Кыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгү

Википедия дан

Кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгү Кыргыз элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, металлдан жасалган кооз буюмдарын, өрмө жана сайма жагынан чоң мурастарын калтырышкан. Кыргыз эли өзүнүн жашоо- тиричилигинде кийизден жасалган буюмдарды кеңири колдонгон. Кийизден ар кандай кийим- кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жана башка буюмдарды жасашкан. Ала кийиз, шырдактарды зор чеберчиликте оймо- чиймелер менен көркөмдөп, кооздоп жасашкан. Үй өндүрүшүнүн эзелки бир түрү – килем токуучулук болуп эсептелет. Килемдерди боз үйгө илишкен, жерге салышкан, жүк жыйган такталардын, сандыктардын үстүн жаап коюшкон. Кол өнөрчүлүктүн кайсы гана түрүн албайлы, бардыгына тең таланттуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздүү. Алар элдин ой- тилегинин, тарыхынын жана маданиятынын үлгүсу...