Көкөмерен

Википедия дан

Көкөмерен (көк жана моңголчо мөрөн — суу; көк суу) — Жумгал районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарын дарыясынын оң куймасы. Жалпы узундугу 199 км, алабынын аянты 10400 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2800 м. Суусамыр менен Батыш Каракол сууларынын кошулган жеринен К. аталат. Ири куймалары: Муз-Төр, Жаман-Эчки, Ак-Суу, Жоо-Жүрөк, Ой-Кайың, Көбүк-Суу, Жумгал, Миң-Куш. Мындан тышкары 100дөн ашык майда куймалары бар. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Көп жылдык орточо чыгымы 102 м3/сек; эң көбү июнда (996 м3/сек), азы мартта (29,7 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Октябрь—ноябрда тоңо баштап, март—апрелде муздан арылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызыл-Ой, Арал, Сары- Булуң, Өрнөк кыштагы орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]