Күчлүк хан

Википедия дан

КҮЧЛҮК ХАН, – 13-кылымдын башындагы түрк–моңгол элдеринин Түндүк–Батыш Моңголия жана Алтайды жердеген найман уруусунун бийлик ээсинин уулу, ханзаада.
«Сегизи», «ас сегизи» терминдери «сегиз уруунун башчысы» дегенди туюнтат.
«Найман» - моңгол тилинен «сегиз» маанисинде которулат.
1208-жылы меркит, найман уруулары Чыңгыз хан тарабынан талкаланган соң, наймандардын бир бөлүгүн Күчлүк хан ээрчитип, Теңир-Тоо аймагына баш калкалап келген.
Кара-кытайлардын гурханына баш ийип, бат эле күч топтойт да, 1210-жылы Өзгөнгө кол салат. Жетисуу жана Иледеги карлуктар наймандарды колдоп, кара кытайларга каршы чыгышкан.
Күчтөнгөн Күчлүк хан 1211–18 жылдары кара кытайларды башкарып, таасирин чыңдоо максатында кара кытайлардын кийимин кийип, үрп-адатын, динин кабыл алган.
Күчлүк хан башкарган мезгил чегараны коргоо, кеңейтүү максатында тынымсыз согуштар менен өткөн. Чыгыш Түркстандагы мусулман калкына кысым көрсөтүп, зомбулук кылган.
1218-жылы Жэбе нойон баштаган моңгол кошууну Күчлүк хандын ээлигине басып киргенде (Алмалык, Баласагын, Кашгар ж.б.), Чыгыш Түркстандын мусулман калкы Күчлүк ханга каршы согушкан.
Баш паана издеп качкан, Күчлүк хан Бадахшан аймагында 1218-жылы чыккынчылык менен өлтүрүлгөн жана анын мамлекети кулаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003