Кыштымдар

Википедия дан

Кыштымдар – 17–18-кылымдарда Саян-Алтай жана Түштүк Сибирдеги кыргыздарга көз каранды уруулар. Саян-Алтайдын капчыгайлары жана кыргыз улустарынын токойлуу тоолуу аймактарындагы Кыштымдар эзилүүчү тапты түзүшкөн. Кыштымдар кыргыз кагандыгынын мезгилинде эле пайда болгон. Орус документтеринде Кыштымдар салык төлөгөн кара таман калк, «табигий кулдар», кыргыздардын «крепостной, укугу жок адамдары» деп жазылган. Кыштымдар кыргыздарга түбөлүк карыз деп эсептелип, аларга талаа мыйзамы боюнча Кыштымдардан бай киш (аң) териси же анын наркындагы салык алынган.

Айрым учурларда салык темир жасалгалары, курал-жарак жана тамак-аш азыктары түрүндө да алынган. Кыштымдар жашаган жерлерге көз арткандарга кыргыздар согуштук жүрүштөр менен айбат көрсөтүшкөн. Кыргыздар бул согуштук кагылышууларда (телеут, бурят, орус ж.б. менен) өздөрүнө көз каранды болгон салык төлөөчүлөргө ээлик кылуусун сактап калышкан. Улустарды жетектеген кыргыз бектери 500–1000дей Кыштымдарга ээлик кылышкан. «Кыштым жерлери» катары Том, Кондом, Мрассу дарыяларынын өрөөндөрүндөгү Кузнецк Ала-Тоосунун тоо токойлуу өрөөндөрү, Түндүк Алтайдын Төлөс көлүнө чейинки аймактар кирген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]