) Сыймыгым силер. Алтын бешик Фрунзем. (Окуган автор) - 1.26
Мукамбеткалый Турсуналиев (1926) Абысындар. Эр жүрөк коен. (Окуган автор) - 3.42
Абзий Кыдыров (1931) Сөз. Жаша кыргыз аялы. Мугалим. Кел, досторум. (Окуган автор) - 5.20
Абдылда Белеков (1928) Ленин жолу. (Окуган автор) - 1.16
Акбар Токтакунов (1929) Ленин. Шамал. (Окуган автор) - 2.18
Эрнис Турсунов (1935) Лирикалык ырлар. (Окуган автор) - 4.22
2-жагы
Исабек Исаков (1933) Коммунизм дабышы. Эмгек. Орус досума. Нан жөнүндө. (Окуган автор) - 5.28
Жапаркул Алыбаев (1933) Мен эмесмин унутаар. Тууган жерге. Эски там. Кышты сүйөм бурганак. Өзүнүкү жөтөлү. Бул ким? (Окуган автор) - 3.50
Рамис Рыскулов (1934) Космостук поэмадан. Кайра да жаз. Күнбаш кыздар. Эки корооз. Турмуш - тулпар. Жаз. (Окуган автор) - 3.22
Субайылда Абдыкадырова (1935) Күтөм сени. Күз пейли. Сарбулагым. Актасам. Эне күчү. Энекем - Евдокия. (Окуган автор) - 4.32
Совет Урмамбетов (1934) Ок ыйлайт. Эне. Жашоо мыйзамы. Адам жана ... (Окуган автор) - 5.16

5 пластинка.
1-жагы
Жолдошбай Абдыкалыков (1935) Адамдар. Тынч болсо экен жер жүзү. Берчи абаке сындырым нан. Ким айтат толкундар өлөт деп? (Окуган автор) - 5.06
Тургуналы Молдобаев (1934) Эне. Торгой. Жеңиш. Тууган жерди сагынып. Сулуулукту бапестөө. Эсте көнүл. Күлүп турчу. (Окуган автор) - 4.35
Турар Кожомбердиев (1941) Эне жана от. Тууган жерге. Алакан. Түнкү серенада. Жаз. (Окуган автор) - 5.05
Мариям Буларкиева (1937) Ата мекен. (Окуган Ш.Турдакунова) - 1.33
Салижан Жигитов (1936) Уйкусуз түндөр (поэмадан). Элегия. Мажүрүм тал (Назым Хикметтен) (Окуган автор) - 6.40
2-жагы
Омор Султанов (1935) Кош, Ысык-Көл. Кышындагы батаар күн. Кат жазыпсың мага арнап. Карала-арчаны эскерүү. (Окуган автор) - 6.50
Эсенгул Ибраев (1934) Кеңеш берүү. Түтү-түтү жөжөлөрум. Туура айтасың, атаке. Профессор болмок. Эчак толтурмак экен. (Окуган автор) - 4.12
Кудайберген Жуманазаров (1937) Мекеним. Кыргыздар. Мекендин сынына толуу. Баары эсимде сакталуу. Кыял. (Окуган автор) - 4.50
Гүлсара Момунова (1937) Жарык дүйнө. Түбөлүк от. Сыр. Сенин сөзүң. (Окуган автор) - 3.33
Кармышак Ташбаев (1935) Кечирим суроо. Бир түнкү ой. Кыш багытында. (Окуган автор) - 4.08

6 пластинка.
1-жагы
Барктабас Абакиров (1933) Өмүр сүрсө. Соң-Көл таңы. Баба-ата. (Окуган автор) - 3.30
Нурпаис Жаркынбай (1939) Ленин колу. Ата журтту сагынуу. Бул тоолор. Ок жана дан. Ак калпакты кийген менен. Сенин көздөрүң. (Окуган автор) - 4.10
Токтосун Самүдүнов (1941) Елисей тааласында. Түнкү Париж. Джоконда. Марсель. (Окуган автор) - 4.42
Алымкан Дегембаева (1941) Тууган жер. Сапар алдында. Кызыл мончок. Керме-тоо. Узатуу. (Окуган автор) - 4.30
Байтемир Асаналиев (1940) От. Данк. Адис мерген. Күзгү гүлдөр. Кадырман айылымдын адамдары. Оюн. (Окуган автор) - 6.09
2-жагы
Жолон Мамытов (1940) Менин доорум. Оңой жол. Кайрылуу. Махабат дабаасы. Ысык-Көл. Кыргыздын тукуму. (Окуган автор) - 5.50
Анатай Өмүрканов (1945) Элдик ырлар. Өспүрүмдөр. Акын. Ош түнү. Аты жок ыр. (Окуган автор) - 4.45
Асан Жакшылыков (1949) Манас жөнүндө ой. Карыянын сөзү. Ай толгондо. Суроо белги. (Окуган автор) - 7.20
Акбар Рыскулов (1953) Кыргызстан. Жаштыктын айлан көчөгү. Келечекте кезигебиз кат. Ньютондун алмасы. (Окуган автор) - 5.17