Күндүзгү алгыр куштар

Википедия дан
Falco amurensis.

Күндүзгү алгыр куштар (лат. Falconiformes) - кадимки куштар (Neognathae байыркы грек. νέος — «жаңы», бай. грек. γνάθος — «тумшук») түркүмүнө кирген алгыр куштардын бир тукуму.

Классификациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул түркүмгө төрт тукум куштар кирет:

Мурун бул түркүмгө америкалык тазгаралар (Cathartidae) дагы киргизилчү, азыр алар куназ сымалдуулар тукумуна киргизилет же өз алдынча тукум катары көргөзүлүшөт. Күндүзгү алгыр куштардын баары эле тууган эмес, бирок алардын бир жалпы атасы болгон деген гипотеза бар. Алардын келип чыгыш түбү ар кандай болуп, бирок жалпы мүнөздүү белгилердин калыптанганы (конвергенция) божомолдонот. Бул гипотеза шумкар сымалдуулар тоту куштарга жана таранчы сымалдууларга башка куштарга караганда жакындыгын көргөзгөн ар кыл куштардын генетикалык изилдөөлөрүнүн маалыматтарына таянат. Ошол эле изилдөөлөргө ылайык карчыга сымалдуулар, бүркүттурналар жана бакачылар бир таксонду түзүшөт жана аларга америка тазгаралары жакын.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. (en) A Phylogenomic Study of Birds Reveals Their Evolutionary History