Кычкылтек менен дарылоо (оксигенотерапия)

Википедия дан
Кычкылтек менен дарылоо

Кычкылтек менен дарылоо (оксигенотерапия- латын тилинен Oxygenium-"кычкылтек", θεραπεία-"терапия") — дарылоо максатында кычкылтекти жасалма жол менен организмге жиберүү. Кычкылтек менен дарылоо тканда же канда кычкылтек жетишсиз болгондо (катуу кармаган бронхит, өпкөнүн сезгениши, бронх астмасынын пристубу, жүрөк кемтиги, ис уруу. шок, түтөк, гангрена жана башка) колдонулат. Кычкылтек организмге ингаляция жолу менен тери астына, ич көңдөйүнө, ичегиге (мите курттарды чыгарууда) киргизилет. Ооруканаларда кычкылтек менен дарылоо үчүн атайын дем алдыргыч аппараттар (кычкылтек ингалятору, палаткалар), ошондой эле жогорку басымдагы кычкылтек менен дарылоо (Баротерапия) жүргүзүлөт. Ал үчүн медициналык таза кычкылтек колдонулат.
Үй шартында кран менен бекитилүүчү резина түтүгү бар кычкылтек баштыгы колдонулат. Ага 10 лге чейин кычкылтек батат. Кычкылтек баштыгы аптекадан толтурулат. Оорулууга кычкылтекти берүүнүн алдында 3—4 кабат дакини суулап түтүктүн учун ороп, аны оорулуунун оозуна жакындатып, кранды ачып, аны менен кычкылтектин агымы жөнгө салынат. Баштыкта кычкылтек азайса, бош кол менен аны басып чыгаруу керек. Түтүктүн учун колдонуудан мурда дезинфекциялоочу каражат менен аарчуу же кайнатуу зарыл. Балдарды кычкылтек менен дарылоо негизинен кычкылтек палаткасына 2—3 сутка жаткырып же мурдуна катетр киргизип, ингаляция жолу менен жүргүзүлөт. Кычкылтек менен дарылоо врачтын сунушу менен гана жүргүзүлөт. Кычкылтекти ашык берүү коркунуч туудурушу мүмкүн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8