Көкөтөйдүн ашы

Википедия дан

Көкөтөйдүн ашы «Манас» эпосундагы салттык туруктуу окуялардын өзгөчө кеңири белгилүүсү. Эпизод эл арасында кеңири тарагандыктан ар түрдүү вариациясы көп жолугат. Чыгарманын окуяларынын өнүгүш нугунда манасчылардын ою боюнча бул бөлүм өзгөчө маанилүү чоң окуянын — «Чоң казаттын» башталышына себеп болгон түйүн. Ошон үчүн «Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы» делет.

Бөлүмдүн мазмуну кыргыз элиндеги адам өлүмүнө, аны коюу, эскерүүгө байланышкан салттык расмилерди ирети менен баштан-аяк баяндоого арналган.

Эпостун сюжеттик жалпы өнүгүшүнө бөлүмдүн логикалык орду «Манаста», болгондо да «Чоң казаттын» алдында. Эпостун белгилүү варианттарынын баарында дээрлик «Чоң казаттын» негизги себеби катары «Көкөтөйдүн ашындагы» окуялар көрсөтүлөт. Бирок жалпы кабыл алынган салт боюнча бул чоң бөлүм адатта «Семетейде» айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантынан эпосту жазуу учурунда манасчы эпизодду анын логикалык ордуна алып келип жаздырган. Манасчы бул бөлүмдү мурда башка айтуучулар сыяктуу эле «Семетейде» айтканы күмөнсүз. Буга эпизоддун башталышында «Семетейге» тиешелүү маалыматтар берилгенинен, «Манаста» али туула элек каармандардын аттары окуяга катышкан адам катары эскертилгендигинен да көрүүгө болот. Мындай корутундуга келүүгө манасчылардын көбү (Саякбай, Шапак, Тоголок Молдо, Молдобасан, Багыш) эпосту эл алдында айтканда Көкөтөйдүн ашын аткарбай эле “Чоң казаттын» башталышын ашка түздөн-түз байланыштырып айтышы да түрткү болот. Радлов жазып алган вариантта «Көкөтөйдүн ашы» «Бокмурун» деген ат менен эпостогу төртүнчү окуя катары берилет. Бирок, ал чыгарманы китеп катары жарыялаганда окуяларды уккан жана жазып алган иретте эмес, өзү туура деп эсептеген түрдө жайгаштырган. Ал жөнүндө окумуштуу кириш сөздө атайын эскертет. Демек, 1885-ж. жарык көргөн тексттердин иретин эпостун кабыл алынган салттык нугу дешке болбойт.

1968-ж. Саякбайдан эпосту магнит тасмасына жаздырганда манасчы «Көкөтөйдүн ашын» мурдагы салт боюнча «Семетейде» айтпастан, аны окуялардын өнүгүшүнүн логикалык ордуна, «Чоң казаттын» алдында айткан. Буга караганда «Манас» эпосунун сюжеттик курулушу али такталып бүтө электигин, айтуучулар өзгөчө зарыл учурда ага айрым тактоолор киргизиши мүмкүн экендигин көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4