Кыртыш

Википедия дан

Кыртыш (полякча grunt, немисче grund – түп, негиз) – 1) живопись технологиясында – чаптагыч заттарды ашыкча сиңдирбөө үчүн жана сүрөтчүгө керек болгон түстүк жана өзгөчөлүк касиеттерди бир нерсенин үстүндө сактап калуу максатында атайын кошундунун жука катмарларынын (же кошундунун өзүнүн) бир нерсенин үстүндө, пайдубалында жаткырылышы. К. клейлик, майлуу жана эмульсиялык болуп бөлүнөт. 2) тереңдетилген чекме техникасында – химиялык жол менен металлды ойдуруу процессинде металл тактанын үстүнө иштин алдын ала же бир бөлүгүнө жаткырылуучу кислотага чыдамдуу кошундунун (же кошундунун өзүнүн) катмарлары. Сүрөт тартардын алдында тактанын үстүнө жаткырылуучу ачык түстөгү боёк да К. аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]