Кыргыз тили

Wikipedia дан
Кыргыз тили
Расмий аталышы:

Кыргыз тили, Qьrƣьz tili, قىرعىز تئلى

Өлкөлөр:

Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия

Аймактар:

Кытайда: ШУАР.
Өзбекстанда: Фергана, Наманган, Анжиян
Тажикстанда: Мургаб, Жергетал.
Ооганстанда: Бадакшан.
Түркияда: Ван.

Расмий статусу:

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Колдонгондордун жалпы саны:

4 млн

Рейтинги:

30

Классификациясы
Түрмөгү:

Евразия тилдери

Алтай бүлөсү

Түрк бутагы
Тоолуу-Алтай (борбордук-чыгыш) тобу
Кыргыз-кыпчак топчосу
Жазылышы:

Кыргызстанда кириллик
(Кытайда) араб
Түркиядалатын

Тилдер коду
ISO 639-1:

ky

ISO 639-2:

kir

ISO 639-3:

kir

Ошондой эле: Долбоор:Лингвистика

Кыргыз тилиКыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак тобуна кирет.Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Каракалпакстан, Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3830556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган [1]. Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн[2]. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5100 000 адам сүйлөйт.

Тарыхы жана бөлүнүшү[оңдоо]

Кыргыз тилин шарттуу түрдө

  • байыркы,
  • орто жана
  • жаңы кыргыз тилине бөлүүгө болот.

Байыркы кыргыз тили[оңдоо]

Көпчүлүк окумуштуулардын (Б. Б. Радлов, В. Томсен, С.Е. Малов, М.Е. Массон, И.А. Батманов ж. б.) пикиринде Хакасиядагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Моңголиядагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет. Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю.Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А.Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949). Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман»; hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу»; eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат. Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар Орхондогу жазуу эстеликтеринен эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө ээ болушу мүмкүн. Орхон түрктөрү өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан (Шилтеме керек). Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот.

Орто кылымдардагы кыргыз тили[оңдоо]

10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык ѳнүгүүсүнѳ тийгизген таасири тууралуу ѳз алдынча изилдѳѳлѳр азырынча жүрѳ элек. Бирок Махмуд Кашгариде Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили [туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида] экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет. Ошону менен эле бир катар «бардык Йагма, Тухси, Кифжак, Йабаку, Татар, Кай, Жумул жана Огуздар «з» тыбышын «й» менен алмаштырып салышарын, башкача айтканда бул топтогулардан башкалар (анын ичинде кыргыздар дагы) кайыңды (жыгач, бак) «казиң», кийизди «кизиз», кездеменин кыйыгын (кыйык) «кузук» деп сүйлѳѳрү белгиленген. Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сѳздүгүндѳ колдонулган сѳздѳр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилѳѳгѳ болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко. Азыркы учурда жергеталдыктар үйүлүп калган шагыл ташты курум дешсе, жалпы түштүктө сокону амач деп аташат. Бирок байыркы Энесайлык кыргыздардын жазуу тили азыркы кыргыздардын тилине тийгизген таасирин так кесе айтууга болбойт. Мисалы, кээ бир окумуштуулар (кара: Петров. К.И. Очерки происхождения киргизского народа. Фр., 1963) «XIII-XV кылымдарда Тянь-Шанда калыптанган тилдин моңголдордун чабуулуна чейинки (XIII кылымга чейинки)Тянь-Шанда жашаган калк жана енисейлик кыргыздарга тиешелүү тилге жатпагандыгын» баса белгилеген. Кыргыз тилинин моңголдордун чабуулуна чейин ѳзгѳрүүгѳ учураганын академик Болот Жунусалиев (Юнусалиев) дагы кѳрсѳтѳт. Мисалы, «кыргыз-алтай тилинде лексика, фонетика жана морфологиядагы окшоштуктардан тышкары кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу бар. Алар мындай: «сонун», «белен», «каалга», «унаа», «керээз», «арга», ж. б. Эми, биринчиден, бул сөздөр моңгол тилине кирген бардык тилде (анын ичинде жазуу тилинде да) кезигет; экинчиден, кыргыздын жогоруда көрсөтүлгөн урууларынан башка азыркы алтай, тува, кээде хакас тилинде да жолугуп, бирок булар менен уялаш башка элде колдонулбайт. Бул эмне дегендик? Мындай сөздөрдүн жалпы ортоазиялыктарда жана батыш түрк тилинде жолукпай, моңгол тилинде гана кезигип, кыргыздар менен алтайлыктар аны моңгол тилдүү элден кабыл алуусу төгүнгө чыкпай турган далил болуп эсептелет. Анда, алар аны качан, кайсы жерде кабыл алган деген жүйөлүү суроо туулат. Кыргыздар аны Орто Азияны моңголдор каратып алган мезгилде кабыл алды дешке негиз жок, эмне үчүн дегенде, ал сөздөрдү (жок дегенде кээ бирин) казак, өзбек, уйгур, тажик, түркмөн же башка элдер да кабыл алышы керек болчу. Моңголдор аларды да басып алган. Ошондуктан адигине жана тагай уруулары аталган сөздөрдү кыргыздар алтайлыктар менен алардан мурда аралашып, саян-алтай бөксө тоолорунда жүрүп кабыл алган деген тыянак чыгат. Ал эми мындай сөздөр ичкиликтердин диалектисине кирбей калышы – ичкиликтер ал туугандарынан өтө оолакта калганын, же кыргыз эли моңгол тилин сөзүн кабыл алып жүргөн мезгилде алардын алыскы түштүк-батыш чегинде калышканын далилдейт. Бул фактылар башка фактылар менен да түз байланышып турат» (кара: Юнусалиев Б.М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка.“Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР”, 1956, вып. VI). Соңку ислам дининин таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну ѳздѳштүрүшкѳн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы Кыргызстанда 1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн. Айрым изилдѳѳчүлѳрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери ѳз алдынча ѳнүгѳ баштаган.

Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин ѳз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар ѳз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.

Азыркы кыргыз тили[оңдоо]

Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-к. Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде ѳз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда ѳз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу ѳз эмгектерин жазган, 1917 ж. төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. К.Тыныстан уулу, И.Арабаев, Б.Солтоноев ж.б. илим адамдары ѳз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар баслып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык ж.б. керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 35-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллицага өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кириллица жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган № 567 токтому менен бекитилген.

Ариптери[оңдоо]

  • Байыркы кыргыз тилинин тамгасы эски түрк руна жазуусунда болгон.
  • 11 к. тартып 1928 ж. чейин араб тамгасында
  • 1928 -1940 жж. латын тамгасында
  • 1940 ж. - азыркы учурга чейин кирилик тамгасында

Азыркы кыргыз ариптери[оңдоо]

Кыргыз ариптери
Өө, Ңң, Үү тамгалар оң Alt клавиша менен басылат (Windows)

1940 ж. орус ариптеринин 33 тамгасынын негизинде, ө, ң, ү, кыргыз тамгалары кошулуп, жалпысынан 36 тамга болуп түзүлгөн.
Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет[3].


Кыргыз ариптеринин салыштырмалуу жадыбалы[оңдоо]

Кириллица ариптери Аты Араб ариптери[4] Латын ариптери Латын ариптери
(1928—1940)
IPA
А а а ا A a A a /ɑ/
Б б бе ب B b B в /b/, [w], [v]
В в ве ۋ V v V v /v/
Г г (Ғ ғ) ге گ
ع*
G g G g, Ƣ ƣ /ɡ/ [ʁ]
Д д де د D d D d /d/
Е е e ه E e E e /je/, /e/
Ё ё ё يو Yo yo Yo yo /jo/
Ж ж же ج J j Ç ç (Ƶ ƶ 1938-1940) /dʒ/
З з зе ز Z z Z z /z/
И и и ى İ i I i /i/
Й й ий ي Y y J j /j/
К к (Қ қ) кa ك
ق*
K k K k, Q q /k/, [q], [χ]
Л л эл ل L l L l /l/
М м эм م M m M m /m/
Н н эн ن N n N n /n/
Ң ң ың ڭ Ñ ñ Ŋ ŋ /ŋ/
О о о و O o O o /o/
Ө ө ө ۅ Ö ö Ɵ ɵ /ø/
П п пe پ P p P p /p/
Р р эр ر R r R r /r/
С с эс س S s S s /s/
Т т те ت T t T t /t/
У у у ۇ U u U u /u/
Ү ү ү ۉ Ü ü Y y /y/
Ф ф эф ف F f F f /f/
Х х ха ح H h X x (H h 1928-1938) [χ] /k/
Ц ц це تس C c Ts ts /ts/
Ч ч че چ Ç ç C c /tʃ
Ш ш ша ش Ş ş Ş ş /ʃ/
Щ щ ща - Şç şç Şc şc /ʃtʃ/, /ʃː/
Ъ ъ ажыратуу белгиси - - - -
Ы ы ы ى İ i Ь ь /ɯ/
Ь ь ичкертүү белгиси - - - -
Э э э ه É é E e /e/
Ю ю ю يۋ Yu yu Yu yu /ju/, /jy/
Я я я يا Ya ya Ya ya /ja/, /jɑ/
  • К ك + а, о, у, ы => ق
  • Г گ + а, о, у, ы => ع

Адам укуктарынын жалпы декларациясы[оңдоо]

Кириллица ариптери Араб ариптери Латын ариптери
Бардык адамдар өз беделинде жана укуктарында эркин жана тең укуктуу болуп жаралат. Алардын аң-сезими менен абийири бар жана бири-бирине бир туугандык мамиле кылууга тийиш. باردىق ادامدار ۅز بەدەلىندە جانا ۇقۇقتارىندا ەركىن جانا تەڭ ۇقۇقتۇۇ بولۇپ جارالات.۔ الاردىن اڭ-سەزىمى مەنەن ابئيىرى بار جانا بئرى-بئرىنە بئر تۇۇعاندىق مامئلە قىلۇۇعا تئيىش. Bardık adamdar öz bedelinde jana ukuktarında érkin jana teñ ukuktuu bolup jaralat. Alardın añ-sezimi menen abiyiri bar jana biri-birine bir tuugandık mamile kıluuga tiyiş.

Орхон-Энесай алфавити[оңдоо]

( Көк-Түрк алфавити, Турaн алфавити, Бaйыркы Түрк алфавити, Бaйыркы Түрк элдери алфавити,)

Колдонуу Тамгалар Транслитерация жана транскрипция
үндүүлөр Old turkic letter A.png A /a/, /e/
Old turkic letter I.png I /ɯ/, /i/, /j/
Old turkic letter O.png O /u/, /o/, /w/
Old turkic letter U.png U /ø/, /y/, /w/
үнсүздөр тиркеме үндүүлөр менен:
(¹) — жоон,
(²) — ичке
катар менен
Old turkic letter B1.png Old turkic letter B2.png /b/ /b/
Old turkic letter D1.png Old turkic letter D2.png /d/ /d/
Old turkic letter G1.png Old turkic letter G2.png /g/ /g/
Old turkic letter L1.png Old turkic letter L2.png /l/ /l/
Old turkic letter N1.png Old turkic letter N2.png /n/ /n/
Old turkic letter R1.png Old turkic letter R2.png /r/ /r/
Old turkic letter S1.png Old turkic letter S2.png /s/ /s/
Old turkic letter T1.png Old turkic letter T2.png /t/ /t/
Old turkic letter Y1.png Old turkic letter Y2.png /ʤ/ /ʤ/
тек (¹) — Q
тек (²) — K
Old turkic letter Q.png Old turkic letter K.png Q /q/ K /k/
бардык
үндүүлөр менен
Old turkic letter CH.png /ʧ/
Old Turkic letter M.svg -M /m/
Old turkic letter P.png -P /p/
Old turkic letter SH.png /ʃ/
Old turkic letter Z.png -Z /z/
Old turkic letter NG.png -NG /ŋ/
тиркемелер + үндүү Old turkic letter ICH.png IÇ, ÇI, Ç /iʧ/, /ʧi/, /ʧ/
Old turkic letter IQ.png IQ, QI, Q /ɯq/, /qɯ/, /q/
Old turkic letter OQ.png Old turkic letter UK.png OQ, UQ,
QO, QU, Q
/oq/, /uq/,
/qo/, /qu/, /q/
ÖK, ÜK,
KÖ, KÜ, K
/øk/, /yk/,
/kø/, /ky/, /k/
+ үнсүз Old turkic letter NCH.png -NÇ /nʧ/
Old turkic letter NY.png -NY /nʤ/
Old turkic letter LT.png -LT /lt/, /ld/
Old turkic letter NT.png -NT /nt/, /nd/
сөз бөлүү тамгасы Old turkic letter SEP.png жоқ
(-) — тек сөз аягында


Шилтеме[оңдоо]

  1. 2009 ж. Эл жана турак-жай фондун каттоо/Улуттук статистика комитети
  2. 2009. Эл жана турак жай фондун каттоо/Улуттук статистика комитети
  3. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2009: - 640 б
  4. Kyrgyz alphabet, language and pronunciation

Муну да карагыла[оңдоо]

Сырткы шилтемелер[оңдоо]