Кыяк

Википедия дан

Кыяк (моңголчо «хуяг») — жоокерлер согушта кийүүчү соот кийим, чарайна. Эпостун көпчүлүк варианттарында кеңири кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаков вариантында Манас менен кыз Сайкал беттешкен эпизоддо Сайкалдын кийимдери төмөндөгүдөй берилген:

Жоого кийчү жарагын,

Баарын кийди карагын.

Карыпчы менен кыягы,

Кыз да болсо капырай

Каармандай сыягы! (Сагымбай Орозбаков, 2. 53).

К. К. Юдахиндин түшүндүрмөсү боюнча К. көкүрөккө (төшкө) кийе турган соот. Ал эми курама варианттагы түшүндүрмөдө К. — «темир тондун бел тарткычы». К. моңгол тилинде — хуяг. 1) калкан, чопкут, соот; 2) соот; 3) соот (чарайна) кийген жоокер деген түшүнүктө берилет. Кыргыз тилинде К. (хуяг) көөнө сөзгө (архаизмге) өткөндүктөн, манасчы анын маанисин сооттон башка жоо кийими катары кабыл алган, башкача айтканда бир эле нерсени эки башка жоо кийим катары түшүндүргөн. Айрым учурда бул эки термин (соот, кыяк) синонимдик мааниде болгондуктан, кош сөз формасында тутумдашып да айтылат. Мисалы, «Чарайна, соот кыягы, чамынган арстан сыягы», «Соот менен кыягын Кабат жарып калканын» (Кол жазмалар фондусу, 1790инв., 1750, 281). Ошондой эле К. деген ат менен бул соот кийимди Түштүк Сибирь чөлкөмүндө турган элдердин оозеки чыгармаларында да кездешет. Мисалы, «куйах» деген якуттардын «Эр соготох» аттуу эпосундагы соот кийимди белгилесе болот. Сөздүн «куяк» деген варианты алтай жана хакас («хуяк») баатырдык эпосунда чагылдырылган. Орус былиналарында да куяк деп темирден жасалган сооттун аталгандыгын белгилей кетүүгө болот. Демек, К-тын Сибирь элдеринин фольклорунда да учураганы кыргыздардын бул элдер менен болгон карым-катнаштарын айгинелеп турат. Бир четинен илгерки кыргыздарда согуш иши жогорку деңгээлде өөрчүгөнүн ырастайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4