Кыргыз элинин калыптанышы

Википедия дан

Кыргыз элинин калыптанышы

кыргыз

Ар кандай уруулар, этникалык топтор менен байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын өз ара алакада болуп, аралашуусунун натыйжасында Теңир Тоодогу түркий эл катары калыптануу процесси болду. Бул процесс орто кылымдары Энесай, Обь дарыяларынын алабынан жана Алтайдан Теңир Тоого чейинки аймактарда көптөгөн ар кыл саясий окуяларды камтып, 3 этапта өткөн. Биринчи этабы байыркы доорлордон белгилүү кыргыздардын 6—9к. Энесайдагы Кыргыз кагандыгынын мезгилинде коңшу түркий жана башка сибирдик элдер менен аралашып, кыргыз элинии калыптанышы менен бүткөн. Экинчи этабы 9-кылымдын ортосунан 13кылымдын ортосуна чейинки мезгилди камтыйт. Бул доордо кыргыз топтору – Энесайдан Түндүк Кытай, Орто Азия, Итил боюна чейинки кеңири аймакка тараган; алар кийинки Теңир Тоо кыргыздары, Фу-йу кыргыздары, Сибирь кыргыздары, лобтуктар, моңголдошуп кеткен кыргыздар, башкырттарга аралашып кеткен кыргыздардын ата-бабалары болушкан. XII к. Түндүк Батыш Моңголияда кыргыздарды Эниаткан бийлеген учурда наймандарга жеңилген.
Рашид ад Дин боюнча
ошол доордо кыргыздардын коңшулары найман, кори, баргы, тумат, байаут уруулары болгон. Мында кори уруусу – «фури» – якут (саха). 9—12-к. Теңир Тоого журт которуп келген кыргыздар жергиликтүү түрк элдерине (чигил, йагма, тухсы, айрым кыпчак, карлуу уруулары ж, б.) аралашып кеткен; аларга 13-кылымда кыргыздардын жаңы топтopy жана Борбордук Азиядагы бир катар түркмоңгол урууларынын кошулушу менен жаңы этникалык шарт түзүлгөн. Теңир Тоодогу кыргыздардын өзүнчө эл катары калыптануу процесси үчүнчү этапка таандык болуп, негизинен 13-кылымдан 15-кылымдын акырына чейин өткөн. Кыргыздардын этникалык өзөгүн 9-13кылымда Түштүк Сибирден Борбордук Азия аркылуу Теңир Тоого журт которуп көчүп келген Энесай кыргыздары, ошондой эле Батыш Түрк, Түргөш, Карлуу, Каракандар, Кара кытайлар кагандыктарынын тушунда Теңир Тоо аймагында жашаган жергиликтүү көчмөн түрк элдери түзгөн; аларга иран, моңгол ж. б. тилдерде сүйлөгөн элдердин айрым топтору аралашып сиңип кеткен. 16-кылымга чейин кыргыз эли негизинен оң канат, сол канат, ичкилик болуп үч топко жиктелип, Теңир Тоодогу башка элдерден айырмаланган өзүнчө эл катары калыптанган. 16-17-кылымда кыргыз элине Теңир Тоодогу кыргызча сүйлөгөн ичкилик уруусунун көчмөн могол урууларынан(кыргыздын моңолдор уруусунун ата-бабалары) тышкары айрым өзбек, казак жана ногой уруулары кошулган. 17-18-кылымда Сибирь кыргыздарынын айрым топторун ойроттор Жунгарияга зордоп көчүрүп кеткен. Алардын бир бөлүгү Энесайга кайтып, бир катар бөлүктөрү алтайлыктарга казактарга, кыргыздарга аралашып кетишкен; чакан бөлүгү Чыгыш Түркстандагы калмак-кыргыздар (Тарбагатай кыргыздары) тобун түзгөн. Кыргыздар 16-кылымга чейин эле эл катары калыптанып бүткөнү менен кийинки доордо деле жаңы этникалык топторду өздөрүнө сиңирип алып турган. 19-кылымда аларга сарт-калмак этностук тобу кошулган.