Көкөтөй

Википедия дан

Көкөтөй«Манас» эпосундагы каарман, кыргыздын ичинен чыккан эң бай жана өтө узак жашаган (кээ бир варианттарда 190 жашка чыгып өлөт) кадырлуу карыя адам. Ташкент тараптагы кыргыздардын башчысы, айрым варианттарда «түн түшкөн калың» ногойдун каны деп да айтылат. Сагымбай Орозбаковдо Манас Ташкенди кытайдын баскынчы каны Панустан бошоткондо К. кол курап Манаска жардамга келгенин эсепке албаганда, башка орчундуу окуяларга катышпайт. К. негизинен ага арналып өткөрүлгөн аш аркылуу кеңири белгилүү (к. Көкөтөйдүн ашы). Б. М. Юнусалиев «Көкөтөйдүн ашы» алгач кыргыздарга мүнөздүү аш берүү салтына арналган өзүнчө поэма болушу мүмкүн деп эсептейт. Элдин үрп-адаты кеңири сүрөттөлгөн этнографиялык мазмундагы поэмага кырк чоролуу Манастын кейипкер катары киргизилиши менен ал баатырдык эпопеянын бир чоң эпизодуна айланып кеткен. Мурунку этнографиялык эпизоддорго Кошой менен Жолойдун күрөшү, Манас менен Коңурбайдын беттешүүсү сыяктуу көрүнүштөр кошулган. Ал жекеме-жекелердин аягы чоң согушка айланып, «Көкөтөйдүн ашы чоң чатактын башы» болуп, поэма баатырдык мүнөзгө ээ болгондугун белгилейт.

Лингвистикалык изилдөөлөрдө бир катар түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында жолуккан «Көкөтөй» (фонетикалык варианттарында Көгүдөй) шамандык диндеги байыркы түрк-моңгол элдеринин эң башкы кудайы Көкөтеңирдин атына байланыштырылат. Буга караганда, балким поэманын алгачкы башаты байыркы кыргыздардын Көккө тайынуусуна — ар кыл уруулар баш кошуп өткөргөн чоң майрамына байланыштуу жаралган. Кыргыздарга жакын тектеш эл кийинки учурларга чейин шаман динин тутуп келген хакастарда Көккө тайынуу 20-кылымдын башы ченге чейин сакталып келген. Бул салт алтайлыктарда да болгон. Мусулман динине өткөн кыргыздарда бара-бара унутулуу менен анын аталышы, — Көкө той реалдуу адамдын аты катары интерпретациялана баштаган. Мындай өзгөрүүнүн издерин эпостун ыр саптарынан жолуктурууга болот. Мисалы, көп учурларда К-гө берилген аш делбестен, ага арналган улуу той катары айтылат. "Манас" эпосунда К-дү реалдуу адам катары сүрөттөө эл ичинде белгилүү айрым тарыхый инсандарды ага прототип кылып алууга шарт түзүп, каармандын образына жаңы катмарлар киргизилген. Манас изилдөөчү Э. Абдылдаевдин иликтөөсү боюнча мындай инсандын бири 16—17-кылымдын аралыгында жашаган, багыш уруусунан чыккан Көкүм бий Карачорин болгон. Ал кыргыз урууларын баш коштуруп, Түркстандагы ошол кездеги тарыхый окуялардын жүрүшүндө активдүү роль ойногону айрым тарыхый булактардан, элдик санжыралардан белгилүү. Элдик санжыра боюнча Казак каны «эңчегер» бойлуу эр Эшим Көк-Дөбө деген жерге казак-кыргыз бийлерин чогултуп жыйын куруп, кан Турсундан мурдагы өздөрүнө таандык Ташкенди кайрып алууну сунуш кылат. Ал сунуш кабыл алынат. Согушта кан Турсун каза таап, аскери талкаланат. Эшим кандын буйругу боюнча кыргыз урууларын баштап келген Көкүм бий менен казактын улуу жүзүнүн бийи Байтик экөө бирдикте он эки капкалуу Ташкенди башкарып турушат. Көкүм каза болгондо Эшим кан ага арнап көк күмбөз салдырат (Кол жазмалар фондусу, 1165-инв., 264—267-6; 191-инв., 180—181-б.). Эшим кандын тушунда (1598 —1645) кыргыз, казак баш кошуп турушканын, алар биргелешип Ташкенди каратышканын тарыхый даректер да ырастайт. Бул тарыхый окуя эпостогу Ташкенди башкарып турган Нускан дөөнүн уулу Панускан менен болгон согушта К. колу менен келип, Манаска жардам бергени үчүн Ташкенге кан көтөрүлгөндүгү эпикалык окуянын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Эпикалык каарманга аталган тарыхый инсан прототип болуп катмарланганы: «Башкарганы канча жан Панустун орду Көкөкан», «Акырет кеткен Көкүм-кан Наалып калган канча жан», «Көкүм деп, Көкүм деген ураан бар» деген сүрөттөөлөрдөн да көрүүгө болот. Багыш уруусунан чыккан Көкүмдүн эпостук каарманга прототип болуп катмарланганын көпчүлүк варианттарда «Көкөтөйдүн ашы» Багыштын уулу Толтой өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалышы да кайсы бир деңгээлде ырастайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4