Кыяс

Википедия дан

Кыяс (Кыяз) — «Манас» эпостогу негизги каармандардан. «Сейтек» эпосун «Семетейдин» уландысы, «Манастын» корутунду бөлүгү катары таанытып турган салттык терс образдардын бири. К. негизинен «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндө катышса да анын ата жолун жолдоочу катары көтөргөн идеясынын тамыры тереңде. К-тын атасы Толтой Чынкожо менен бирдикте Семетейдин тушунда ногой уруусуна баскынчылык көрсөткөн. Көпчүлүк вариантта Багыштын уулу Толтой (Сагымбай Орозбаков варианты, Саякбай Каралаевдин варианты , Мамбет Чокморовдун варианты жана башкалар) деп берилген бул каармандын теги Манастан бери карай айтылат. К. мына ошол Толтойдун баласы катары өзү тийишип, Семетейден өлүм тапкан атасынын кунун алыш үчүн келет. Атасы Толтой сыяктуу эле К. да көбүнчө бирөөнүн шыкагында жүргөн, кайраты жок каарман катары көрүнөт. Канчоронун жардамы аркылуу кыргыздарга бүлгүн салып, Семетей кайып болот (же өлөт), Айчүрөктү олжолойт. Семетейден биротоло өч алыш үчүн курсакта калган Сейтекти жок кылууга көп аракеттенет. «Семетей» эпосунда Манастын тукумуна зыян келтирүүдөн тарткынчыктап, дээрлик Канчоронун опузасы менен иштесе, «Сейтекте» жеке башынын мансабы үчүн мурдагыдан чечкиндүүрөөк мүнөзгө өтөт. Анын портрети Сагымбай Орозбаков вариантында:

Жалаяк ооз, жар кабак,

Көбүнчө заар, көзү тик,

Көп адамдан сөзү тик,

Кирпиги туман көзү чок,

Кишиден мындай сүрдүү жок — деп тартылып, каардуулугу, айла-амалдуулугу да ушуга шайкештелет.

Патриархалдык-феодалдык мамилелердин ички ыдыроосунан келип чыккан күрөштөрдөй эле К. бүткүл өмүрүн баскынчылык менен өткөрөт. Анын образы да коом менен бирге жаралып, ошого жараша өсүп-өнүгүп отургандыктан кадыресе жердик адам сыңары эле айла-амалдуулук, эки жүздүүлүк өңдүү терс сапаттар менен коштолот. «Кара арстандай чамынып, Ок жыландай күч алып, Араандай оозу ачылып, Өрт аралаш шилекей, Омуроого чачылып, Жаалы катуу көрүнгөн» К. башына күч келгенде өтө басмырт, момун адам боло калат. Айчүрөктүн ачууланганын көргөндө «Билегинен сап кетип, Жүрөгүнөн кан кетип, Кабырга сөөгү сөгүлүп, Катын минбес мал эле, Карасаат чочконун кайыптыгы бар эле» деп тайсалдайт, аялуу Тооторусун берет.

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча К-тын образын дагы тереңдетүү максатында тескери образдарга колдонулуучу даяр ыр түрмөктөрүн жумшап, аны мифтик-жомоктук белгилер менен кеңири жабдыйт. Адатта, алгачкы баатырлык эпостордун эпикалык каармандарынын өзү эле эмес, алардын минген тулпарлары, колдонгон куралдары, кийим-кечеси да магиялык касиетке ээ. Бул бара-бара айрым өзгөрүүгө дуушарланса да байыркы архаикалык белгилер катарында кийинки бөлүмдөрдө салттык мүнөздө сакталып кала берет. К-тын тулпары Тооторуда алтайлыктардын эпосторундагы аттарга кээ бир белгилери боюнча типтешип, өзүнүн ээсинин образын көп жагынан толуктап турат. Айрым учурда ал К-ка караганда акылдуу, күйүп-бышып акыл-насаат айткан жакын досу. Тооторунун өлүмү К-тын биротоло жок болушу. К-тын Сейтек, Күлчоролор тарабынан жазаланышы — элдин эзелтен көксөгөн оптимисттик көз карашынын эпосто көрүнүшү жана жүзөгө ашышы. Сейтек баштаган кыргыз баатырларынын жеңишке жетиши ал турсун К-тын эли тарабынан да кубанычтуу кабыл алынат. Чыккынчы Канчоронун сүрөөнү менен тескери иштерди иштегендиги үчүн аны өз уруусу да колдобойт. Ушунун өзү эле К-тын көпчүлүктүн көңүлүнө тийген терс жагын ого бетер бекемдейт. Ал колго түшүп, өлүм алдында турса да, өлгөндөн кийин да кандайдыр бир жаманчылык жасап калуудан кайра тартпайт. К-ты Күлчоро өлтүрө турган болгондо андан көп кыйнабай өлтүрүүсүн суранып, «Ичимди жарып, өтүм дү ал, жүрөгүмдү алып жүрөгүңө бас, ичегимди алып белиңе курчан, мындан да эр жүрөк болуп каласың», — деп сунуш кылат. Бирок Күлчоро анын айтканынан тескерисинче ичегисин терекке орой салса, терек кыйылат (Жакшылык Сарыковдун вариантында), К-тын арам ою да бир жолу ашкереленет. Ошентип, К-ка байланыштуу окуялардагы жомоктук мотивдердин басымдуулугу элдик фантастикадан бүткөн ушундай терс каармандар менен аларды жеңген элдик баатырлардын ортосундагы айырмачылыкты ачык көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4